28-октябрда Жалал-Абаддагы Ноокен районунун «90 жылдыгы» шаан-шөкөт менен белгиленди. Мааракеге карата алдын ала марафон өткөрүлүп, 3,5 миллион сом топтолгон. Каражатты ноокендиктердин баары эле өз каалоосу менен берген эмес. Ал арада тарыхчылар райондун «90 жашы» боюнча талаштуу пикирде.
Мугалимдерден топтолгон 400 сом
54 жаштагы Малика Калбитаева Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Ал дагы райондун «туулган күнүн» өткөрүүгө салым кошкондордон, тагыраак айтканда, салым кошууга аргасыз болгондордон. Анткени ал мектеп директорунун сөзүн эки кылгысы келген эмес.
«Ноокен районунун 90 жылдыгына арналган марофонго мектептеги жалпы 60 мугалим 400 сомдон чогултуп бердик. Райондун акими шаштырып, тезирээк топтоп бергиле деген окшойт. Мугалимдер баарыбыз катуу нааразы болдук. Чогулушта директор менен ары-бери тартышып атып макул болуп, фамилиябыздын тушуна кол да коюп бердик», — дейт мугалим.
Калбитаева 400 сомду колуна ала элек маянасынын эсебинен төлөп турган. Айлыгы 9 миң сомдой сумманы түзгөн үч баланын энесине 400 сомдун орду чоң.
«Айлык ала элек болчубуз. Мага 400 сом берүү аябай кыйын болду. Анткени уулум окуу жайда билим алат. Акча бербей койгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар эле. Биз директорду сыйлаганыбыз үчүн бердик. Бирок агай [мектеп директору] деле акимдин буйругун аткарып койду», — деп токтолду Калбитаева. — Биз минтип аз айлыкка иштеп, жан багып жатсак, ошол марафондун кереги жок эле. Топтомойлорго мугалимдер каршы, эмгек кодекси бузулганын деле билип турушат. Бирок айла жок, иштен айдалып кетпейин деп коркушат».
Ноокендиктердин баары эле «аргасыздан же мажбур болуп» мааракеге акча чогултушкан эмес. «Ноокен жаңырыгы» гезитинин кызматкери Бурайма Раимбекова өзү да, ал түгүл Орусияда эмгектенген уулу да атайын акча салып, марафонго каражат кошушкан.
«“Акча жыйнады” деген кабар чыгып кетти. Ушул райондо жашаган адам катары айтам, ал жерге каалабаган адам бут таштап басып барган жок, — деп ишендирди Раимбекова. — Мен 62 жаштамын. Райондук гезитте 42 жылдан бери иштеймин. Марофонго катышып, өз салымымды коштум. Уулум Орусияда иштейт. Ал “апа, Ноокен районунда марафон өтүп жатат экен. Мен бул жактан акча салам, кошуп коюңуз” дегенинен баламын атынан да акча салып келдим».
51 жаштагы Бурул Ибрагимова Ноокен районуна караштуу Бөбүй айылында жашайт. Ал райондун 90 жылдык салтанатына акча топтоого каршып болуп, өзү да берген эмес. Анын ордуна айылдагы чечилбеген көйгөйлөргө көңүл бурулса болмок дейт.
«Үч балам бар. Базарда нан сатып иштейм. Айылыбызда 11-класска чейин окуткан мектеп жок. Балдарыбыз 4-класска чейин өзүбүздүн айылда окушат да, 5-класстан Чоң-Багыш айылына катташат. Ага баруу үчүн үч чакырым алыстыкты басып өтүүгө туура келет. Жолубуз начар, ээн, кышкысын тайгак, коркуп отурабыз. Эл безилдеп баары-жокко муктаж болуп отурса, кантип майрам өткөрүп жатышат? Бул бийликте тургандардын өзүнүн гана кызыкчылыктары», — деп зээни кейиди ал.
