Профессор Нурлан Наматов — оңой-олтоң болбогон жана абдан маанилүү экстремизм темасында эксперт. Анын ой-пикирин өз макалалары үчүн көптөгөн белгилүү кыргыз басылмалары алышкан. Мисалы алардын арасында «Азаттык», «Азыркы учур», «24.kg» жана «Кактус Медиа» сайттары бар.
Саясий-укуктук изилдөө борбору (СУИБ) да Наматовду өз сайтында эксперт катары көрсөтөт. Профессор СУИБдин «Исламдын светтик Кыргызстандагы ролу» талкуусунун бирине катышкан.
Наматов өзүнүн профессионалдык аброюн толгон-токой сый белгилер менен бекемдейт. Анын сайты толугу менен сыйлыктарына арналган. Алар үчүн Наматовдун фейсбук барагында атайын өзүнчө альбом ачылып, ал сыйлыктары тууралуу ар кандай басылмалар менен журналдарга курган маегинде айтып берет.
Бирок анын эксперттик имиджи калп маалыматтын негизинде түптөлгөн. Наматов олуттуу угулган медалдарынын жана наамдарынын жардамы менен компетенттүү адам катары таасир калтырат.
Албетте, мындай жол менен калп айтууга мыйзам тыюу салбайт, бирок Наматовдун «ардактуу профессор» деген образы менен эксперттик комментарийлери анын сөзүнө ишенген коомчулукту жолдон адаштырат.
Келгиле «күжүрмөн командор» Нурлан Наматовдун имиджинде эмнелер окшошпой калганын карап көрөлү.
«Ардактуу профессор»
2017-жылы жайында «Спутник» басылмасы Нурлан Наматовдун интервьюсун жарыялаган. Ал журналист Светлана Федотовага курган маегинде өзүнүн сыйлыктары тууралуу жана профессионалдык жактан эл аралык атак-даңкка татыганын айтып берген. Алардын толук тизмеси анын сайтында жеткиликтүү жана төмөндөгүчө:
- Саясий илимдердин доктору;
- Карлос Албицу Майами университетинин ардактуу профессору;
- Коста Рикадагы Борбор Америка институтунун Азия-Тынч океан таануу бөлүмүнүн укук тармагындагы профессору;
- Мадриддеги Комплутенсе университетинин профессору;
- Эл аралык глобалдык изилдөө академиясынын учурдагы мүчөсү;
- Улуу Британия менен Ирландиянын Падышалык Азия коомунун мүчөсү;
- Париждеги Азия коомунун мүчөсү;
- Нетлен Плащаница жана Грузиянын Бүркүтү Орденинин Күжүрмөн командору;
- АКШнын президенттик Ыктыярчы медалынын, ардак грамотанын жана президент Барак Обаманын ыраазычылык катынын ээси;
- Де Франс Колледжинин конок лектору;
- Орусиянын тынчтык орнотуучу ардагерлеринин «БУУнун тынчтык орнотуу операцияларына 60 жыл» медалынын ээси;
- Европанын илимий өнөр жай консорциумунун Оливер Кромвель атындагы медалдын ээси;
- БУУнун Тынчтык университетинин укук профессорунун мантиясынын жана ардак белгисинин ээси.
«Спутник» өзү Наматовду мындайча тааныштырат: «Нурлан Наматовдун китептерин Европанын мыкты университеттериндеги студенттер окушат, ал Испаниянын падышасынын алдында баш кийимин чечпей деле коё алат, ал эми Улуу Британиянын ханышасы жеке өзү аны FRASтын (Бириккен Падышалыктагы Азия коомунун мүчөсү) катарына алынганын жазган».
Андан тышкары, Наматов АКШ, Испания, Коста Рика университеттеринин, ал тургай Франциянын Падышалык колледжинин ардактуу профессору экенин айтып берген.
Нобел сыйлыгынын болочоктогу ээлери билим алган Франциянын байыркы окуу жайларынын бири, тагыраагы Франциянын Падышалык колледжинде лектор болуу — чындыгында эле ардактуу.
