«Мен кыргыз тил мугалимдикке талапкерлигимди сунуштагам, бирок бул мектептин директору хижабдын айынан мени жумушка албасын айтты», — деди Салтанат (ысымы өзгөртүлдү)
Салтанат 21 жашта. Ал жакында эле Ошто коллежди бүтүрүп, башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча педагогикалык билим алган.
Ал акыркы эки жылдан бери хижаб кийип жүрөт. Окуу учурунда буга байланыштуу маселе жаралбаганын айтат — коллеждин администрациясы кыздын тандоосуна кадыресе мамиле жасачу.
Бирок окууну аяктап, өз айылындагы мектепке мугалим болуп иштейин деп келген соң, анын тышкы келбети көйгөй жарата баштаган. Мектептердин бири аны жумушка алуудан баш тартса, башка мектептин директору да өз мекемесинде хижаб кийген мугалимди көргүсү келбегенин айткан.
Бул маселеде Салтанат жалгыз эле эмес. Бул көрүнүш коом мектептерде диний кийимдерин кийген адамдардын пайда болушуна канчалык бир беткей мамиле кылаарын көрсөтүп турат. Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын бийлиги кыздарга таптакыр эле мектепке хижабчан барууга тыюу салат. Кыргызстанда буга карата расмий тыюу жок, бирок өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев өз башкаруусу учурунда кыргызстандыктар «дин менен араб маданиятын алмаштырбоосу» керектигин бир нече жолу айткан.
2016-жылы «Кайран элим, кайда бара жатабыз» деп жазылган көрнөктөрдүн Кыргызстан боюнча илинишин да Алмазбек Атамбаев демилгелеп чыккан.
Бирок Атамбаевдин энтузиазмын бардыгы эле колдоого алган эмес. Ага каршылар президент Конституцияны бузууда деп ырасташкан. Себеби өлкөнүн башкы мыйзамынын 32-беренесинде ар бир жаранга дин тутуу эркиндиги кепилденээри жазылган.
«Мени хижаб кийгеним үчүн жумушка алышпады»
Салтанат ошентсе да башка бир мектепке жумушка орношкон. Бирок ага мектепте көп жылдан бери иштеп кеткен чоң апасы көмөктөшкөн. Ал жакка Салтанатты болгону катчынын жардамчысы кызматына алышкан. Ошондо да ага мойнуң менен ээгиңди жапкан хижабды кийбей, артына гана байланчу жоолук менен чектелесиң деген шарт коюшкан.
«Күнүгө мектепке келе жатып артыма жоолук байлачумун. Бирок мага ал жакчу эмес, өзүмдү кысымга алынган немедей сезчүмүн», — деп айтып берди ал.
Салтанат мектепте болгону эки ай гана иштей алган, анткени хижаб кийүүгө салынган тыюуга чыдай албай кетип калган. Азыр ал эч жерде иштебейт, бирок чет өлкөгө кетип, сабырдуураак адамдар менен иштешиш үчүн англис тил ийримине барып жүрөт.
Бул жагдай — ачык эле адам укугун бузуу деп эсептейт юрист Жибек Кенжебекова. Юрист мыйзам мектепке хижабчан барууга тыюу салбасын айтат.
«Кыргызстандын Конситуциясына ылайык, эч ким диний жек көрүүчүлүккө кабылбашы керек», — деп түшүндүрөт Кенжебекова. Ал кошчалагандай, «Дин тутуу эркиндиги жөнүндө» мыйзамда төмөнкүлөр айтылган: «Жарандар өздөрүнүн динге жана диний же болбосо атеисттик ынанымдарына карабастан жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмуштун бардык тармактарында мыйзам алдында тең».
Ошого карабастан мындай кодулоого мектептерде сабак бергиси келген мусулман кыздар эле эмес, сабак учурунда хижабын чечкиси келбеген мектеп окуучулары да кабылышууда.
Азалия (ысымы өзгөртүлдү) мектепти эки жыл мурда бүткөн. Биринчи жолу ал хижабды бешинчи классында кийген. Анын айтымында, хижаб кийүүнү өзү чечкен жана ата-энеси аны таңуулаган эмес. Анын үй-бүлөсүндө туугандарынын бардыгы башын жаап алып жүрүшөт. Хижаб кийгенге дейре Азалияда исламды изилдөөгө жана диний адабияттарды окуп чыгууга убактысы болгон.
«Хижаб — бул менин коргоом. Бирок учурда бул маселени чечпегени менен кыйыгы менен карагандарга, [балдардын] ышкырыктарга чыдоого туура келет», – дейт ал.
Азалия окуган мектептин администрациясы анын сабактарга жоолук салынып алып келүүсүнө таптакыр каршы болгон. Ал жоолугун мектепке кирээрде чечип, үйгө кайтаарда кайра салынып алууга туура келчү.
Алтынчы классында ал хижабды аңдап эле кийип жүргөнүн түшүнүп, аны чечпей калган. Азалия аны мектеп формасынын үстүнөн кийип алчу. Андан тышкары, башка эки кыз да ошентип жүрчү. Мектептин жетекчилигине бул өтө эле жакпай калган.
«Директорбуз бара-барабизге асылып, дайыма бизди [башкалардан] бөлө берчү. Мисалы, ишемби күндөрү окуучулар формасыз келишчү, ал эми бизди болсо ал форма кийүүгө мажбурлап, окуудан чыгарып салуу менен коркута берчү», — дейт Азалия.
Анын эжеси менен таанышы маселени чечүүгө аракет жасашкан. «Алар абалга таасир эте алчу кайсы бир уюмдун өкүлдөрү менен сүйлөшүп, алар мектепке келишет. Бирок биздин директор болсо аларды кууп жиберген», — деп эстейт ал. Сегизинчи класстан кийин Азалия башка мекетепке кеткен. Ага директордун кыздын тышкы келбетине карата жасаган мамилеси себеп болгон.
Азалия окуган мектептин директору Айке Сапаралиева мурда окуу жайда хижаб кийген кыздар болгонун, бирок азыр бирөө да жок экенин айтат. «Биздин мектеп светтик экенин айтып мээлерине жеткирдик. Эгер хижаб кийгиң келсе, анда медреседе оку. Ошентип алар окууларын бүтүп кетип калышты», — деп түшүндүрөт ал.
Сапаралиева дайыма мектептерде хижаб кийүүгө каршы чыгып келгенин айтат.
«Светтик мектептерде хижаб кийүү — бул акылга сыйбастык. Эгер кыргыз салттарын карасаң деле, кыргыз кыздары баштарын жабышкан эмес. Мен муну кыздарыма түшүндүрөм. Өзүн хижаб менен жаап, алар эмнени көрсөткүлөрү келип атышат? Диндиби? Бул арабдардан келген, бул биздин ислам эмес», — деп эсептейт ал 15-16 жаштагы кыздар эмне үчүн «сулуулуктарын хижаб менен жашырышы керектигине» таң калып.
«Светтик өлкө болгондон кийин мындайга жол бербешибиз керек. Биз мусулмандардын нааразылыгынан коркуп аткандайбыз», — деп кошумчалады Сапаралиева.
«Биз аларды алсыратып жатабыз»
Билим берүү министрлиги мектеп окуучуусуна сабакка хижабчан барууга болоор же болбосуна так жооп бере албайт.
Мекеме «Клооптун» журналистинин суроо-талабына өлкөнүн мектептеринде «билим берүү мүнөзү светтик» экенин белгилеп, ошондой эле мектеп формасына карата бирдиктүү талаптар бар деп жооп берди. Ал мамлекеттик да, жеке мектептерге да тийиштүү. Кыздар үчүн мектеп формасы классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук жана пижактан турат.
Юрист Жибек Кенжебекова мектеп формасына карата бирдиктүү талаптарда окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салынган деп жазылбаганын айтууда. «Жынсы, пляждык, спорттук кийим-кече кийүүгө болбойт. Ошондо тыюу салынбаган нерсенин бардыгына уруксат берилет деген нерседен тыянак чыгарабыз», — деп түшүндүрөт ал.
Ошондой эле, министрликтен окуучулар менен ата-энелердин ортосунда «ар кандай диний символдордон жана кийим элементтерин кийүүнү жоюу» менен мектеп формасы жөнүндө «түшүндүрүү иштери» жүргүзүлүп атканын белгилешти. Мекемедегилер «түшүндүрүү иштери» менен эмнени түшүнсө болоорун так кесе айтышкан жок.
Дин таануучу Индира Асланова өлкөнүн светтик экени боюнча түшүнбөстүк маселеси бар деп эсептейт — адамдар диний атрибутикаларды көрсөтүү светтик идеяга карама-каршы келет деп эсептешет.
«Христиндар крести тагып жүрүшөт, бирок ал хижаб кийүү сыяктуу аллергияны козуткан жок да, анткени хижаб ачык эле көзгө урунат. Бул адамдарда өзүбүз көнүп алган жашоо образын жоготуп алабыз, диний өлкөгө айланып кетебиз деген коркунучтар менен стереотиптерди жаратат», — дейт Асланова.
Ал мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салуу окуучулар аны кийбей калышат деген нерсеге алып барбайт деп эсептейт. Тескерисинче, алар жөн гана мектепке барууну токтотушат.
«[Мусулман кыздар] ансыз да маргиналдашкан, ал эми мындай чаралар менен алар ого бетер маргиналдаша башташат. Бала өзүн коомдун бир бөлүгү сезбей калат. “өзүбүздүкү” жана “өзгө” деген бөлүнүп-жарылуу боло баштайт. Андан тышкары, биз тыюулар менен аларды экстремисттик топтордун алдында алсыратып жатабыз», — деп билдирди Асланова.
Бирок ошентсе ал ата-энелер кыздарына кээде өтө эле эрте хижаб кийгизип атышат деп эсептейт.