Балдардын лагери үчүн марафон өткөрүлдү
Бирок Ноокен районунун акими Эркин Маматаевдин ишендиришинче, марафонго акча топтоо боюнча эч кимге буйрук берилген эмес, ар ким колунан келген салымын кошкон. Ошол эле маалда марафондон чогултулган каражат балдар лагеринин салынышына жумшалаары алдын ала маалым болгонун ал жашырган жок.
«Мектептер лагерь курууга деп өздөрү протоколдоштуруп, бир күндүк эмгек акысынан кошоорун айтышкан. Аксакалдар да лагерге деп пенсиясынан 100-200 сом кошушкан. Эч кандай буйрук болгон эмес. Мен өзүм жыйында “бирөө 10-20 сом кошкусу келсе, айрымдарынын шарты туура келбейт. Кошуп алып, кийин мени мажбурлады деп жүрбөгүлө” дегенмин. Бардык салым лагерге деп өз каалоолору, балдардын келечеги үчүн кошулган», — деп билдирди аким.
Маматаевдин айтымында, лагерь Ноокендин Алаш-Ата жергесиндеги жаңгак токоюнун арасында 90 балага ылайыкталып салынмакчы.
«Лагерь куралы деп долбоор жазганда чет элдик уюмдар сөзсүз “Элдин канча салымы бар?” деп сурайт экен. Каржы министрлигине долбоор жазсаң да элдик салымды сурайт. Марафон кылганыбыздын максаты — ошол элдик салым болчу, — деп түшүндүрдү Ноокен районунун акими. — Жаңгак токоюнун арасында тегиз жер бар экенин өзүм барып көрүп келгенмин. Ноокен районунда илгертен бери бир да лагерь жок. Быйыл үч топ балдар лагерге барышы үчүн 100 миң сом төлөдүк. Балдарга жакшы шарт түзө албай жатабыз. Лагерь куралы деп даярдап жаткан 25 миллион сомдук долбоорубуз дээрлик бүтүп калды».
Ноокендин «90 жылдыгына» карата уюштурулган марафондо 3,5 миллион сомго жакын ачка жыйналган. Маматаев каражатты «Ноокен районуна токсон жыл» деген коомдук фондунун эсебине сактап коюшканын «Клооптун» кабарчысына айтты.
Аталган фонддун төрагасы Абдылдабек Эшиевдин айтымында, марафондон топтолгон акчанын 193 миң сомуна китеп чыгарылган. Салтанат учурундагы театралдаштырылган концертке да марафондо түшкөн каражаттан жумшалган. Ал эми мааракенин өзүнө 600 миң сомдой акча сарпталып, аны марафондон тышкары «демөөрчүлөр каржылап беришкен».
«Марофондо чогулган акчанын эсебинен “Ноокен 90” деген аталышта 500 китеп чыгардык. Китептин ар бирине 386 сомдон коротулуп, жалпы 193 миң сом каражат кетти. Ал эми сахналаштырылган концертке канча акча кеткенин билбейт экенмин. Аны эсепчи билет. Калган акча фонддун эсебинде сакталып турат», — деди Эшиев.
Фонддун эсепчиси Акпарали Ырысалиевге чалып, концертке корогон каражатты жана учурда фонддун эсебинде канча акча турганын сураганыбызда комментарий берүүдөн баш тартты. Кийинчерээк аким Маматаев өзү «Учурда бизди прокуратура текшерип жатат. Алар кандай корутунду чыгарса, ошону жарыялайбыз. Азырынча фонддун эсебинде турган каражатты айта албайбыз» деп «Клоопко» түшүндүрмө берди.
Алар сөз кылып жаткан коомдук фонд Юстиция министрлигинен ушул жылдын 26-июнунда каттоодон өткөрүлүп негизделген.
Ноокен районуна чын эле 90 жыл толдубу?
Жалал-Абаддагы облустук архивдин башчысынын орун басары Любовь Хальзованын түшүндүрүшүнчө, Ноокенге 90 эмес 83 жыл толгон. 1935-жылга чейин Ноокен жана Базар-Коргон райондору бир болуп, жалпы Базар-Коргон району деп аталып турган. Ал кездеги чоң аймакты камтыган район борбору Масы айылында жайгашкан.
