Ош шаарындагы Төлөйкөн ат майданында маркум жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Ага өлкөнүн жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышып, жалпы байге фонду 2 млн сомду түздү.

Алты күн мурда башталган чемпионаттын финалдык таймашында президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов катышты.

Көк бөрү боюнча жыйынтыктоочу оюнда Чүй облусу 1-орунду багындыруу менен 500 миң сом сыйлыкка ээ болду. 2-орунду Ысык-Көл облусу алып, 250 миң сомго татыды. 3-орунду ээлеген Талас командасы 100 миң сом утса, 4-орунду алган Ош облусу 80 миң сом акча каражаты менен сыйланды.

Мыкты оюнчу номинациясын Чүй командасынан Султан Кубаныч уулу алып, ага 10 миң сом тапшырылды. Ушундай эле байге мыкты деп табылган Ысык-Көл командасынын «Золотой» аргымагынын ээсине берилди.

Ал эми ат, тай, кунан жана жорго чабышта аргымактар эң узагы 20 километрге чуркады. Эр эңиште болсо 60 килограммдан 90 килограмм салмакка чейинки жана андан оор салмактагы балбандар күч сынашты. 1, 2, 3-орунду ээлеген спортчуларга медаль, диплом жана баалуу белектер берилип, спорт чебери деген наам ыйгарылды.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өлкө боюнча 2017-жылдын 12-декабрынан бери белгиленүүдө. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак.

Автору: Нуржайна Октяброва
Редактору: Гүлжан Эшбаева
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу