«Манас» аэропорту. Сүрөт: elrina753/Flickr

Көптөгөн чет элдиктерге Кыргызстанга келиш үчүн виза албай эле койсо болот — өлкө ушунусу менен туристтерди тартат. Бирок учуп келүү кыйын, себеби учактардын көбү бул жакка башка өлкөлөр аркылуу келет. Бийлик чет элдик компанияларды тартуу үчүн Кыргызстандын үстүндөгү асманды ачуу менен маселени чечкиси келет.

Туристтердин көпчүлүгү жана кыргызстандыктардын өздөрү да өлкөгө башка мамлекеттердин, Казакстандын, Өзбекстандын жана Орусиянын аэропорттору аркылуу учуп келип, учуп кетишет. Анткени түз каттамдар же жок, же болбосо коңшу өлкөдөн учуп кетүү салыштырмалуу арзан.

Кыргызстандан түз каттамдар менен Орусиянын ири шаарларына гана учууга болот. Андан тышкары, Үрүмчү, Стамбул, Алматы жана Дүйшөмбүгө учуп барып, учуп келүүгө мүмкүн.

Ошол эле маалда бийлик туристтерди тартуу жөнүндө айтып, жеңилдик режимин берет — 12 өлкөнүн жарандарына виза таптакыр эле керек эмес, ал эми көптөгөн башка мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 30 күндөн 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Андан тышкары, чет элдиктер 2017-жылдын сентябрынан тарта визаны 3 күн ичинде интернет аркылуу ала алышат.

Туризм департаментинин директорунун орун басары Чубак Оморов 2012-жылдан бери оңойлотулган виза режими иштеген өлкөлөрдүн туристтеринин саны жылына 50 миңден 113 миңге чейин көбөйгөнүн айтып берди.

«Мисалы, ошол эле Сауд Арабиясынан 2012-жылы бизге 30дан ашпаган адам учуп келчү, а быйыл ал жактын туристтеринин саны бир миңден ашты», — деди Оморов.

Жергиликтүү туризм ассоциациясынын президенти Асылбек Ражиев туристтердин агымынын өсүшүн салмактуу деп деле эсептебейт. Ал чет элдиктер Кыргызстан деген өлкө бар экенин билишпейт, аны туристтик өлкө катары көрүшпөйт же бул жакка Европа же Азия өлкөлөрүнөн түз каттамдар менен келе алышпайт деп айтууда.

Кыргыз асманын бардыгы үчүн ачуу

Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу «Ачык асман» саясатын киргизүү болуп калышы мүмкүн — ал чет элдик авикомпанияларга Кыргызстанга транзит менен учуп келип, кардарларды кабыл алып же аларды түшүрүүгө жана өз жолун башка мамлекеттерге улоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда «Ачык асман» тууралуу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун да айтканы бар. Ал эми 2018-жылдын августунда бул маселени учурдагы министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрүп чыккан.

Парламент сентябрда биринчи окууда «аба эркиндигинин бешинчи даражасы» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал бардык авиакомпанияларга Кыргызстан аркылуу учууга уруксат берет.

«Азыр биз авиаташууларды либералдаштыргыбыз келет. Бардык эл аралык каттамдар транзит менен Кыргызстан аркылуу уча алышат: “Манас” аэропортуна конуп, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү салып, андан ары учушат, — дейт мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Абдывахап Нурбаев. — Биз үчүн анын пайдасы көп болот. Туристтер менен инвесторлор көбөйүп, билеттер арзандап, учуу убактылары кыскарат».

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин биринин пикири боюнча, «Ачык асман» саясаты авиабилеттердин баасын 20-30 пайызга арзандатып, он миңдеген жумуш ордуларын түзөт. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде айтылгандай, «Ачык асманды» колдонуу дүйнөдө орточо эсеп менен жүргүнчүлүк жүгүртүүнү 35 пайызга көбөйтөт.

Депутат Абдывахап Нурбаев жыл аягына чейин мыйзам долбооруна президент кол коёт, андан кийин алты ай ичинде бардык нормативдик актылар иштелип чыгат деп үмүттөнөт.

«Жергиликтүү бизнести жок кылат» же «элге пайда»

«Эйр Манас» компаниясынын башкы директору Талгат Нурбаев «Ачык асманга» каршы чыгууда, анткени ал жергиликтүү авиакомпанияларды «жок кылып салышы мүмкүн».

«[Европа Биримдигинин]* кара тизмеден чыккыча ачык асман саясатын ишке ашыруу жергиликтүү авиацияны жок кылып салышы мүмкүн. Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар дүйнөлүк лидерлер менен атаандаштыкка туруштук бере албай калышат», — деген ал.

*Кыргызстандагы бардык 13 авиакомпания Европа Биримдигинин «кара тизмесинде» турат — учактары Европанын коопсуздук талаптарына туура келбегендиктен аларга Европанын үстүнөн учууга тыюу салынган.

Ошондуктан «Эйр Манастын» башкы директору мамлекет жергиликтүү авиакомпанияларды колдошу керек деп көшөрүүдө.

«Жүздөгөн адам жумушсуз калат. [...] Ошондуктан биз “ачык асман” саясатына акырындык менен өтүү үчүн чыгып атабыз», — деп билдирген Нурбаев.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү авиакомпаниялардын нааразылыгына алар чет элдиктер менен чынчылдыкка таянып атаандашып, тейлөөнүн деңгээлин жогорулатышы керек деп жооп берди.

Депутат Абдывахап Нурбаев жергиликтүү авиакомпаниялар өзүнүн демилгесине Бишкектен чыккан каттамдарды «монополдоштуруп» алышкандыктан каршы болуп атышат деп эсептейт. Анын айтымында, өлкөнүн «Ачык асманга» кошулушу кыргызстандыктардын гана кызыкчылыгын көздөйт:

«Биз үчүн эң башкысы — бул жүргүнчүлөрдүн ыңгайы менен коопсуздугу. Кыргыз учактары 27-28 жашта, казактардыкы — 6-7, орустардыкы — 4-6 жаш. Эгер кыргыз базарына ири компаниялар келе турган болсо, анда бул элдин өзүнө эле пайда».