Кантип таарыныч кыргыз саясатын жүргүзүп аткан башкы эмоцияга айлангандыгы тууралуу «Клооптун» башкы редактору Элдияр Арыкбаевдин колонкасында.
Чынын айтканда мен мындан ары Атамбаевдин интервьюлары жөнүндө жазбоону кыялданчумун. Анткени андагы эмоционалдуу айтылган көп сөздөрдүн очогунда биринчи кезекте өзү турат. Анын «мен болбосом анда ким?» жана «карагылачы мен Кыргызстан үчүн канча көп нерсе жасадым» деген стилдеги риторикасы анын президенттигинин соңку эки жылында ушунчалык тажатып койгон.
Атамбаевге кыязы коом жана башка саясатчылар тарабынан мактоо жетишпей жаткансыйт. Ошондуктан анын курган маектеринде таарыныч бар экени сезилет — айланада бардыгы жаман, эч нерсе көрүшпөйт, а мен болсо өзүмдүн жансакчы досторум менен жалгыз эле жакшымын.
Экс-президентти түшүнсө болот — ар бир адам барктуу болууну каалайт. Бирок сен саясатка келип, элдин байкоосуна алынган соң, анда сынга жана ушактарга көн — бул дайыма болгон жана боло берет. Андан тышкары, бул тууралуу дайыма эстеп жүрүш керек. Ал эми өзүңдү куткаруучу сезип алуу — бул иш эмес.
Атамбаев колунан келгенин жасады, эң маанилүүсү — президенттик кызматтан кетти. Бул бүткүл Борбор Азия үчүн маанилүү окуя, ал эми Атамбаев үчүн чоң намыс болгон. Себеби ал биздин чөлкөмдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берсе болоорун, диктатор президенттин өлүмүн күтпөй деле койсо (же аны күч менен кулатпаса) болоорун көрсөтө алды.
Бирок арадан бир жыл өтүп, Атамбаев кайрадан күн тартибин өзү менен толуктады. Эмне үчүн? Көрсө жаңы президент Сооронбай Жээнбеков «эч нерсе кылбай», коррупция менен туура эмес күрөшүп, кылмыш иши козголбошу керектерге кылмыш козгоп, анын кеңештерин укпай жана Атамбаев өзүнөн кийин калтырып кеткен «Раим менен дос болбо», бир тууганыңды бийликтен кетир, ЖЭБ жөнүндө таптакыр унчукпа деген сыяктуу ыйык осуяттарын аткарбай жаткан экен.
Атамбаевдин көз карашы боюнча, ал жакшы кеңешчи. Райымбек Матраимов менен Асылбек Жээнбеков — бул учурдагы президенттин эң эле талылуу жерлери жана негизги басым ошолорго туура келүүдө.
Райымбек Матраимовго карата тийиштүү текшерүүлөрдү эбак эле баштоо керек болчу: анын бажыдагы ишмердигин, киреше-чыгашаларын, мүлкүн жана бир туугандарынын ишмердигин. Жээнбеков баштап берген коррупцияга каршы күрөш Матраимовго карата териштирүүлөрсүз толук болбой калат. Себеби бул президентти коррупцияга каршы күрөш тандалма жана атамбаевчилерди гана отургузуп жатышат деген сөздөрдөн сактап калат.
Ал эми президенттин иниси боюнча маселеде бардыгы жөп-жөнөкөй: таасирин чектеп, чечим кабыл алуудан четтетүү. Бирок бул оңой угулганы менен кыйла эле оор. Биринчиден, Асылбек Жээнбеков чектөөгө өзү макул болушу керек. Экинчиден, ага өзүнүн саясий амбицияларын ооздуктоого туура келип калат. Бирок эгер ушундай болуп кетсе, анда инисин жактап Бакиевдин жолуна түшүп жатат деген айыптоолор аз болот.
Атамбаевдин оюнда анын кеңештери — бул балдардын күчтүү болушун каалаган, аларга туура жолду көрсөткөн акылман карыядан (тагыраагы өзүнөн) өспүрүмдөргө карата айтылган накыл кептер. Ал өз ролун так эле ушундай көрөт. Жада калса интервьюсунун аягында муну өзү деле мойнуна алды. Атамбаевдин Жээнбеков аны укпай өзүнүн коррупцияга каршы күрөшүн баштап атканы таарынтат. Экс-президент өзүнөн кийин келген өлкө башчысына ката кетирүүгө мүмкүндүк бергендин ордуна аны 31-мартта ачык эле урушуп, араздашууну күчөтүп койгон.
Ал эми Жээнбеков өз кезегинде Атамбаев кеңештери менен жабышып-жармашып, «кандайдыр бир үчүнчү жактар аркылуу башкарууга аракет кылууда» деп таарынууда. Жээнбековдун да интервьюсу Атамбаевдикиндей эле таарыныч жыттанат — мына карап көрчү мен сага эмнелерди гана кылбадым, а сен мага өз алдымда чечим чыгартпай жатасың, мен да улуу жана жетилген саясатчымын.
Бул интервью Атамбаев тууралуу дал ушул үзүндүсү менен баалуу. Анткени биз бир жылга жакын калың картон кагазынан жасалган сыяктуу президентти көрдүк — ал убада берип, формалдуу нерселер жөнүндө гана кеп айтчу: коррупцияга каршы күрөшөбүз, маяналарды көтөрүү керек, экономика өсүшү керек жана башкалар. Жээнбеков бир жыл аралыгында көз карашы бар адам катары ачыла алган жок — бардык кооз отчеттук сүрөттөр менен пресс-релиздердин артында биз азырынча ал кандай адам экенин (жупуну? иштерман? кечиримдүү?) билбейбиз.
Бирок, Жээнбеков ачылбай жатканы балким жакшыдыр. Анткени Атамбаев президенттик кызматтагы жылдарында өзүнүн эмоционалдуулугу менен тажатып жибергенге үлгүрдү. Экс-президент өзүнүн мүнөзү тууралуу «Апрелге» курган маегинде («мен дагы адаммын жана каталарды кетирем») деп актанып, дээрлик бардыгынын алдында кечирим сурады — саясатчылардын, журналисттердин, башка президенттердин, бирок чың жүрөгүнөн эместей (Текебаевге карата таптакыр эле узак тыныгуулары менен көп чекитүү драма башталып кетти).
Азыр Жээнбековдун кийинки кадамы маанилүү — араздашууну улантуу, үндөбөй калуу (таарынычты жашыруу) же ымалага келүү. Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусундагы абалынын күчү бийликте эмес (ал андан кеткен), анын учурдагы президент тууралуу көп билгендигинде. «Апрелдеги» интервью Жээнбеков үчүн токто, болбосо бирди көрөсүң деген түшүнүктүү эле кабар. Бул маектешүүдө негизги интриганы аягына чейин ачып беришпегенинде байкалып турат — Жээнбековдун «көмүскө кассасы» жүргүзүлгөндүгү тууралуу далилдер кана? Бул «реалдуу документ» деген сөз тилекке каршы мунун баарына ишенип алыш үчүн жетишсиз. Тастыктагыла жана адамдардын көрсөтмөлөрүн бергиле.
Эгер мен бул окуядагы адамдардын ысымдарын билбесем, анда мунун баары өз алдынча болууга умтулган, атанын айтканы мыйзам деген үй-бүлөдө чоңоюп келе жаткан өспүрүмдүн драмасы деп түшүнмөкмүн. Бирок, андай эмес, бул кыргыз саясаты жана бири-бирине таарынган эки президенттин мамилеси.
Бул кырдаалдан айла таап кутулуп кетүүгө болгондой сезилиши мүмкүн. Бирок жогорку деңгээлдеги мындай тирештер өтө маанилүү. Борбор Азия үчүн учурдагы жана мурдагы президенттердин араздашуусу саясий күрөштү кандай жүргүзүп, кандай жүргүзбөө керектиги тууралуу келечектеги муунга мисал болуп берет. Атүгүл Атамбаев акчасы жана КСДПда калган таасири менен Жээнбековдун бийлигине каршы тең салмакты кармап, анын көзүнө май бастырбай тура алчу Кыргызстанда жалгыз оппозициялык күч боло алышы мүмкүн. Ал эми күчтүү (учурда жок) оппозиция демократия үчүн дайыма пайдалуу.