Ошондуктан «Клооптун» редакциясы француз журналисти Мари-Аликс Детриден колледжге Наматов тууралуу эмне белгилүү экенин билип берүүнү суранды. Окуу жайдан билдиришкендей, андай адамды билишпейт жана ал колледжде эч качан сабак өткөн эмес.
Наматовдун түшүндүрмөсү: «Мен Парижге лекция окуганы бара албай калгам, анткени сапарды өз алдымча төлөөгө туура келип калмак».
XV кылымда негизделген Испаниянын байыркы окуу жайы Мадрид Комплутенсе университети менен биргеликте Наматов изилдөө жүргүзгөндөй болгону менен бирок ал эмне жөнүндө экенин айткан жок. Университеттин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын кадрдык базасында «Нурлан Маматовдун ысымы жок».
Наматов: «Андай болушу мүмкүн эмес. Балким, [университет өтө эле чоң]. Чындыгында андай диплом [ардактуу профессор] бар, мен аны ойлоп тапкан жокмун».
Наматов «Клооптун» журналистинин өтүнүчү менен ардактуу профессор наамы ыйгарылган салтанатты сүрөттөп берди:
«Ал жерде үч профессор чогулуп, алар жалпы чогулушта коллегиалдык түрдө диплом ыйгарылчу адамды чакырышат. Ал лекция окуйт, ага кол чабышат, андан кийин мантия [беришет], ушул сыктуу», — деп айтып берди Наматов.
Андан кийин журналист менен Наматовдун ортосунда төмөндөгү маектешүү болду:
— Бул сиздин учурда кандай болгон?
— Силер билесиңерби… мен силерге интервью бербей эле койсом болобу?
(Натыйжада журналист баары бир эле аны маекти улантууга көндүрүп, ал «Клоопко» телефондон айткан сөздөрүн келтирүүгө макулдук берди).
Наматовдун карьерасы АКШны да айланып өткөн эмес. Анын айтымында, ал Майамидеги Карлос Албицу жеке менчик университетинин «жөнөкөй» профессору болгон. Бирок университеттин сайтынан анын ысымын издөө дагы эч кандай жыйынтык берген жок. Андан тышкары, анын ысымы профессорлордун да тизмесинде жок. Материал жарык көрүп атканда окуу жайдын администрациясынан «Клооптун» сурамына жооп келе элек болчу.
Наматов: «Эгер чынында эле мен сайтта жок болсом, анда бул, албетте, мени кабатыр кылат. Менин оюмча, [бул] туура эмес, мен алардын сайтында болсом керек эле».
Коста Рикадагы Борбор Америка институтунун Азия-Тынч океан таануу бөлүмү — бул Наматов ардактуу профессор наамын алган болушу ыктымал дагы бир окуу жай. Интернетте бул университеттин сайты бар, бирок ал жакта маалымат кыйла аз. Мисалы, ал сайтта акыркы жолу 2015-жылы маалымат чыккан. Бирок бул да эч нерсе эмес.
Потенциалдуу абитуриенттер «билим алуу үчүн билдирмени» сайттын барактарынын биринде тапшыра алышат. Ал жакта «кабыл алуу комиссиясынын башчысы» Жессика Лангелдин кайрылуусу жарыяланган. Ал жерде төмөндөгүлөр айтылат: «Мен параграф. Мени редакциялап, өз текстиңерди кошуш үчүн бул жерди баскыла».
«Жессика Лангелдин» сүрөтүн Google сайтынан издегенде колуна папка кармаган аялдын сүрөтү чыгат — аны көптөгөн сайттарда кездештирсе болот.
Наматов: «Мен ал жакта канча студент билим алаарын, канчалык [университет] чоң экендигине жооп берүүдөн кыйналып турам. Алар чакырышкан, бирок ал жакка барып келүү көйгөйлүү, анткени мен өзүм төлөшүм керек. [...] Мен ал жакка лекциялар менен барып турсам болот, бирок ал жакта жеке өзүмдүн болушум зарыл деле эмес».
Андан тышкары, Наматов бул университет «БУУнун Академиялык программасына» кирет деп айтууда, бирок БУУда мындай программа жок. Балким эксперт аны башка программа, «БУУнун академиялык таасири», менен алмаштырып алса керек, бирок ал жакка да жогоруда белгиленген институт кирбейт.
