Алгачкы тогуз ай ичинде Кыргызстанга дээрлик 2,5 млн өзбекстандык кирген. Бул көрсөткүч боюнча, алар башка чет элдиктерди ашып өтүп, биринчи орунга чыгышкан.

Ал эми 2017-жылы Өзбекстандан киргендердин саны кыйла төмөн болчу — 379 миң адам. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянып айтып берди.

Өзбекстандыктар Кыргызстанга алардын өлкөсүндө бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин көп келе башташкан. Бийликтин алмашуусу эки мамлекеттин мамилелеринин жакшырышына алып келген. Алар чек аранын талаштуу жерлерин такташтырып, автобус, темир жол жана авиа каттамдарын жөнгө салышкан.

Мирзиёев 2016-жылы Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин Өзбекстандын президенттик кызматына келген. Ал эми Каримов өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып турган.