Октябрь айынын ортолорунда 25 жаштагы Элдос Сатаровду Тамчы айылындагы таякесинин үйүндө жергиликтүү балдар катуу токмоктоп кетишкен. Анын христиан динин тутунганы тууралуу эч ким айтпаганда, балким, бул окуя балдардын кадыресе өз ара араздашуусу сыңары эле көңүл бурулбай калмак.

«Клооптун» журналисти Мээрим Эгембердиеванын баяндоосу.

Элдосту кантип сабашкан?

20-октябрь. Ысык-Көлдөгү Тамчы айылына барыш үчүн Бишкектен чыгышты көздөй 4 сааттай жол жүрдүм. Тургундар айылда болуп жаткан окуялар тууралуу көп эле биле бербегендей туюлду. Айылдын орто ченинде, чоң жолдун боюнда бир мечиттен башка сыйынуу жайы деле көзгө урунган жок. Акыры Элдос жашаган үйдү сураштырып таап бардым. Ал жакта Элдостун атасы Сатар Абыкеев бар экен. Алгач окуя тууралуу ал бизге айтып берүүдөн тартынгансып, бир чети шектенип турду. Ошентсе да Сатар абаны кепке тарттым.

Анын айтуусуна караганда, баласы үч жылдан бери кыш айларында Тамчы айылына келип, кайниси Нурбек Эсеналы уулунун үйүн карап турчу экен. Өздөрү Тамчынын чыгыш тарабында 100 километрдей алыстыкта жайгашкан Кароол-Дөбө айылында турушаарын айтат.

«Мурда сабап кеткен окуя болгон эмес. Аларга гитара чертип, ырдап берип жүрчү окшойт. Тааныган эле балдар экен. Бир жолу ушул айылдын балдары Элдостун гитарасын алып алып бербей коюшканда, агасы келип алып берген эле. Элдос өзү аябай жоош, көп сүйлөбөгөн бала. Өзү менен өзү жүрө берет. Үйдөгүлөргө эч нерсе деле айтчу эмес. Бирок балам Тамчыга жөнөөрдө баргысы келбегендей түр көрсөтүп калчу», — деп айта баштады Сатар аба окуянын чоо-жайын.

Элдостун атасы Сатар Абыкеев (солдо) уулу жашаган жерди көрсөтүп жатат. Cүрөт автордуку

Анын айтымында, 16-октябрдын түнкү саат экилеринде тамчылык үч бала үйгө кирип келишкен. Ал учурда Элдос өзү жалгыз болгон. Балдар чогуу сабап, кийин Элдосту жуунтуп жаткызып коюп кетип калышкан. Эртеси сабалган Элдосту туугандары Чолпон-Атадагы ооруканага алып барышканда ал жактан аны Бишкекке жиберишкен. Абалы оор бойдон Бишкектеги ооруканага жаткырылган.

Баласын токмоктогонун укканда энеси сары санаага батып, катуу ооруп калганын айтат Сатар аба.

Сатар аба христианчылыкты тутунбайт. Ал эми уулу Элдостун христиан динин тутунуп-тутунбаганы боюнча суроомо так жооп бере алган жок. Бирок Элдос кайниси Нурбек менен көп убакыт өткөргөндүктөн таякесинен христианчылык жөнүндө маалымат алган болушу ыктымал деген ойдо. «Балдар аны христиансың деп уруп койгон деп ойлойм», — деди ал.

Кайниси Нурбек окуя боюнча комментарий бербөөнү Сатар абага катуу буйруган өңдөнөт. Анткени ал мага көп нерсени ачык айтпай, аябай карманып турду. Нурбектин байланыш номерлерин да берүүдөн баш тартып, мага Бишкектеги 4-ооруканага баруум керек экенин айтып узатып койду.

Элдос карап жүргөн үй. Азыр аны Элдостун ордуна атасы кайтарып атат. Сүрөт автордуку

Үйдөн чыгып Тамчы айылынын милиция бөлүмүнө бардым. Милиция кызматкерлери бул окуя жөнүндө эч кандай комментарий бере албасын, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына же Ички иштер министрлигине гана кайрылуум кажет экенин айтышты. Чакан милицияканада болгон сүйлөшүүдө алар менин кайсы динди карманаарымды сураганга үлгүрүштү. Алардын күмөн саноосун туура эле кабыл алдым.

Ошол эле күнү Бишкекке кайтып, Сатар аба айткан 4-ооруканага бардым. Тилекке каршы, Элдос аттуу бейтап ал жерде жок экенин айтып, кабылдамадан ары мени жолго салып коюшту.

«Элдосту христиан болгону үчүн сабаган»

23-октябрь. Элдостун таякеси Нурбек Эсеналы уулу үй-бүлөсү менен Бишкек шаарында жашап, котормочу болуп иштейт экен. Шаарда жашап жатканына байланыштуу Ысык-Көлдө каралбай калган үйүн жээни Элдос кайтарчу. Нурбектин айтымында, жээни алардын үйүндө чоңоюп, бир туугандай болуп калган.

Нурбек христианчылыкты тутунаарын айтты. «Мен мурунтан эле Исага ишенем. Ишенгенимди эч кимден деле жашырбайм, эч кимге деле таңуулабайм. Элдоско эч ким таңуулаган эмес. Ал өзү сыйынып көрүп, Иса жооп берди деп ишенип калган. Менден кызыгып сураганда, билгенимди бөлүшөм», — деди ал.

Тамчылыктар да алардын дини туурасында билээрин айтат. Айылдык балдар Элдосту дал ошол себептен сабап кеткен деп эсептейт. Эртеси күнү сабаган балдар келип, алардан кечирим сурашкан экен. Элдостун туугандары балдардын абалын түшүнүп турган менен бирок кылган иштери үчүн жооп бериши керек деген пикирде.

«Эртеси күнү балдар кечирим сурап келишти. Биз ошол маалда Элдосту Бишкекке алып жөнөгөн элек. “Кичине сыра ичип алдык эле. Биз негизи ичпеген балдарбыз” дешти. Анан кийин эле “Аябай мас болуп калып, эмне кылганыбызды билбей калыптырбыз” деп айтып атышат. Элдосту Исага ишенгени үчүн сабаган экенсиңер? “Бул жерден жоголуп кет!” деп коркуткан турбайсыңарбы? Ошону мойнуңарга аласыңарбы десем, алар “Жок, жок, антип айткан жокпуз” деди. Өздөрүнө-өздөрү карама-каршы эле сүйлөп атышат. Музыка алардын тынчын алыптыр, бирок ал сыртка угулган да эмес. Алар келген убакта музыка өчкөн болчу. Аз эле ичтик деп атат, бирок аябай мас болуп калышыптыр», — деп окуя боюнча сабаган балдардын айткандарына түшүнбөй жатканын билдирди Нурбек.

Элдос жашаган бөлмөдөгү диван. Сүрөт автордуку

Элдос менен жолугуу

Элдос Республикалык оорукананын баш-жаак хирургиясы бөлүмүндө жаткан экен. Бул бөлүмгө баш багып, анын атын айтсам, мени дароо эле палатага жиберишти. Палатага киргенимде Элдосту бир аял колу менен силкип ойготууга аракет кылып жатканын көрдүм. Элдос болсо эч нерсени сезбей уктап жаткан эле. Көрсө ал аял Элдостун апасы Анара Шаршембиева экен. Ал операциядан эми эле чыгып, наркоздун айынан өзүнө келе албай жаткан уулун ойгото албай жатыптыр. Көзүнөн жашы куюлуп, Элдостун атын катуу-катуу айтып ойгото албай айласы куруп жаткан болчу.

Кийин мен ага жакын барып өзүмдү тааныштырсам, мени тезинен колдон кармап сыртка чыгарды. Өзүн жаман сезип жатканын жана эч кандай комментарий бере албастыгын айтты. «Азыр [Нурбек] таякеси келет, күтө тур. Ошол берет комментарий», — деди мага Анара эже.

***

Элдосту Бишкек шаарына алып келгенден кийин дарыгерлер аны операцияга бир жумадай даярдашкан. Мен барган кезде мээси чайкалып, жаактары сынган Элдос операциядан жаңы эле чыккан экен. «Ойлогонубуздан көбүрөөк убакытка созулду. Ага көбүрөөк наркоз берилген үчүн эки саатта өзүнө келет деген, 5-6 саат өттү өзүнө келе албай атат. Улам аны ойготуп туруш керек экен, аракет кылып атабыз. Азыр жанында апасы бар. Эң негизгиси — дарыгерлер бизди тынчтандырып, майып болбойт, баары жакшы болот дегенинен биз аябай жеңилдеп калдык», — деп шаша сүйлөдү Нурбек.

Кийин Нурбек эжеси Анара менен бирге кетиши керек экенин айтышты. Элдосту карап бир эжеси калды. Анын жанына барып караганымда, ал эч кыймылдабастан, башы ак бинт менен оролуп жаткан болчу.

Элдостун операциядан кийинки абалын адвокаты Жанара Аскар кызы сүрөткө тартып алып коомдук желеге чыгарган.

26-28-октябрь. Элдос өзүнө келсе, ага жолугуп, кырсык боюнча өзүнөн угууга аракет кылып көрөйүн деп чечтим. Таякеси Нурбекке чалып, Элдос менен жолугууга болор-болбосун сурадым. «Учурда Элдос аябай алсыз болуп турат, дарыгерлер да болуп өткөн окуяны эстетпөөнү айтып жатышат. Азыр бул ооруканага ар жактан келип жатышкан үчүн Элдоско тынчтык керек деп биз башка жерди издеп жатабыз», — деп түшүндүрдү ал.

Андан кийин Элдоско кезиге албай жүрдүм.

Элдос башка ооруканада

6-ноябрь. Эртең мененки саат 9:30да чалганымда Нурбек телефонду алып, «Элдосту башка жерге котордук, мурдагы жаткан ооруканадагы дарыгерлер жакшы карабай жатышат. Операциядан кийин Элдос өзүнө араң келди. Дарыгерлер “Элдос өзүнө келет, жакшы болуп калат” деп бизди соороткону менен бирок алар өздөрү да коркуп жатышты. Операциядан кийин дагы ал башым катуу ооруп жатат дегенинен биз кабатыр болуп, өзүбүз башка жерден аны текшерттик. Анын жыйынтыгын көрсөткөнүбүздө дарыгерлер өздөрү коркуп кетишти. Көрсө, жээнимди ургандар биринчи күндөрү келип жүрүштү эле, ошондо диагнозду дагы жеңилдетип жаздырып коюшкан экен. Дарыгерлер мындай кылат деп ойлобоптурбуз. Ошондон улам башка жерге которууга туура келди», — деп айтты Нурбек.

Нурбектин айтымында, азыр Элдостун сол көзү жакшы көрбөй жатат. Мурду дагы кыйшайып калган үчүн операция жасап-жасабоо боюнча дарыгерлер менен сүйлөшүп жатышкан экен. Анан дагы, азыр Элдостун жаагы тигилүү болгон үчүн аны чечкенде тишинин жарымынан көбү түшүп калуу коркунучу бар экенин да кошумчалады ал.

Элдосту жаңы бейтапканага которгондон кийин адвокаты Жанара Аскар кызынын уруксаты менен ал жаткан палатага кирсем түтүк аркылуу тамактанып жатыптыр. Мени көрө калып ачуусу келгени байкалды. Ордунан туруп ары-бери басты. Ага көптөн бери жолуга албай жүргөнүмдү айттып диалог курууга аракет кылдым. Бирок ал мени менен сүйлөшүүнү каалаган жок.

Элдос менен сүйлөшүүгө кылган акыркы аракетим ушул болду. Окуянын чоо-жайын өзүнөн угайын деп бир айга жакын күткөн аракетимден майнап чыккан жок.

10-ноябрь. Кийинчерээк адвокаты Жанара Аскар кызы менен байланышып кырсык боюнча Элдостун өзүнөн угайын деген оюмду айттым. «Ал менен жолукканыңыз менен эч кандай жыйынтык болбойт. Ал азыр сүйлөй албайт. Өткөндө биз оперлер [укук коргоочулар] менен келгенибизде толугу менен беш саат арыз жазды. Акырын жазып араң бүттү. Эгер кааласаңыз сизге ошол арызды жиберейин», — деп түшүндүрдү адвокат. Анын айтымында, ал арыз азыр Ички иштер министрлигинде (ИИМ) жана өздөрүндө бар. Ошондуктан окуянын чоо-жайына байланыштуу колубузда болгон «Элдостун жападан-жалгыз түшүндүрмөсүн» сунуш кылабыз.

Түшүнүк кат (автордун жазуу стили сакталды)

Мен түшүнүк кат жазуумдун себеби төмөндөгүчө. Мен Кароол-Дөбө айылында жашайм. Иса Теңирге кичине кезимден ишенем, Библия окуйм.

2018-жылдын сентябрь айында Тамчы айылында жашаган Нурбек тайкем чакырды. Ал дагы Иса Теңирге ишенет. Тайкем үйүн карап турууну суранды. Мен макул болуп ошол жакта жашап аткам.

2018-жылдын 15-октябрь түнү кудайды даңктоо ырларын угуп, Библия окуп сыйынып саат 23:30 чамасында уйкум келип эшиктерди жаптым. Музыка, светтин баарын өчүрүп диванга жатып уктадым. Түнкү саат 2 же 3 чамасында мен жаткан үйдүн эшигин катуу тыкылдап жатканынан ойгондум. Чочуп кетип светтерди жандырдым. Бул ким деп сурадым. Биз айылданбыз деп айтты. Жаман оюм жок уйку сурап эшикти ачтым. Тамчылык Ислам, Заманбек, Алёш аттуу балдар кирип келишти. Заманбек менин жаагыма муштум менен бир койду. Сен диниңди саткан каапырсың деп үчөөлөп соккулай башташты. Мен жыгылып түштүм. Түшүнүксүз суроолорду берип сен дин сатаарсың деп ичтериме, баштарыма тепкилегенде өзөрүп жыгылдым, эсимди жоготтум. Өзүмө келсем мага суу куюп ойготуп жатышыптыр. Камера жокпу деп үйдү толук карап чыгышты. Мени эртең Тамчыдан кетпесең өлтүрөбүз деп колундагы таяктары менен мени кайрадан урду. Тамчыдан кеткиниң деп мени коркутуп эртең союп кетебиз деп кетип жатканда Ислам менин башыма секиргенде өзүмдү кайра жоготтум. Өзүмө келсем күн чыгып калган экен. Эптеп апама чалдым. Алар дарбазанын кулпуланган илгичин түбү менен үзүп киришкен. Мен ооруканага жаттым. Натыйжада мурдум сыныптыр жаагым сыныптыр, көзүм канады, денем көгөрүп шишиди. Тиштеримдин түбү жабыркап жаагым тигилгенден азыр сүйлөй албайм.

Бүгүнкү күнгө чейин жаагым тигилгенине байланыштуу сүйлөй албайм. Бүгүнкү күнгө чейин эки жолу милиция кызматкерлери мага даяр жазылган арыздарына кол койдуруп кетишти. Мен ооруканада жаткан кезде мени сабаган Алёш аттуу бала байкеси менен келип тосмо арыз жазып бербесем, Нурбек тайкемди айылда жашатпайбыз деп коркутту. Мен аларды көргөндө коркуп көзүм караңгылашып кустум. Мага операция кылды. 25 күндөн кийин шинаны жаагымдан алат экен. Мени Иса Теңирге ишенгеним үчүн сабаган адамдарды жазалап бериңиздер. Аларды камактан бошотуп салыптырсыңар 1 күн алар камакта жатканда мен тынч уктадым. Башка күндөрү келип мени коркутушчу. Врачтарды сүйлөшүп койдук сени бат эле чыгарат. Анан өлтүрөбүз, милицияга тыйын берип койгонбуз деп айткан. Азыр да ооруканага келип өмүрүмө коркунуч туудуруп жатат. Мени коргоп бериңиздер.

Түшүнүк кат өз колум менен туура жазылды.

Сатар уулу Элдос (Колу)

27.10.2018

Адвокат Жанара Аскар кызы тартып жиберген Элдостун түшүнүк каты.

20-ноябрь. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, Элдосту сабаган эки балага «ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми жаңжалга катышкан үчүнчү бала окуя боюнча күбө катары өтүп жатат. «Эки бала Элдосту сабаганын мойнуна алып, үчүнчүсү сабаган эмес экенин, арачалаганын айтышты. Экөөнө айыбы угузулуп, алар үй камагына чыгарылган. Кылмыш иши райондук сотто каралууда», — деди Усубакунов.

Таякеси Нурбектин айтымында, учурда Элдостун тиштери катуу ооруп атат. Анын жаагындагы тигишти бир аптанын ичинде ала башташат.

«Сабаган балдар кандайдыр бир жаза алышы керек. Мыйзам боюнча алар көп жылга соттолуп кетет экен. Бир чети аларга деле боорубуз ооруп атат. Туугандары, адвокаттары менен сүйлөшүп турабыз. Туура чечим болсо экен деп кудайдан тиленип атабыз», — дейт Нурбек.

Редактору: Элмурат Асан