1935-жылы Ноокен району Базар-Коргондун аймагынан бөлүнүп чыккан. Ошол кезде район борбору болуп эсептелген Масы Ноокен районунда калып, ал эми Базар-Коргондун административдик борбору башка аймакка которулган.
«Борбордук аткаруу комитетинин 1935-жылдагы протоколунун негизинде Базар-Коргон районунун аймагынан Алматы району бөлүнүп чыккан. Эки жылдан соң Алматы району Ленин деп аталып, 1990-жылдан баштап Ноокен району деп атала баштаган. Демек, Ноокен району 1935-жылы негизделген, — деп айтып берди «Клооптун» кабарчысына Хальзова архивдеги маалыматтарга таянуу менен. — Бул жерде катачылык Жалал-Абад облусунун энциклопедиясында болуп жатат. Анда Ноокен району 1928-жылы негизделген деп жазылып, район акимдери ошонун негизинде майрамдап алышты».
Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин доценти Сыдык Исмадияров Ноокен районуна 90 жыл толгон деп эсептейт.
«Базар-Коргон деп аталабы, Ленин району деп аталабы, Ноокен районуна 90 жыл деген логикалык жактан алганда туура эле. Ноокен районуна 83 жыл болду деп жаткандарга айтаарым, 1935-жылдан баштап Масы району болгон. Ошондон эсептеп 83 жыл болду деп жатышат. 1928-жылы Базар-Коргон району менен Майлуу-Суу району бириктирилип Базар-Коргон району деп аталган. Базар-Коргон районуна Ноокен да кирип, борбору Масы кыштагы болгон», — деген пикирин билдирди Исмадияров.
Ал эми тарыхчы, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Ноокен районуна 90 жыл толо элек деген пикирде.
«Ноокен районунуна болгону 83 жыл болду. Архивдик документтердин негизинде, азыркы Ноокен 1935-жылы район болуп түзүлгөн. Базар-Коргон району 1928-жылы түзүлгөнү талашсыз. Бирок аны Ноокен району түзүлдү деп атоо бир аз одоно болуп калат. Ырас, Ноокен району 1935-жылы түзүлдүбү, анын “улуу агасы” Базар-Коргонду Ноокенге жармаштырып, экөөнүн жашын бир кылып койгон туура эмес. Тарых деген объективдүү болуп, математиканы окуш керек. Себеби ачык эле жазылып турат», — деди Молдокасымов.
«Клоопко» курган кеңири маегинде Ноокендин акими Маматаев да архивден «районго 90 эмес, 83 жыл толду» деген кат алганын айтып өттү. Катты алган соң ал жыйын өткөрүп, райондун «жашы» тууралуу маселени ортого салган.
«Архивден катты алганмын. Андан кийин эле мурда иштеп кеткен жана азыр иштеп жаткан жетекчилер, район аксакалдары менен жалпы жыйын өткөргөнмүн. Аларга архивден келген маалыматты айтканымда, мааракени белгилөө демилгесин баары колдошкон», — деп токтолду аким.
Ал кошумчалагандай, 1998-жылы Ноокен районунун 70 жылдыгы, ал эми 2008-жылы 80 жылдык мааракеси өткөрүлгөн. «70 жылдыгы өткөрүлгөндө аябай жамгыр жааган, ноябрь айында ылай кечип жүргөнбүз. 80 жылдыгы өткөрүлгөндө да ноябрь айында аябай кар жааган. Элдер ызы-чуу болбой эле сонун майрамдаган. 2018-жылы 90 жылдыгы жалпы элдик демилге болуп, быйыл 90 жылдыгы өткөрүлдү. Он жыл аралык менен эле белгиленип келе жатпайбы?» — деп суроо салды Маматаев.
Авторлошу: Айсымбат Токоева
Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева