Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «24.kg» басылмасына маек курду. Журналист менен маектешүү учурунда ал өз президенттигинин биринчи жылынын жыйынтыктары тууралуу айтып берген.

Жээнбековдон анын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай экендиги тууралуу сурашканда, ал «досум» жана «партиялашым» деген сөздөрдү «айта бергенди жакшы көрөт», бирок чыныгы дос жана партиялаштай жүрбөйт деп жооп берди президент.

Экс-президент Жээнбековдун өзүн да «досум» деп атап жүрчү. 2017-жылы 24-ноябрда жаңы президенттин инаугурациясы учурунда Атамбаев кыргыз тилинде Жээнбековго арналган ыр саптарды окуп берип, аны «Соке, досум» деп атаган.

Жээнбеков бир жыл мурда Кыргызстандын президенттик кызматына келген, бирок ошол кезден бери учурдагы жана мурдагы президенттердин ортосундагы мамилелер кыйла эле бузулуп кеткен.

Соңку айларда коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнө, тагыраагы экс-премьер-министр Сапар Исаковго, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов жана башкаларга каршы козголгон.

Ал эми Жээнбеков өзү бийлик коррупцияга каршы күрөшкө жамынып, атаандаштардан өч албасын убада кылган.