Анар кичи районунда «МК групп» курулуш компаниясы салып жаткан тогуз кабаттуу үйдүн пайдубалынын көрүнүшү. Сүрөт: Хамиджон Узаков/kloop.kg

Ош шаарынын Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанында жаңы курулуш түшө баштады. Курулуш менен үйдүн ортосундагы аралык болгону 3-4 метрди түзөт. Мындан улам анда жашаган айрым тургундардын батирлеринде жарака пайда болгон. Ал эми курулушту салып аткан «МК групп» компаниясы уруксат кагаздарысыз эле ишти баштап алганы белгилүү болду.

Дубалда пайда болгон жарака

Ак Тилек аймактык кеңешине караган Анар кичи районундагы 1 номурлуу беш кабаттуу үй 80 батирден турат. Анда жашагандардын көпчүлүгү — мугалимдер, дарыгерлер жана пенсионерлер. Ошондой эле үйүн ижарага берип, эмгек миграциясында жүргөндөрү да бар.

Көп кабаттуу үйдүн маңдайында балдар аянтчасынан башка эч нерсе жок. Ал эми күн батыш капталында мурда азык-түлүк дүкөнү иштеп турган. Дүкөн турган жерди «МК групп» компаниясы тогуз кабаттуу имарат салыш үчүн «Акжол Транс» компаниясынан 2018-жылдын 13-сентябрында сатып алган экен.

Андан көп өтпөй эле бул аймак темир тосмо менен курчалып, дүкөндүн имараты бузулган. Батир ээлеринин айтымында, дүкөндүн пайдубалын титиретүүчү курулуш жабдуусу менен бузуп аткан маалда үйүнүн дубалдары менен шыптарынан жарака кеткен. Бери эле дегенде беш тургун үйүндө жарака пайда болгонун «Клоопко» айтып берди.

Мундузкан Мурзатаева

Алардын бири пенсионер Мундузкан Мурзатаева. Ал келини жана неберелери менен 2-кабаттагы батирде жашайт. Уулу болсо Орусияда иштеп үй-бүлөсүн араң багып жатыптыр. Башынан бери ал жаңы курулушка каршы болгондордун бири.

«Эски бетонду тарс-тарс уруп, кран менен көтөрдү. Менин оюмча, ошондо дубалдарга тийди да. Башкалар буга чейин үйлөрүн оңдоп, дубал кагаздарын чапташкан. А биздики оңдолбой, дубалдар ачык болгондугу үчүн билинип калды. Бөлмөлөрдүн шыптарында жарака кеткен. Узун болуп, жаңы пайда болгону билинип турат. Башында оңдоп беребиз дешкени менен кийинчерээк жок болушту», — деп нааразы болду Мурзатаева.

Мундузкан Мурзатаеванын батиринде пайда болгон жарака дале оңдоло элек. Сүрөт: Асан Кубанчыбек уулу/kloop.kg

Пенсионер эгер жаңы курулуш түшсө, батирлерге күн тийбей сыз болоорун айтат. Анын үстүнө батири азыр авариялык абалга кептелип калганына тынчсызданган эне аны сатып ала турган кардар чыгаарынан күмөн санап турат.

«Эгерде батирдин өздүк наркын төлөп беришкенде көчүп кетмекпиз. А булар башка батир беребиз деп жатышат. Бирок “ортосундагы айырмасын төлөйсүңөр” дешти. Ал үчүн каражат керек, андай акча болсо бизде жок», — деп кейиди эне.

Гүлбара Ташиева

Мындан тышкары котловандын беш кабаттуу турак-жайдан 3-4 метр аралыкта жайгашканы тургундардын тынчын алууда. Студент баласы менен бул үйдүн 1-кабатында жашаган Гүлбара Ташиева жашоосу үчүн кооптонуп жатканын айтат.

«Архитектор болбосоң да түшүнөсүң. Үч метр аралык менен казылбашы керек болчу. Биздин талап — курулушту токтотуп, үйдөн алысыраак жерде салышсын. Эми үйдүн алдына асфальт жол салабыз деп кыбырап жатышат. Мунун баары көз боёмочулук үчүн жасалып жатканы айдан ачык», — деди Ташиева.

Ал шаардык ооруканада акушер-гинеколог болуп эмгектенет. Жашап жаткан үйүнүн ипотекага алган экен. Анын акысын азыркы күнгө чейин төлөп келаткандыктан батирин башка турак-жайга алмаштыра да, сата да албайт. Жаңы имараттын салынышына макулдук берген документтерге кол коё элек. «Компаниянын өкүлдөрү келип башка үй алып беребиз деп жатышат. Ал үчүн ипотеканы төлөп бүтүрүшүм керек. Аны тез арада төлөп бүтө албайм, — деп түшүндүрдү ал. — Ошондуктан азыр батирди оңдоп берип жатышат. Айла жок оңдотуп жатабыз».

Гүлбара Ташиеванын үйүндөгү жарака учурда оңдолуп жатат. Сүрөт: Хамиджон Узаков/kloop.kg

«Көйгөйлөрдү чечтирип алышым керек»

Бул беш кабаттуу үйдүн башчысы Сардалбек Батырбеков курулуш иштери жаңыдан башталып аткан кезде кескин түрдө каршы болгондордун бири болчу. Ал сентябрь айынын аяктарында жергиликтүү журналисттерге кайрылып, жашоочулар менен акция уюштурган. Анда тургундар курулушту токтотууну жана жарака пайда болгон батирлерди оңдоп-берүүнү талап кылышкан.

Октябрь айынын ортолорунда «Клооптун» журналисти Батырбеков менен интервью алуу үчүн жолукканда үй башчысы «МК групп» менен келишимге жетишкенин билдирди. Компания жарака пайда болгон батирлердин баарын оңдоп берээрин жана үйдүн каралбай калган инфраструктурасын жакшыртаарын айткандан кийин ою өзгөрүп, курулушка макулдугун берген.

Сардалбек Батырбеков

«Эч кандай башка курулуш компаниясы үйдүн алдына асфальт төшөп бербейт. Мени менен келишим түзүшүп жасап жатышат. Ары жакка балдар аянтчасын жасап, бул жакка чатырча куруп беришет. Биздин үй өзүн-өзү камсыздайт. Ошондуктан көйгөйлөрүбүздү чечтирип алышым керек. Бастырма да жасатуу оюмда бар. Күз жана кыш мезгилинде жакшылык-жамандык болсо жашоочуларга түйшүк жаратат», — деди үй башчысы.

Батырбеков жашоочулардын 60 пайызга жакыны макул болгонун маалымдап, колунда 44 жашоочунун колу түшүрүлгөн кагазды көрсөттү. «30га жакын батир ижарага берилген. Алардын кожоюндары Орусияга кетишкен», — деди үй башчысы.

Анын айтымында, эмгек миграциясында жүргөндөрдүн макулдугун алып-албоо курулуштун улануусуна таасирин тийгизбейт. Муну экотехинспекциядан да тастыктап, аталган жер тилкесине көп кабаттуу үй салуу боюнча шаардык кеңештен чечим чыкканын билдиришти.

Бирок жашоочулардын талаптары аткарылгандан кийин гана курулушка макулдук берилээри айтылган менен жер казылып, пайдубалы тургузулуп калды. Анын үстүнө «МК групп» тиешелүү документтерди даярдабастан эле курулуш иштерин баштап алганы суроо жаратууда.

Тургундардын курулушка макулдук берген кагазы. Сүрөт: Хамиджон Узаков/kloop.kg

Уруксатсыз башталган курулуш

Ош шаардык экотехникалык инспекциясынын бөлүм башчысы Осмонкул Курманбековдун ырасташынча, компания курулушту уруксатсыз баштап алган.

«Азырынча бул курулуштун эч кандай документтерин көрө элекпиз. Үй кандай түшүшү керектигин архитектор өзү чечет. Курулушту уруксат алып туруп анан башташы керек. Уруксатты архитектура берет. Алардан алынган уруксатты бизге алып келиш керек», — деди Курманбеков.

Мындан улам экотехинспекция «МК группка» 100 миң сом өлчөмүндө айыппул салган.

Андан тышкары курулуш компаниясы көп кабаттуу үйдүн эскиздик долбоорун Ош шаардык регионалдык курулуш жана архитектура башкармалыгына жерди каза баштагандан кийин беришкен. Башкармалыктын жетекчиси Ажимурат Жолдошевдин айтымында, компания долбоорду курулуш иштери башталганга чейин мекемеге алып келип көрсөтүшү керек эле.

«Башкармалыктын адистери котлован казыла башталганда компаниянын жетекчилигине эскертмелерди беришкен. Биздин мекеме курулушту көзөмөлдөгөн ишкана болбогондуктан эч кандай чара колдоно албайбыз. Бирок ар бир котлован атайын долбоор менен каралат. Мында инженердик иликтөө жүргүзүлөт. Кандай тереңдикте казуу керек, топурактын курамы, жайгашканына байланыштуу атайын эсептөөлөрдүн негизинде котловандын тереңдиги аныкталат. Терезелери жок тарап болсо, өрт коопсуздугун сактоо үчүн алты метр, эгерде терезелери бар болсо андан да көбүрөөк метр аралык калтыруу каралган», — деп түшүндүрдү Жолдошев.

Документтер даяр болуп калды

«МК групптун» аткаруучу директору Курстан Бекажиев жерди сатып алгандан кийин эле курулуш иштерин баштап алганын танган жок. Курулушка уруксат берген документтердин пакетин да өз убагында көрсөтө албай калганын да мойнуна алды. Ошондуктан экотехинспекция салган 100 миң штрафты төлөгөн.

Курстан Бекажиев

Ал тургундарды тынчсызданбоого чакырды. Анткени казылган жер кайра толтурулуп, жаңы курулуш менен беш кабаттуу үйдүн ортосундагы аралык 4 эмес 7 метр болоорун айтат. «Куруучулардын иштешине ыңгайлуу болушу үчүн беш кабаттуу үйдөн убактылуу 4 метр аралык калтырылып котлован казылган. Кийин подушка койдук. Азыр анын баарын толтуруп чыктык. Көп кабаттуу үйдүн А блогу менен 7 метр, Б блогу менен 12,5 метр аралыкта болду», — деди курулуш компаниянын аткаруучу директору Бекажиев.

«МК группка» ноябрдын аягына чейин керектүү документтерди бүтүрүүгө убакыт берилди. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде документтердин пакетин даярдап бербесе экотехинспекция курулуш компаниясын сотко бермекчи.

«Документтердин 90 пайызы бүттү. Алып барып тапшырсак эле болду», — деди Бекажиев.

Документтерди толук бүтүргөнгө чейин жана үй башчысы менен түзүлгөн келишимди орундатканча «МК групп» курулушту токтотуп турушу керек болчу. Мындай сунушту экотехинспекция сентябрдын аягында чыгарган.

«МК групп» компаниясы беш кабатту үйдүн алдына асфальт төшөп берди. Сүрөт: Хамиджон Узаков/kloop.kg

Бирок 6-ноябрдан баштап курулуш иштери улантылып жатат. Келишимде көрсөтүлгөн талаптардын ичинен жолго асфальт төшөп, балдар аянтчасына кум төгүп беришти. Ал эми тургундардын батирлери дале оңдоп-түзөлүп жатат. Салынган айыппулду төлөп, документердин дээрлик даяр болуп калганын компаниядан билдиришкени менен курулушка уруксат берген документтерди экотехинспекцияга азырынча тапшыра элек.

Буга чейин Анар кичи районундагы беш кабаттуу үйдөгү жаракалардын себептерин аныктоо үчүн октябрь айынын башында үч эксперттен турган курулуш-техникалык экспертизалык комиссия түзүлгөн. Ага «Мир Природы» баалоо-консалтинг компаниясынын эксперти Шамидин Нажиев, «Атлант-Техно» баалоо-консалтинг ишканасынын эксперти Нурзат Арап кызы жана «Бай-Строй» курулуш компаниясынын эксперти Талантбек Нуркамил уулу кирген.

Үч эксперттин жаракалар боюнча чыгарган бүтүмү.

Эксперттердин чыгарган бүтүмүнө ылайык, «Анар» кичи районунда жаңы салынып жаткан тогуз кабаттуу курулуштун техникалык долбоорунун документациясы Кыргызстандагы техникалык регламентке шайкеш келет жана имарат ага жакын жайгашкан беш кабаттуу турак-жайдын сейсмологиялык туруктуулугуна таасирин тийгизбейт.

Редакторлору: Элмурат Асан, Элвира Акимова