Кан-Дөбөдөгү археологиялык казуу иштери. Сүрөт: Time.kg

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде Туура-Суу деген чакан айыл бар. Көлдөн 12 километр алыстыкта жайгашкан кыштактын ар тарабында жылкы менен койлорду кезиктирүүгө болот. Анткени элеттиктердин баары мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айылдык балдардын бири Актан «Эгер Туура-Сууда төрөлсөң, анда сен чабансың» деп тамашалаганы бар.

Жергиликтүү мектеп кыштактагы эң чоң имарат болуп саналат. Таң эрте мектептин коросу ызы-чууга чөмүлөт. Себеби балдар кубалашмак ойноп спорт аянтчасында топ тебишет. Кээде алар таштан жасалган эстеликтердин —  балбалдардын — жанынан чуркап өтүп кунт коюп карап калышат.

Мектеп окуучулары аларды издөөгө жана изилдөөгө өздөрү катышышкан. Чоң класстагылардын айрымдары 2016-жылы бул балбалдар табылган жерден алыс эмес, Кан-Дөбө шаарчасын казууда археологдорго жардам беришкен.

«Мен мурда бул жөн гана таштар деп ойлочумун. Аларды сайдын таштары деп жүрчүмүн. Андан кийин бул эмне экенин атамдан сурадым. Ал болсо бул биздин ата-бабалардын, атактуу адамдардын эстеликтери экенин айтып берди. Алар VI же  IX кылымдан бери биздин күнгө чейин сакталып калганына таң калдым», — деди мектеп окуучусу Аскат.

«Манас» университетинин окумуштууларынын шаарчадагы археологиялык казуулары жети жылга уланган. Ал убакыт ичинде археологдор окуучулар менен кошо балбалдардан тышкары, ар мезгилге таандык керамика идиштерди, ат жабдыктарын жана байыркы көрлөрдү табышкан.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинен Кан-Дөбөгө чейин 12 километр. Сүрөт: Александра Титова/Kloop.kg

Көчмөндөр балбалдарды тирүү адамдарды шайтандардан жана душмандардан коргоп, каза болгондорду эскерип туруу үчүн коюшкан. Кыргызстанда көбүнесе хандарга, аскелерге жана теңирчилердин кудайы Умай энеге арналган эстеликтер табылып жүрөт. Кийинчерээк, аймакка ислам дини келгенден тарта адамдар балбал койбой калышкан.

Туура-Суу мектебинин чакан музейи бар. Эки жыл мурда тарых сабагынан берген мугалим Жусуп Мамытов мектептин бөлмөлөрүнүн биринде музей ачууга каражат тапкан. Балбалдар музейге коюлган алгачкы экспонат болду.

Эми мектеп окуучулары музейде археология сүйүүчүлөрү үчүн ачылган ийримге катыша алышат. Алар петроглифтерди (таш бетиндеги жазуу) жана Кан-Дөбө чебинин калдыктарын изилдөө үчүн тоолорго чыгып, башка шаарлардын музейлерине экскурсияга бара алышат.

Кан-Дөбөдөгү байыркы шаарчадан казылып алынган табылгалар эми Туура-Суу мектебинин музейинде сакталууда. Сүрөт: Александра Титова/Kloop.kg

Орто кылымдарда Кан-Дөбө маданий борбор болгон. Ал Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен өткөн жолдун бардыгын көзөмөлдөп турган. Жада калса ошол чеп аркылуу Жибек жолу да өткөн деп айтылган божомолдор бар. Негизи эле Кан-Дөбөгө жана анын айланасындагы жерлерге байланыштуу ар башка кылымдарга таандык көптөгөн уламыштар айтылып келет. Буга Туура-Суу айлында адамдар темир кылымдан бери байырлашканы себеп болгон. Ошондуктан археологиялык ийримге барып жүргөн мектеп окуучулары үчүн аталган аймак табылгалардын кенчи.

Жетинчи класстын окуучусу Актан Кадыров орто кылымдарда Кан-Дөбөдө кедейлердин бардыгына салык салып, шаарда ак сөөктөр менен кошо жашоого уруксат бербеген Турсун деген хан жашаганын айтат. Күндөрдүн биринде Кан-Дөбөдө кедейлерге күн көрсөтпөгөн ханды, алардан чыккан Эрешим баатыр каргап, көп өтпөй ал өлүп калат. Ошондон кийин жакыр адамдарды шаарга киргизе башташканы айтылат.

Аскер аялбы же кагандын баласыбы?

Архелогдор казуу учурунда сакалы жок жана аялдын жүзүнө окшош балбал табышкан. Кыргыз басылмаларында эстелик аялга арналган деген божомолдор айтыла баштаган. Бул таң калычтуу, себеби балбал таштар көбүнесе атактуу эркектердин же Умай эненин жүзүн чагылдырат (бирок ысык-көлдүк балбал таптакыр башкача болгон).

Табылган балбалдын айланасында балдар ойношот — ал мектептин короосунда орнотулган. Сүрөт: Александра Титова/Kloop.kg

Экспедициянын жетекчиси жана профессор Кубатбек Табалдиев өзүнүн алгачкы билдирүүлөрүндө — балбалда аскер аялдын жүзү чагылдырылган (скульптуранын колунда кылыч бар) деп эсептеген. Жада калса профессор ал кыргыз эпосторундагы баатыр аялдардын, тагыраагы Кыз Сайкал же Жаңыл Мырзанын прототиби боло алышы мүмкүндүгүн ойлонгон.

Бирок бир нече жылга созулган изилдөөлөрдөн кийин Табалдиев ошол доордо жашаган аскер аялдар эскерилген тарыхый документтерди таба албай калган.

Ал Орусиядагы археолог кесиптештери менен кеңешип чыккандан кийин балбал түрк каганатынын баласын, тактап айтканда жашоодон эрте өтүп кеткен өспүрүмдү чагылдырышы ыктымал деген тыянак чыгарган. Муну анын кийиминен тааныса болот.

Кан-Дөбөнүн чебин казуу эки жыл мурда аяктаган. Бирок мектеп окуучулары бул жерден коргондун дубалынын калдыктарын табышууда. Сүрөт: Александра Титова/Kloop.kg

Кантип жейрен Кан-Дөбөнү сактап калган?

Бул жерде «Манас» университетинин окумуштууларынан башка да археологдор казуу иштерин жүргүзүшкөн.

Аларга чейин жарым кылым мурда советтик археологдор Кан-Дөбөнүн жанынан жарым-жартылай кыйрап калган сактардын коргонун табышкан.

Ал жерде сак уурусунун башчысынын баш кийимине тагылчу буюмду, тагыраагы чуркап бара аткан жейрендин алтын статуэткасы табылган. Ал Александр Македонскийдин дооруна таандык.

Дал ушул сейрек кездешчү табылга 1970-жылдары Туура-Суудагы коргондорду кыйроодон сактап калган. Анда өкмөт бул жердин тарыхый маанисин түшүнүп, ал жакты казууга жана курулуш жүргүзүүгө тыюу салган. Бирок ошентсе да жерлерди кеңейтүүдө чептин эки дубалы кыйрап калган.

Эки жыл мурда казуулар аяктап, Кан-Дөбөдөгү чептин калдыктары топо менен көмдүрүлгөн. Бирок балдар бул жерге келүүнү улантып, байыркы шаардын кызыл кыштарынын бөлүктөрүн табышууда.