Бишкектиктер 2017-жылы 15-октябрда президенттик шайлоо күнү добуш беришүүдө. Сүрөт: Даниль Усманов

Эмне болду?

Юрист жана экс-премьер-министрдин адвокаты Нурбек Токтакунов 2017-жылдагы президенттик жарыш учурунда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдарынын болжолдуу тизмеси көрсөтүлгөн файлды жарыялады.

Токтакунов электрондук документтин шилтемесин «шайлоодогу уурулук боюнча нускама» деп атап, өзүнүн фейсбуктагы барагына жайгаштырган.

Таблицага ылайык, Жээнбековдун штабы шайлоо алдындагы кампанияга 1,1 млрд сом (1 170 265 187 сом) жана 6,5 млн доллардан (6 855 700$) ашуун каражат жумшаган — ал учурдагы доллардын курсу боюнча аталган сумма жалпы 24$ млн түзгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, шайлоого даярдык үчүн ал болжолдуу 10 эсе аз — 158 млн сомдон көбүрөөк акча короткон.

Токтакунов ачыкка чыгарган документин «импичмент үчүн негиз» деп атады. , Юристтин айтымында, жабыбалдагы маалымат боюнча Жээнбеков жеке өзү шайлоо штабынын ишине 1,5 млрд сомдон ашуун каражат кетирген. Ошол эле учурда мыйзам талапкерлерге өз кампаниясына 15 млн сом гана жумшоого уруксат берет. Андан тышкары, шайлоо кампаниясы талапкердин штабынын расмий фондунан гана каржыланышы керек.

Токтакунов документте көрсөтүлгөн акчалардын көпчүлүгүн Жээнбековдун штабы «шайлоочуларды сатып алууга» короткон деп божомолдогон.

Токтакунов бул документти кайдан алган?

Белгисиз. Юрист өзү маалымат булагын ачыктоодон баш тартууда, бирок анын булагы Жээнбековдун шайлоо штабына «тиешеси болгонун» жана учурдагы да, мурдагы да президент Алмазбек Атамбаевге да «ирээнжип» калганын айтат.

Кийинчерээк Токтакунов документти ким бергени «маанилүү» эмес деди.

«Мында элдин кантип сатылганын көрүү маанилүү. Балким ошондо гана ал эмне үчүн эч нерсе өзгөрбөй атканын, эмне үчүн реформа жок экенин, эмне үчүн колунда бийлиги барлар өздөрүн уятсыз алып жүргөндү улантып атканын, эмне үчүн соттордо бардыгы сатылаарын, эмне үчүн экономика көтөрүлбөй жатканы тууралуу ойлоно баштайттыр», — деп жазган юрист.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү токтогондон кийин протоколдорду автоматтык урнадан чыгарышууда. 2017-жыл 15-октябрь. Сүрөт: Даниль Усманов

Бул маалыматка ишенсе болобу же жокпу?

Азырынча — жок. Биринчиден, Токтакунов документтин булагын ачыктоодон баш тартууда. Экинчиден, бул маалыматтын бардыгы кадимки эле гугл таблицага түшүрүлгөн, себеби аны ар бир адам жасап коё алат

Бирок бул юрист жарыялаган маалымат жалган дегенди билдирбейт.

Таблицада бир жарым миңден ашуун сап бар, анда реалдуу адамдардын аты жазылган: Жээнбековдун ишеничтүү адамдары, анын штабынын кызматкерлери, саясатчылар, ырчылар, саясий технологдор, медиаэксперттер.

КСДП — бул Жээнбековду шайлоого талапкер катары көрсөткөн партия. Аны Жээнбековдун учурдагы каршылашы болгон Алмазбек Атамбаев жетектеп келет. Ал эми партиядан документте көрсөтүлгөн иш-чаралар, ысымдар жана мөөнөттөр «реалдуу» экенин тастыкташты.

Ошол эле маалда партиядан кошумчалашкандай, алар документте көрсөтүлгөн каражаттын өлчөмүнүн чындыгын тастыктап да, четке да кага алышпайт. Ал эми Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабын жетектеген Фарид Ниязов ал жерде каржылоо маселесинин үстүндө иштебегенин айтты. Анын айтымында, учурдагы президент аларды «башка жооптуу эки адам менен» талкуулаган.

«Мен жетектеген штаб шайлоо мыйзамдарынын чегинде гана иштеген. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузууга бара алмак эмес. Анын үстүнө бардык нерсени биздин юристтер, БШК жана президенттикке талапкер атаандаштардын штабдары көзөмөлдөшкөн», — деп кошумчалады Ниязов.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан Токтакунов жарыялаган маалыматты «фейк» деп атап, аларга карата комментарий берүүдөн баш тартты.

«Мөөрлөрү жок, кол тамгалар жок. Биз фейк маалыматка комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу маалыматтын бардыгы өз учурунда БШКга берилип, расмий жарыяланган», — деди президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева (Таблицада Стамалиеванын да ысымы аталган).

Ал эми Токтакунов өзүнүн постуна карата комментарийлерде эми иликтөө жүргүзө алчу журналисттерге, парламентке жана укук коргоо органдарына үмүт арта алаарын жазган.

«Клооптун» редакциясы азыр документти изилдеп, анын түп нускасын тастыктап (же төгүндөөгө) аракет кылууда. Эгер сизге бул тууралуу кандайдыр бир маалымат белгилүү болсо, анда коопсуз Signal (Android | iOS) мэссенжерин орнотуп, бул номер боюнча +996558018918 биз менен байланышыңыз.

Сооронбай Жээнбековду өзүнүн шайлоо штабынын кызматкерлери жеңиши менен куттукташууда. 2017-жыл 15октябрь. Сүрөт: Даниль Усманов

Акчалар кайдан келген жана эмнелерге жумшалган? (жадыбалдын негизинде)

Жадыбалга ишенсек, шайлоо компанияга акчалар «СШ» аттууга «И.С.» дегенден келип турган. Токтакунов аталган аббревиатураларды «Сооранбай Шарипович [Жээнбеков]» жана «Икрамжан Саттарович [Илмиянов]» деп чечмеледи. Илмиянов Жээнбековдун шайлоо штабынын башчыларынын бири болгон.

Таблицага ылайык, штабдын «көмүскө кассасына» 1,1 млрд сомдон жана 6,8 млн доллардан жогору каражат которулган. Көбүнесе бул акчалар үгүт иштерине, аймактык штабдарды каржылоого жана «кошумча чыгымдарга» жумшалган. Акчалар үгүтчүлөргө кампаниянын аймактык өкүлдөрү аркылуу берилип турган.

АКШ доллары боюнча чыгымдар көпчүлүк учурда эч кандай түшүндүрмөсү жок жазылган — «чыгымдар» «кошумча чыгымдар». Мисалы, Бишкектик «Айбекке» «кошумча чыгым» үчүн $2 млн которулган.

Шайлоо штабы «Тайыр Сарпашевге» «Өнүгүү-Прогресс боюнча» белгиси менен 7, 89 млн сом которгон деп жазылган. Аталган ысымдардын ичинен эң эле белгилүүсү — бул 2017-жылдын июнунан чейин Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген мурдагы вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев.

«Өнүгүү-Прогресс» — Бакыт Төрөбаев башчылык кылган саясий партия. Ал да 2017-жылы президенттик жарышка катышып, шайлоо күнүнө бир ай калганда өз талапкерлигин алып, Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабановду колдой турганын билдирген.

Жадыбалга ылайык, млн сомдон ашуун каражан «контрматериалдарды жайгаштырууга» жумшалган. Мындан тышкары, документте блогерлердин төлөмү эскерилген: 70 миң сом — «өзбек блоггерлери үчүн төлөм», 800 миң сомдон ашуун сумма — «АВ группасындагы блоггерлерге».

Документке ишенсек, Жээнбековдун штабы кайсы бир орусиялык эксперттердин жардамын колдонгон. Чыгымдардын арасында «орус. экспертине төлөө (48 500 сом)», 10 миң сомго «орусиялыктарга азембелек сатып алуу» жана (12 миң сом) «орусиялыктардын батирин тазалоо» катталган.

Чыгымдардын арасында чет өлкөлүк адистер болушу ыктымал адамдардын ысымдары аталган — саясий технолог Павел Самохин жана Орто Азия боюнча орусиялык эксперт Алексей Василивец. Өткөн жылдын июль айында КСДПКнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов Василивецти «партиянын иштерине кийгилишүүдө» деп айыптаган.

Документте дагы кимдердин ысымдары аталган?

  • КСДПнын депутаты Марат Аманкулов. Жадыбалга ылайык, ал «шаар ичинде калктын орус тилдүү катмары үчүн иш-чараларга» 2,26 млн сом, Бишкекте «кайрымдуулук тамактандырууга» 284 миң сом, «чыгымдарга» жана «кошумча чыгымдарга» 1,3 млн сом алган.
  • КСДПнын депутаты Данияр Аттокуров. Документте ал 2017-жылы июлда КСДПнын съезди үчүн үч жылкыга 2015 миң сом алганы көрсөтүлгөн. Ал съездде партия президенттик шайлоого Жээнбековду чыгарууну расмий чечкен.
  • КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева. Ага фокус топторунда изилдөө жүргүзүү, жаштар форумун, тегерек стол уюштуруу жана акцияларды даярдоо иш-чараларына 900 миң сомдон ашуун каражат.
  • «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов. «Замандаш» партиясынын «штабчыларына төлөө үчүн» 771 миң сом; «патриоттук күчтөрдүн тегерек столун» жана «акция» уюштуруу үчүн 153 миң сом.
  • «Бир-Бол» партиясынын депутаты Улукбек Ормонов. «Чыгымдарга» $30 миң доллар.
  • «Республика» партиясынын депутаты Зарылбек Рысалиев. Таластагы «чыгымдар» үчүн 500 миң сом жана 15 миң доллар. Рысалиев шайлоодо бир айга чукул Жээнбековдун ишенген адамы болгон. Атүгүл анын колдоо тобу менен бирге дебаттарга да барган. Шайлоого чейин 11 күн мурда ал парламентке «Республика — Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келген. Ал учурда партияны Жээнбековдун шайлоодогу башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов жетектеп турган.
  • Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева. «Толгонай тобуна» 1,3 млн сомдон ашуун каражат, ал эми котормочуга, визажистке, видео жана сүрөт тартуу тобунун чыгымдарына 175 миң сом.
  • «Түндүкэлектр» ААКтын башкы директору Искендер Кадыркулов. Документке ылайык, ал «көмүскө кассага» 1 млн сом кошкон.

Материалдын үстүндө иштегендер: Дмитрий Мотинов, Катя Мячина,

Элдияр Арыкбаев