Баткендин прокурорунун өлүмү: Митингчилер аңчылыкка маркум менен кошо чыккандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылышты

Прокурор Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Абдыкадыровдун бир туугандарынын митинги. Сүрөт: Жеңиш Айдаров/RFE/RL

18-ноябрда Төрт-Көл суу сактагычынын жанынан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү табылган. Аны өлтүрүүгө аткаминер Мелис Калыков шектелүүдө — алдын ала маалыматтарга ылайык, ал прокуорду атып, андан соң денесин өрттөп салган. Шектүүнүн эжеси бул окуяга Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлери да тиешелүү деп эсептейт.

26-ноябрда Калыковдун жүзгө чукул тарапкери Баткен шаарында митингге чыгышты. Митингге чыккандар сот адилеттигин жана аңчылыкка маркум менен кошо чыккан прокуратура кызматкерлерин да жоопкерчиликке тартууну талап кылышканын «Азаттыктын» журналисттери маалымдашты.

Шектүүнүн эжеси Дариха Калыкова Баткен прокуратурасынын кызматкерлери күнөөну агасына оодаргылары келип атканын «Кактус» басылмасына айткан.

«Анын ордун ээлегиси келгендердин кылганы. Анткени Мамажакыпов өзүнүн жемкор кесиптештери менен күрөшкөнүн бардыгы билишет. [...] Атүгүл Мамажакыповдун өз бир тууганы да буга прокуратуранын башка кызматкерлери катышышкан деп эсептейт», — деди ал.

Анын айтымында, аңчылыкка прокуратуранын алты кызматкери менен агасынан тышкары, Эрнис аттуу бирөө барган. Ал «Аю холдиң» компаниясынын өкүлү жана прокурорлордун бирөөсүнүн жакын досу.

«Бирок Эрнис тууралуу Баткен РИИБнин басма сөз катчысы да, прокуратура да жана башка органдар да ооз ачышкан жок. Бул ар кандай ойго түртөт экен. Күч органдары бир нерсени жашырып атышабы?» — деп айткан Калыкова митингде.

Калыкова кошумчалагандай, өз үй-бүлөсү Башкы прокуратурага кайрылуудан коркуп атат, себеби бул ишке прокуратуранын кызматкерлеринин да тиешеси бар деп ойлошот. Ошондуктан алар президентке, парламенттин спикерине жана акыйкатчыга ачык жана объективдүү иликтөө жүргүзүп берүү боюнча кайрылуусун жазышкан.

Андан тышкары, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдиргендей, тергөөчүлөр кыйнаганы үчүн Мелис Калыков кылмыш жасадым деп мойнуна алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендин прокурору киши колдуу болду. Анын өлүмүнө мурдагы таасирдүү аткаминер шектелүүдө