Наматов: «Мен (бул университеттеги) профессорлорго ишенем жана алар мени сатып коюшту деп ойлобойм. Алар мага бул универститет БУУнун Академиялык программасына кирээрин айтышкан, а мен болсо ошону жазып койдум».
Париждеги Азия коому, Улуу Британия менен Ирландиянын Падышалык Азия коому, Эл аралык глобалдык изилдөө академиясы — эксперт Нурлан Маматов бери эле дегенде мүчө экендигин айткан уюмдар.
«Клооптун» журналисти Улуу Британия менен Ирландиянын Падышалык Азия коомуна кайрылып, ал жактан Наматов чындыгында эле алардын мүчөсү экендигин такташтырып көрдү. «Биздин коом Азия маданияты менен тарыхына кызыккан ар бир адамга ачык», — деп жооп беришти уюмдан.
Ага кирүүнү каалагандар анкета толтуруп, аны бир айлык кароого жөнөтүшү керек. Анкета жактырылган соң алар уюмга мүчөлүк акы төлөшү керек. Мисалы, Борбор Азиянын жашоочулары үчүн уюмга кирүүнүн наркы 45 фунт стерлингди (4 миң сомду) түзөт.
Наматов: «Кирүүдө [уюмга] мен үчүн үч адам кепил болгон. Кимдер экенин айта албайм. [...] Эмне үчүн мени алышканын, менимче, алар үчүн жооп бергеним туура эмес болуп калат. Алар эмне үчүн ошондой чечим кабыл алышканын айтып бере албайм».
Эксперттин айтымында, дал ушундай эле схема боюнча аны Париждеги Азия коомуна кабыл алышкан. Чынында ал кайсыл эмгеги үчүн экенин айткан жок.
2016-жылы ал Москвада Эл аралык глобалдык изилдөө академиясына кирген. Анын айтымында, бул Москванын мамлекеттик университетинде (ММУ) жайгашкан «жакында эле негизделген уюм».
«Алардын кайсы бир сайты бар. Эгер “глобалдык изилдөө” деп терсең, мен билем, 44-номерде мекендешибиз [Кыргызстандын тунгуч президенти] Аскар Акаев, ал эми 43-номерде мен турам», — деди Наматов.
Анын айтымында, ал Эл аралык глобалдык изилдөө академиясында ММУнун жана Москванын мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессорлорунун алдында экстремизм жөнүндө лекция окуган, бирок ал качан болгонун так айткан жок.
«Мен кетип калгам, ал эми бир айдан кийин илимий жыйын мага Эл аралык глобалдык изилдөө академиясынын мүчөлүгүн берүүнү чечти», — деди Наматов.
Илимий диссертацияларда плагиат издеген Орусиянын «Диссернет» долбоорунун тең түзүүчүсү Андрей Заякин Эл аралык изилдөө академиясынын бардык төрт негиздөөчүсү тең ММУда иштээрин «Клооптун» журналистине түшүндүрүп берди.
«Ильиндин жакын үзөңгүлөшү [Эл аралык глобалдык изилдөө академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири] жана анын орун басары — алар “Диссернеттин” биринчи курмандыктары болгон. Ошондуктан бул жерде плагиатордун үстүндө плагиатор отуруп алып, плагиаторду жумшап жатат», — деди ал.
Эл аралык глобалдык изилдөө академиясы 2014-жылы түзүлүп, бирок 2017-жылы май айында бул уюм ишмердигин токтоткон. Ал эми анын сайты кирген окурманды порнонун жарнамасына жетелейт. Ал эми Наматов өзү буга эч кандай комментарий берген жок.
«Сыйлык эмгек үчүн берилет»
«Канчалык кыжырды келтиргендей угулса да, бирок сыйлык эмгек үчүн берилет», — деп билдирген Наматов 2015-жылы. Анда Наматовдо АКШнын президенти Барак Обамадан President’s Volunteer Service Award (PVSA) сыйлыгы пайда болгон. Эксперт «Клооптун» журналистине аны эмне үчүн алганын түшүндүрүп бере алган жок.
Наматов: «Балким, алар [мени сыйлоо] туура болот деп эсептешсе керек. Обаманын ыраазычылык катында кадимкидей эле кайрылуу бар. Мени расмий бөлүгүнө чакырышканы менен барган жокмун. Ишенимдүү адамым бар, мага ошол билдирген».
Ал эми «Спутникке» Наматов сыйлыкты ага «китеп үчүн» беришкенин айтып, бирок бир да китептин атын атаган эмес.
Андай сыйлык чынында эле бар. Бирок анын расмий сайтында так эле ошондой көчүрмөсүн буйрутма менен алса болот. Наматов алган сыйлык (белги, диплом жана АКШнын президентинин атынан кат) ал жакта 6,25 доллар турат — бул 430 сомго чукул акча.
Наматов: «Чынын айтканда, сиздин суроолор мени оңтойсуз кылып атат. Мен таптакыр эле эч нерсе жөнүндө интервью бергим келбейт эле».
Наматовдо Оливер Кромвелдин да медалы бар. Анын айтымында, ал медалды «саясий жана илимий жашоого олуттуу салым кошкону» үчүн алган. Мындай медалдар чынында эле бар, бирок аларды аукциондон сатып алса болот. Баалары 50дөн 550 фунт стерлингге чейин (4,5 миң сомдон 50 миң сомго чейин) турат.
Наматов: «Оливер Кромвелдин медалы канчалык мыкты же мыкты эместигин айтпай эле коёюн. Бирок, менимче, аны мага Орусиянын табигый илимдер академиясы берген. Көп болду. Мен [аны] Москвадан алгам».
Наматов 2015-жылы OneMag журналына курган маегинде бул сыйлыкты Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигинен алганын айткан. «Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги андай медалды чыгарган эмес, демек сыйлык ыйгарылган эмес», — деп жооп беришти ал жактан «Клооптун» журналистине.
Наматов дагы бир сыйлыгы тууралуу өз интервьюларында анчейин көп деле айта бербейт, бирок аны өз сайтында эмгектеринин катарына кошот. Ал ырастагандай, «БУУнун тынчтык орнотуучу ардагерлеринин орусиялык уюму» аны «Жакынкы Чыгышта тынчтыкты жана коопсуздукту орнотууга кошкон салымы үчүн» «БУУнун тынчтык орнотуу уюмунун операцияларына 60 жыл медалы» менен сыйлаган.
Наматов: «Мен ал сыйлыкка кандай караарымды силер билесиңерби? Сыйлык деген сыйлык. Бул коомдук уюм, ал мени кандайдыр бир белгилептир, мен абдан ыраазы болуп калдым. Ошол, ошону менен бүттү».
БУУнун тынчтык орнотуучу ардагерлеринин Орусиядагы аймактар аралык коомдук уюмунун президенти Сергей Лавров Наматовдун бул медал менен сыйланганын тастыктап бере алган жок: «Биз андай медал чыгарган эмеспиз жана андай адамды сыйлаган эмеспиз», — деди ал «Клооптун» журналисти менен жазышууда.
Бирок ошентсе да андай медалдын өзү бар. Бирок аны башка уюм, тагыраагы тынчтык орнотуу музейи негиздеген. Музейдин башчысы Валерий Гергель аны «ар бир жаран жана ар бир уюм» ала алаарын «Клооптун» журналистине билдирди. Наматов чындыгында эле аны өзү музейден сурап алыптыр.
Наматов: «Аты жөнүн туура эмес айтып алышым мүмкүн, бирок, менимче, алардын президенти Гарагуля беле же дагы кимдир бирөө. Анын аты-жөнү бир башкача болчу».
Китеп жазуу Наматовго кирешеден тышкары, сыйлыктарды да алып келет. Кайсы бир китептердин бирин чыгаруу үчүн (кайсы экени көрсөтүлгөн эмес) ал «Испаниянын падышасынын кол алдындагыларынын армигерлер коомунун сыйакысы» менен сыйланган.
Баарынан да кеп испан гералдикасын изилдеген коммерциялык эмес уюм жөнүндө болуп атышы мүмкүн. (Ал Исаниянын падышасынын кол алдындагыларга тиешеси бар-жогу түшүнүксүз.) Наматов кай жактан, качан жана кантип «армигерлер коомунан» сыйлык алганын айтып берген жок.
