Ош шаарынын таштанды талаасы. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

«Ош-Тазалык» муниципиалдык ишканасы алты жылдан бери жаңы шаардык таштанды талаасы үчүн жерди алты жыл майнапсыз издеген. Ош мэриясы шаардын өзүндө жер жок, ал эми коңшу райондор жер бөлүүгө жардамдашууга шашылган эмес деп ырастады. Акыр-аягында жаңы таштанды полигонун авариялык абалда жаткан эскисинин жанына курууну чечишкен.

2012-жылы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕӨРБ) жаңы таштанды талаасын курууга дээрлик 11 млн евро бөлгөн, анын ичинен беш миллиону 12 жылга насыя катары берилген. Таштанды полигонун курууга тендер аны салууга жер бекитилген соң гана жарыяланат. Тендерди уткан компания курулуш иштерине ЕӨРБдан насыя алат, ал эми акчаны кайра «Ош-Тазалык» төлөмөкчү, анткени жаңы полигон анын карамагында калат.

Жаңы таштанды талаасы эмне үчүн керек?

Азыр Оштон чыккан таштанды шаардан беш километр алыстыктагы полигонго чыгарылат. Ал 1950-жылдардын этегинде курулуп, анын аянты 50 гектардан ашат. Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат.

Таштанды талаасынан бир чакырым узак жерде ДЭУ жайгашкан. Жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнүн жана ден соолуктарынын бузулганына арызданышууда. Алар өздөрүнүн көйгөйүн үч жылдан бери жабылышын күтүп атышкан таштанды полигону менен байланыштырышууда.

«Биздин балдар дайыма ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгышат. Кызым бир айдан бери көздөрү шишип, кызарып жүрөт. Ал барган бала бакчада да башка балдар дайыма оорушат», — деп айткан жыл башында жергиликтүү тургундардын бири.

ДЭУнун тургундары бир нече ирет митингге чыгышып, полигондун көчүрүлүшүн талап кылышкан. Бирок бийликтегилер алардын суранычына көңүл деле бурушкан эмес.

Күн сайын Оштон полигонго болжолдуу 160 оор жүк унаа таштанды чыгарылат. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Эмне үчүн «Ош-Тазалык» таштанды талаасын көчүрүүнү создуктурууда?

Анткени ал үчүн жер табуу пландаштырылгандан да кыйынга турган. Жаңы таштанды талаасын куруу үчүн жок эле дегенде 33 гектар жер керек.

Башында аны жакынкы аймактарда, Кара-Суу же Ноокат районунда, курууну каалашкан. Бирок, «Ош-Тазалыктын» башчысы Талантбек Капаровдун айтымында, айылдык кеңештин депутаттары долбоорду жактырбай коюшкан.

««Алар ич ара кеңешип, полигон бизге керек эмес деп чечишкен. Алардын айтымында, ал жерлер бөлүнүп, менчиктештирилип кеткен», — деп түшүндүрөт Капаров.

Полигон курула турчу Кара-Суу районунун администрациясынан талап кылынган жер «санитардык талаптарга жооп бербейт» деп айтылган.

Райондук администрациянын башчысынын орун басары Мээрим Жороеванын айтымында, азыр жергиликтүү аткаминерлер полигон үчүн жаңы жер тилкесин издешүүдө. Бирок азырынча Кара-Суу районунда жер жок.

Бул карасуулук аткаминерлер Оштун муктаждыгы үчүн жер бөлүп берүүгө каршы чыгып атышканындыгынын жалгыз эле себеби эмес. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Абусалим Юсупов анын аймагында турак-жай куруу үчүн жерди 3000ге чукул адам күтүп атканын айтууда. Ал кошумчалагандай, анын аймага буга чейин да Ошко көп жер берген. 2012-жылы шаарга 270 гектар жер берилген.

«Жер сурашкан [полигон үчүн] аймактан бир чакырым алыстыкта жергиликтүүлөргө турак-жай куруу үчүн жер бөлүнүп берилген. Бул абдан жакын. Шамал болгондо полигондогу таштандыны бардыгы айылга учуп барат», — деп түшүндүрөт Юсупов.

Ноокат районунда да ашыкча жер тилкеси табылбай калган. Ноокаттын айыл өкмөт башчысы Бексултан Ташполот уулу ырастагандай, бардык бош жер участоктору айылдыктардын ортосунда бөлүнүп берилип кеткен.

«Биз жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдүк, алардын баары жердин берилишине каршы. Ал жер эл жашаган аймактан 3-4 чакырым аралыкта жайгашкан. Таштанды айлана-чөйрөнү булгайт деп [чечишти]», — деп айтат ал.

Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Эмне үчүн жаңы полигон эскисинин жанына курулат?

Эки район тең жаңы таштанды талаасы үчүн жер бөлүп берүүдөн баш тартышкан соң «Ош-Тазалык» мурдагы полигондун жанына жаңысын курууну чечкен.

«Эски полигондун аянты 54 гектарды түзөт. Анын 20 гектары гана иштетилип жатат, калган 30 гектар бош. Аны дагы 30-40 жыл иштетсе болот. Биз ЕӨРБге бул долбоорду сунуштап, ошол эле жерге жаны полигон курууну пландап жатабыз», — деди «Ош-Тазалыктын» башчысы Талантбек Капаров.

Ошол эле кезде эски полигон илгертен бери эле жараксыз абалга кептелген. Оштун экотехинспекциясынын начальниги Асан Мамыраимов ал жерде өрткө каршы коопсуздук чаралары сакталбасын түшүндүрөт — жайнаган таштанды чирип, анын үстүндө дайыма түтүн турат.

«Түтүн ДЭУ жашоочуларынын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Биз “Ош-Тазалыктан” экологиялык жана өрт коопсуздугуна каршы иштерди жүргүзүүсүн сурандык», — дейт ал.

Эколог Эгемназар Айдаралиев да эски полигонду рекультивациялоо керектигин айтат. Анын пикири боюнча, эски таштанды талаасын кум менен көмүп, анын айланасын тосуп салуу керек.

«Полигондун аянты жыл сайын чоңоюуда. Коңшу Ноокаттын аймагына да кирип кетүүдө. Полигон эл жашаган жерге жакын болбошу керек. Жаңы полигон куруу зарыл», — деп эсептейт Айдаралиев.

Ош бийлиги эски таштанды талаасы рекультивацияланып, ага жакын курулула турган жаңысы мурдагысынан да коопсузураак болот деп убада кылууда. Ошол эле маалда бийлик иштин так башталаар убактысын атаган жок.

Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

«Ош-Тазалык» насыяны кантип төлөмөкчү?

Ишкана насыяны 2019-жылдын апрелинде төлөй башташы керек. Учурда «Ош-Тазалык» жаңы полигон курулуп баштагыча ЕӨРБ менен насыя төлөө мөөнөтүн жылдыра туруу боюнча макулдашууга аракет жасоодо. Ал эми ЕӨРБдан «Клооптун» журналистине ишкананын бул өтүнүчү боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Ошентсе да Капаров «Ош-Тазалыкта» карызды төлөөдө көйгөй жаралбасын айтат.

«Бизде акча бар. Эгер 2013-жылы “Ош-Тазалыктын” бюджети 30 млн сомду түзүп турган болсо, 2018-жылы ал 108 млн сомго жеткен», — деп түшүндүрөт ал. Анын айтымында, кирешенин өсүшү таштанды чыгаруу үчүн абоненттердин санынын көбөйүшү, шаарга жаңы аймактардын кошулушуна жана төлөө системасын оптимизациялоого байланыштуу.

Жаңы полигон куруу үчүн тендер ал жайгаша турган жер биротоло аныкталгандан кийин гана өтөт. Азыр жергиликтүү бийлик ЕӨРБ полигон жайгаша турчу жер боюнча сунушту жактырышын күтүүдө. Банктын өкүлдөрү аны изилдешкени менен ага байланыштуу макулдуктарын берише элек.

Авторлору: Адилет Абдырасул уулу, Шекербек Токтосун уулу

Редактору: Элвира Акимова