Ошто 16-17-ноябрда көркөм гимнастика боюнча шаардык чемпионат болуп өттү. Мелдешке Бишкек жана Ош шаарларынан үч жаштан он жашка чейинки 140 спортчу кыз катышты. Иш-чаранын максаты — көркөм гимнастиканы өнүктүрүү жана жаштардын спорттун бул түрүнө болгон кызыгуусун арттыруу.

Иш-чараны шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен «EREM» спорттук комплекси уюштурду. Чемпионатта кыздар A, B, C категориялары боюнча 48 байгелүү орун үчүн ат салышты.

«Ошто көркөм гимнастика боюнча биринчи жолу чемпионат өттү. Мындан ары да комитет көркөм гимнастиканы өнүктүрүүгө аракет кылат. Кийинки жылы дагы шаар биринчилигин өткөрүүнү пландап жатабыз», — деди шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев.

A категориясына көркөм гимнастика менен профессионалдык деңгээлде машыккандар кирет. B категориясында эки жылдан ашуун машыккан орто деңгээлдеги спортчулар таймашат. C категориясы боюнча алты айдан бир жарым жылга чейин спорттун бул түрү менен алектенген кыздар катыша алат.

Калыстардын курамына көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Светлана Моисеева, спорттун чебери Айнура Шаршембиева жана көркөм гимнаст Алина Асорова кирди.

«Бишкектен гана келишти. Анткени башка облустарда көркөм гимнастика жок. Бизде 140 катышуучу болду — 70 Бишкектен, 70 Оштон. Мелдешти коноктор кайра келүүгө каалоосу болгондой деңгээлде өткөрүүгө аракет кылдык», — деди калыстардын бири Шаршембиева.

Эки күнгө созулган мелдеш эки баскычтан турду. Биринчисинде көркөм гимнасткалар музыканын коштоосунда бий көнүгүүлөрүн аткарышса, экинчи бөлүгүндө скакалка, обруч же булаванын жардамы менен өнөрлөрүн тартуулашты. Жеңүүчүлөр медаль жана диплом менен сыйланышты.

Азамат Өндүрүш уулу таймашка алты жаштагы кызы Раянаны Бишкектен алып келген.

«Биз Оштогу турнирге биринчи жолу келип жатабыз. Уюштуруучуларга рахмат, бизге бардык шарттарды түзүп беришти. Кызымдын жашы алтыда, үч жаштан бери катышат. Азыр спортчу катары катышып жатат. Кызыбыз келечекте көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпиону болот деген ниетибиз бар», — дейт ал.

Ош шаарынан катышып жаткан 10 жаштагы Биназир Калматова C категориясында биринчи орунду ээледи. Ал келечекте көркөм гимнастика боюнча олимпиада чемпиону болгусу келет. «Мен спорттук гимнастика менен үч жылдай машыктым. Учурда көркөм гимнастика менен алектенем. Ошто өткөн мелдеште 1-орунду алдым. Бакуда жана Казакстанда экинчи жана төртүнчү орундарды ээлегем», — деди ал.

Редактору: Элвира Акимова
Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу