Өмүрбек Текебаев 2017-жылы сот залындагы темир тор артында. Сүрөт: Уланбек Эгизбаев/RFE/RL

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары өздөрүнүн мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Бул 8 жылга соттолгон саясатчынын өкүмүнө таасир этүү боюнча көрүлгөн биринчи эле аракет эмес.

«Ата Мекен» фракциясынын учурдагы лидери Алмамбет Шыкмаматов Текебаевдин ишин кайра кароо керек деп эсептейт. Анткени мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден жаңы жагдайлар пайда болгон.

Шыкмаматовдун оюнча, Атамбаев Текебаевдин иши боюнча сотко катышышы керек. «Ал интервью учурунда [19-ноябрда] Текебаев боюнча өзү [ага каршы иш козгоо] буйругун бергенин мойнуна алды», — деп келтирет «24.kg» сайты Шыкмаматовдун айткандарын.

Атамбаев өзү Текебаевдин үстүнөн сот иши жүрүп атканда көрсөтмө берген эмес. Ал учурда Кыргызстандын Баш мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн шартында саясатчылардын ортосунда тиреш башталган. Ал эми оппозиционер ага каршы чыккан.

Ошондой эле Шыкмаматов фракциянын карамагында Текебаевдин күнөөсү жок экенин далилдеген документтер бар экенин билдирген.

Атамбаев «Апрель» телеканалына курган маегинде Текебаевдин ишинде «мыйзамды карабай деле койсом болмок экен» деп айткан.

«Бирок мен күч органдарына баарын “мыйзам чегинде” жасагыла деп талап койчумун. Тарбиям ошондой… Бирок Текебаев отурганга чейин жана андан кийин кандай мамиле болгон? Биздин эл ушундай экен, эмне дейсиң бул жерде? Президент катары мен күнөөлүүмүн, бирок адамдар да мыйзам боюнча жооп бериши керек», — деген ал.

Москвадагы кармоо

«Ата Мекен» орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин кармалышынын шартында Жээнбековдон Текебаевдин өкүмүнө каратат «саясий баа берүүнү» суранды. Маевский Текебаевдин ишиндеги айыптоочу тараптын башкы күбөсү болгон.

«Биз сизди сот иштерине кийлигишүүгө үндөгөн жокпуз. Бирок [Текебаевдин иши] жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышы керек. Себеби сот Текебаевге ачылган иштин жалгыз күбөсү, арызчысы жана алдамчы Леонид Маевскийдин бетин ачып кармалды», — деп билдиришти фракциядан.

Кыргыз тергөөчүлөрүнүн версиясына ылайык, Маевский «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк алуу үчүн Текебаевге 1 млн доллар өлчөмүндө пара берген. Бул үчүн 2017-жылы ноябрда Текебаев 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мунапыстан кийин анын жаза өтөө мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскарган.

17-ноябрда Маевский Москвада кармалды. Ага 37,5 млн долларды опузалап алуу боюнча айып тагылууда. Эгер анын күнөөсү далилденсе, анда ал 15 жылга эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Бирок «Ата Мекендин» билдирүүсүнө караганда, Маевскийдин Москвада кармалышы Текебаевдин айланасындагы териштирүүлөргө кандай тиешеси бар экени түшүнүксүз.

Мунапыс жөнүндө мыйзам

Саясий камактагыларга карата мунапыс жөнүндө маселеси Жээнбековдун 20-ноябрда парламенттин мурдагы спикерлери жана өкмөттүн экс-премьер-министрлери менен өткөн жолугушуусунда да көтөрүлдү. Бирок жолугушууда Текебаевдин өзү тууралуу сөз болгон-болбогону белгисиз.

«Камактагылардын маселесин биринчи Медеткан Шеримкулов, андан соң Абдыганы Эркебаев көтөрдү, дагы бир топ адам сүйлөдү. Ага жооп катары “жакында мунапыс чыгат” деп айтылды. Качан экени беймаалым. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана ынтымагы үчүн. Президент буга макул экенин айтып, иш жүрүп жатканын белгиледи», — деди экс-спикер Мукар Чолпонбаев.

Азыр парламент чынында эле мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо. Ал бир гана саясий камактагыларга эле тийиштүү эмес.

Долбоордун авторлорунун бири депутат Исхак Масалиев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, анын документи «Текебаевге тийиштүү болот, бирок бир гана анын жеке кайрылуусу менен».

«Бул иштин мүнөзү башында эле түшүнүктүү болгон, себеби Маевскийдин жети жыл мурда үчүнчү тарап, кийинчерээк каза болуп калган адам аркылуу акча бергендиги жөнүндө көрсөтмөсү прокуратура менен сот үчүн айыптоо өкүмүн чыгарууга негиз болуп бере албайт. Текебаевдин бул иште башкы фигура болгондугун тастыктаган далилдер өтө эле аз», — деп эсептейт ал.

Бул Текебаевдин ишине таасир этүү боюнча көрүлгөн биринчи эле аракет эмес. 2018-жылы майда мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкө башчысы Жээнбековго Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү менен кайрылган.

Текебаевге каршы иш

«Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы августта соттолгон. Аны ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотонов менен кошо орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегакомду» башкарууга мүмкүндүк бериши керек болгон. Ал эми Чотонов бул иште ортомчулук кылган.

Биринчи май раондук соту Текебаев менен Чотоновду мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эрктеринен ажыраткан. Бирок аларга карата мунапыс колдонулгандан кийин саясатчылар абакта төрт жарым жыл болот.

Текебаев күнөөсүн мойнуна албай ишти бийликтин «саясий буругу» деп атаган. Оппозиционер 2017-жылы бийликтин дарегине жана учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата айткан сындарынын шартында камакка алынган.

Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине, өзгөчө, ал өзү жана «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Баш мыйзамга түзөтүүлөргө каршы чыгышкан.