Бишкек — Кубакы жолу. 2015-жыл июль айы. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстанда акы төлөнчү авто жолдор пайда болушу мүмкүн. Мындай мыйзам долбоорун Транспорт министрлиги даярдап жатат. «Клооп» бийлик эмне үчүн акы төлөнчү жолдорду киргизгени атканын жана бул демилгеге каршылар эмне деп ойлоп жатышканын айтып берет.

Мыйзам долбооруна ылайык, акы алуу тартиби Кубакы ашуусундагы авто жолдон башталышы ыктымал. Ал Кытай чек арасына алып барган Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна караштуу.

Транспорт министрлигинин сунушу боюнча, жеңил машиналардын айдоочулары бир киллометр үчүн 56 тыйын, ал эми оор жүк унаалардын айдоочулары автоунаанын көлөмү менен салмагына жараша 2 сомдон 14 сомго чейин төлөшөт.

Транспорт министрлинин кеңешчилер тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаев жол акысы автоматтык түрдө алынаарын «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

«Кайсы жолдорго, автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керек деген нормаларды карап жатабыз. Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Ал эми Бишкек-Ош сыяктуу эки чийиндүү жолдорго оор жүк ташуучу автоунаалар гана төлөшү керек деп сунуш киргиздик», — деп түшүндүрдү ал.

Кайынбаев кошумчалагандай, бийлик Кубакы ашуусу аркылуу өткөн жолдон акы алууну чечкен, анткени бул участкада «акысыз альтернативалуу жол» бар. Төлөгүсү келбегендер Балыкчы шаары аркылуу айланып өтсө болот.

Эмне үчүн Транспорт министрлиги жолдордон акы акылгысы келүүдө?

Министрликтегилер республикалык бюджет Кыргызстандагы бар жолдорду калыбына келтирип, оңдоп түзөй албасытыгын айтышууда. Ведеомствонун маалыматына ылайык, мамлекет жолдорду оңдоо үчүн жыл сайын 3-3,5 млрд сом бөлөт. Бирок бул муктаждыктар үчүн 10 миллиард сомго чукул акча керек.

Транспорт министрлиги жолдордон акы алуу менен республикалык бюджетке келип аткан жүктү жеңилдеткиси келет: акы төлөнчү жолдордон түшкөн каражатты аларды оңдоого жана жакшыртууга жумшашат. Бирок ведомствонун эсебине ылайык, бул каражаттар жалпы муктаждыктын болгону 50 пайызын гана камсыздай алат. Министрлик баары бир эле республикалык бюджетке кайрылууга аргасыз болот.

Акы төлөнчү жолдорду киргизүүнүн экинчи себеби — бул Кыргызстан өлкөнүн ири жолдорун оңдоого же калыбына келтирүүгө алган карыздары. «Кыргыз Республикасы автоунаа жолдорун оңдоого мындан ары (льготалык болсо да) насыяларды ала албайт жана алганга чамасы жок», — деп айтышууда министрликтен.

«Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу 2014-жылы майда башталган. Аны 2023-жылы бүтүрүүнү пландашууда, жолдун жалпы баасы 850 млн долларды түзөт. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Кыргызстанда насыя акчаларына кайсы жолдор калыбына келтирилген же курулган?

Ири жолдордун ичинен: Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркечтам жана Ош-Баткен-Исфана. Аларды калыбына келтирүүгө 2,5 млн доллар кеткен. Долбоор үчүн ар бир насыя жеке келишимдер жана ар кандай пайыздар менен алынган.

Транспорт министрлигинин учурда ишке ашырып жаткан эң кымбат долбоору — бул «Түндүк-Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу. Ал Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарынын ортосунда жаңы транспорттук артерия болуп калат. Ал (эки чийиндүү Бишкек-Ош жолуна караганда) төрт чийиндүү болуп, аймактардын ортосундагы транзиттин убактысын кыскартууга өбөлгө түзөт.

Ведомствонун баасы боюнча, бул жолдун жалпы баасы 850 млн долларды түзөт. Бийлик курулуштун көпчүлүк бөлүгүн каржылап берүүгө макул болгон Кытайдын Эксимбанкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашкан. Бирок долбоордо каржылана элек айрым участоктор бар, ага кыргыз бийлиги инвестиция издөөнү улантууда.

Министрлик жолду 2023-жылы эксплуатацияга берүүнү пландап жатат.

Нарын облусундагы Көкөмөрөн дайрасы аркылуу өткөн көпүрө. 2013-жыл октябрь айы. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Акы төлөнчү жолдорго кимдер макул, кимдер каршы?

Акы төлөнчү жолдорду киргизүүгө автоунааларды ижарага алып айдагандардын республикалык коомдук бирикмесинин төрагасы Баатырбек Дуланов каршы чыгууда. Ал бийликтин демилгеси колдоо табаарына күмөн санайт.

«Элдин аң-сезими бул кадамга [акы төлөнчү жолго] жете элек. Бул кайсы бир аткаминердин эле демилгеси деп ойлойм. “Ушуну жасайлы, мындан акча түшөт” деп. Бул жөн гана полулисттик идея. Эгер бул мыйзам күчүнө кирип иштей баштаса, эл жолду бууп митинг кыла баштайт», — дейт Дуланов.

Ал эми депутат Абдывахап Нурбаев башкача ойдо. Анын пикири боюнча, Кыргызстанга акы төлөнчү жолдор керек, себеби бул дүйнөлүк тажрыйба.

«Жолдордун кызмат кылуу кепилдиги узарат, сапаты жакшырат жана сырттан карыз алуу азаят, анткени биздин мамлекетибиздин буга чейинки тышкы карыздарынын бардыгы жолго жана энергетика тармагына кетип жатпайбы. Ошондуктан бул мамлекетке пайдалуу болот», — деди Нурбаев.

Жолдордон акы алуу — бул мыйзамдуубу?

Ооба. Кыргызстанда акы алынчу жолдорду түптөөгө уруксат берилген. Бирок эгерде ага акысыз альтернатива бар болсо гана.

Ошого карабастан Транспорт министрлиги бул талапты алып салууну сунуштап жатат, себеби өлкөдө бирөөсүн акысыз пайдаланууга калтырып коё тургудай ар бир жолго альтернатива жок.

«Бизде альтернативалуу жолдор жетишсиз, анткени жолдордун көпчүлүгү тоолу аймактардан өтөт. Ар бир жол үчүн альтернативалуу жол курууга каржылоо да жок», — деп түшүндүрдү министрликтин басма сөз кызматы.