Наматов: «Мен ал жакта жок болчумун, ал эми сыйлыкты ишенимдүү адамым алган».
Ошондой эле, Наматов өзүнө күжүрмөн командор наамы ыйгарылганын, бирок кайсы өлкөдө, качан жана кандайча болгонуна жооп бербеди.
Наматов: «Эгер билсеңер, мага бул күжүрмөн орденин беришкенине өзүм өкүнө баштадым. Бирок бул суроону кайра эле өздөрүнөн эмне үчүн мага беришкенин сураган оң. Мен күжүрмөн командор болгонго татыктуумунбу же жокпу деп сураган оң алардан. [...] Ал менде да бар, бул илимий, мамлекеттик же коомдук сыйлык эмес. Мен ал үчүн жеңилдиктерди албайм».
Анда «Нетлен Плащаница менен Грузиянын Бүркүтү Ордени» да бар. Бул Грузин Падышалык Үйүнүн династиялык сыйлыгы — бул 1841-жылы өлкөдө биротоло бийликти жоготуп алган падыша династиясы. Наматов адатынча эле бул сыйлыкка кандайча ээ болгонун эскерген жок.
«Авторлош барон»
Дүйнөнүн ар кайсы универститеттеринен «ардактуу» профессорлук наамдарды алуу — Наматовдун жалгыз гана жетишкендиги эмес. Ал ошондой эле экстремизм жана дин темаларына байланыштуу онго чукул китептерди жазган. Бирок анын ичинен бирөөсү да Кыргызстанда кыргыз да, орус да тилдеринде жарыяланган эмес.
Наматов: «Кыргызстанда менин китептериме суроо-талап болбойт. Эмне үчүн? Суроо мага эмес. Мен маркетологдор менен кеңешкем».
Анын айтымында, ал китептерин интернет дүкөндөрү аркылуу сатуу менен киреше табат. Мисалы, Наматовдун үч китеби «Амазондо» 50 доллардан 100 долларга чейин турат. Анын айтымында, анын китептеринин негизги сатып алуучулары — бул «чет өлкөдөгү университеттер». Мисал катары ал Тайвандагы бир университетти айтып, бирок так кайсы окуу жай экенин тактаган жок.
«[Алардын китепканасында] менимче, 20 миллионго чукул китеп бар. Балким эки миллион да болсо керек. Мындай маалыматты мен интернеттен таптым. Алар менин бир нече китебимди өз китепканасы үчүн сатып алышкан», — деди ал.
Анын дээрлик бардык китептерин илимий тармактын кызматкерлеринин арысында күмөндүү кадыр-баркка ээ Lambert Academic Publishing (LAP) басмаканасы басып чыгарган. Орусияда, мисалы, LAP басып чыгарган илимий иштер расмий түрдө таанылбайт.
Кеп LAP төмөнкүчө иштегенинде болууда: автор басмаканага китептерин жөнөтөт, басмакана болсо аны резенциясыз, редактура жана түзөтүүлөрү жок басып чыгарат. Болгондо да бир эле экземплярда — калгандарын эгер аларды кимдир бирөө буйрутма берген күндө гана басып чыгарышат.
«Китеп print-on-demand тартибинде басып чыгарылат. Милдеттүү экземплярлары китепканаларга да, Китеп палатасына да берилбейт, тагыраагы кимдир бирөө окуп-окубасы жокко чыгып кетет», — деп айтылат Санкт-Петербургдун Горький атындагы мамлекеттик университетинин илимий китепканасынын аныктамасында.
Наматов: «LAP — бул ачык басмакана, аны менен ар бир адам кызматташа алат. Анын эмнеси окшошпойт? Менин китептерим Славян университетинде жарыяланган, алардын сайтында бар. Алар беш же он миң китеп басып чыгарышпайт. Алар буйрутма боюнча гана иштешет. Акчанын жарымын өздөрүнө, калган жарымын мага беришет. Мен бул адилеттүү деп эсептейм».
Наматовдун бир нече китебине Отто Ф. Фон Фейгенблатт деген бирөө авторлош болгон. Өз сайтында ал Улуу Британия менен Ирландиянын Падышалык азия коомуна коомуна кирээрин, андан тышкары АКШ менен Испания ишмердик кылаарын көрсөткөн.
Косово Республикасынын президентинин сайтында ал Косовонун АКШдагы жана Коста Рикадагы элчиси экенин айтылат. Андан тышкары, Фейгенблаттын барондук тутулу бар, бирок ага карабастан, ал жөнүндө ачык маалымат абдан аз.
Фон Фейгенблаттын жетишкендиктери катары ал 2008-жылдан тарта эл аралык социалдык илимдер академиясын жетектээри көрсөтүлгөн — дал ушул уюмдан Наматов «Жылдын мыкты китеби» үчүн сыйлык алган. Тагыраагы, Фон Фейгенблатт Наматовго биргеликте жазган китеби үчүн сыйлык берген.
Наматов: «Бул нерсе мени уялтпайт деле. Мен бул негизги критерий болгон деп ойлобойм. Бул академиянын президенти авторлош экен дегениңер эле негизги критерий болууда. Себеби ал жерде критерийлер балким башкача, мүмкүн комиссиясы бардыр. Мен ал кандай болоорун билбейм. Азыр мен процедуралар боюнча комментарий бере албайм жана бергим да келбейт».
Андан тышкары, Фон Фейгенблатт Испан падышасынын кол алдындагыларынын армигерлер коомун жетектейт. Дал ушул уюм ага бир катар китептер үчүн өз сыйлыгын берген. Наматов «[бул уюмду Фон Фейгенблатт жектегени тууралуу] билбесин, бирок күмөн санаганын» айтты.
Наматов: «Мен ал [Фейгенблатт] президент экенин билген эмесмин. Андай болсо куттуктайм аны. Кандай болсо да президент жалгыз башы менен кимге сыйлык берип-бербөө керектигин чече алат деп ойлобойм».
Бул Фейгенблатт Наматовго сыйлык берген жалгыз учур эмес. Майамидеги Карлос Албицу университетинин ардактуу профессор даражасын ага ыйгаруу боюнча дипломго (эч качан таппайсыңар!) Отто Ф. Фон Фейгенблатт кол койгон.
Андан тышкары, ал, Наматов, анын айтымы боюнча, «ардактуу профессор» наамын алган Коста Рикадагы университеттин сүрөттөрүндө жарыяланган.
Наматовдун жетишкендиктери 2018-жылдын август айынын аягында коомчулуктун көңүлүн кайрадан бурдурган. Анда фейсбуктун колдонуучуларынын бири анын интервьюсун бөлүшкөн. Ал постко карата комментарийлерде белгилүү активист Эдил Байсалов Наматовду жетишкендиктерин тастыктай ала турган бейтарап жана объективдүү маалымат булактарын көрсөтүүнү суранган. Бирок Наматов Байсаловду болгону өз сайтына баш багууну сунуштаган.
Ошондон кийин Байсалов интервьюнун авторун жана «Спутник» басылмасын текшерилбеген маалыматты жарыялаган деп айыптаган. Редакция интервьюну сайттан алып, аны Наматовдун сыйлыктарын текшергенден кийин кайра жарыялоону убада кылган. Андан бери үч ай өтсө да интервью сайтта дагы эле жеткиликсиз.
Наматов «Клооптун» журналистине курган маегинде өзүнүн сыйлыктарына жакшы эле караарын билдирди. Ошондой эле, ал сыйлыктары ага китеп сатуу аркылуу киреше табууга жардам берээрин жашырбайт.
«Кудайга шүгүр, илим баарына ачык. Сыйлык менен болобу же жокпу, бирок мен сүйүктүү ишимди жасап атканыма кубанычтамын», — деп жооп берди ал.
Материалдын үстүндө иштегендер: Рустам Халимов, Айгерим Казыбаева, Алексей Журавлев, Дмитрий Мотинов, Элдияр Арыкбаев
«Клооптун» редакциясы бул материалдын жарыкка чыгышына жардам берген үчүн «Жаңы гезиттин» дата-бөлүмүнө, Андрей Заякинге жана журналист Мари-Аликс Детриге ыраазычылык билдирет.