«Диний эрежелер боюнча, хижаб белгилүү бир жашка келгенде, кыз аял (биринчи этек кири келгенден кийин) боло баштагандан соң кийиле баштайт. Абдан эле кийинекей кыздарга кийгизүү, менимче, ашкере», — деп эсептейт ал.
Асланова бул маселенин компромисттик чечими эки жакка тең бирдей жагышы керектигин кошумчалады. Мисалы, мамлекет менен муфтият мектептептеги мусулман кыздар үчүн кийимдин кандайдыр бир нормалары тууралуу келишип алышса болмок.
Адилеттикти кайдан табабыз?
Жалпы билим берүү жайларында бардык эле мектеп директорлору хижаб кийүүгө каршы эмес.
Бишкектеги №40 мектептин башчысы Жумгал Ботаева өз окуучуларынын арасында хижабчан кыздар бар экенин, бирок мектеп администрациясы андан эч бир маселе көрбөгөнүн айтып берди. «Алар көп деле эмес — беш же алты адам. Аларга оң эле мамиле жасайбыз», — деди ал.
Ботаеванын айтымында, анын мектебинде кыздардын формасы ак көйнөк жана кара юбка же шымдан турат. Мусулман окуучу кыздар үстүнөн жөн гана ак жоолук салып алышат — буга уруксат бар. «Бул аларды башка окуучу кыздардан айрымалап турган жалгыз эле нерсе — баштарындагы ак жоолук. Алар деле башкалардай катардагы окуучулар да».
Ботаева мектеп 2012-жылы эле өз уставын бекитип алганын түшүндүрдү. Ал жерде жоолук тууралуу эч нерсе айтылган эмес, аткени ал кезде мектепте хижабчан окуучулар жок болчу. «Бизде хижаб кийген окуучу кыздар соңку эки-үч жыл аралыгында пайда болду», — деди директор.
Юрист Жибек Кенжебекова мектептин уставында окуучунун тышкы келбети жөнүндө тыюу жазылышы мүмкүн болбосун кошумчалады. Бул документте бир гана окуу жайдын иши боюнча гана айтылышы керек.
«Форма мектептин ички эрежелеринде жазылышы мүмкүн. Эгер анда хижабга тыюу салынган болсо, анда мындай тыюу Кыргызстандын Конституциясына каршы келип калат, ал эми бул өлкөнүн башкы мыйзамы жана ал иерархия боюнча башка нормативдик укуктук актылардан жогору турат», — деп түшүндүрдү ал.
Кенжебекова мектепке хижабчан киргизилбей жаткан балдардын ата-энелерине акыйкатчынын институтуна консультация үчүн кайрылууну кеңеш кылды.
Андан тышкары, мусулман кыздардын укугун коргогон «Мутакаллим» уюмуна кайрылса болот. 10 жыл мурда билим берүү министри Абдылда Мусаев мектепке башты жаап барууга тыюу салган буйрук чыгарган. Ал учурда уюмга кыздардан жана ата-энелерден миңдеген арыздануулар түшүп, «Мутакаллим» бул кемсинткен мыйзамдын жокко чыгарылышына жетишкен.
Бүгүн, бул уюмдун жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында, кырдаал түп-тамырынан өзгөргөн. 2018-жылга карата «Мутакаллимге» өлкөнүн бардыгынан болгону тогуз арыз, ал эми Бишкектен эки арыз түшкөн. Анын пикири боюнча, бул жоолук салынган мектеп окуучуларын кодулоо деңгээли төмөндөгөнүнө байланыштуу.
«Азыр мен жоолукчан кыздарга карата зомбулук, кодулоону көргөн жокмун. Эгер болсо, анда ал мамлекет тарабынан болгон жок. Азыр бул адамдык фактор, тагыраагы, айрым директорлор же завучтар өз принциптерине таянып, Конституцияны түшүнбөгөндүктөн жоолук салынууга каршы болушууда», — дейт Фронтбек кызы.
Ал көптөгөн мектептердин уставдары жижаб менен келүүгө тыюу салганы менен алардын юридикалык күчү жок, анткени Конституцияга каршы келет деп эсептейт.
«Биз мектеп администрацияларынан ошол уставды бергиле деп сураганда, аны көрсөтүшпөйт. Андайда биз Билим берүү министрлигине же Акыйкатчыга кайрылабыз. Үч-төрт күндөн кийин кыздар мектепке хижабчан барып калышат», — деди «Мутакаллимдин» башчысы.
Анын айтымында, бул абдан тез эле болот, анткени «Билим берүү министрлиги дин тутуу эркиндиги жазылган Конституцияга каршы боло албайт».
Фронтбек кызынын пикиринде, мектептерде адам укугу боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу керек. Ошентип мусулман кыздар сабакка ак жоолугу менен мектеп формасын кийип барууга болоорун жана бул исламга каршы келбесин түшүндүрүп берсе болот.
Материалдын үстүнөн иштегендер: Татьяна Трик, Айсымбат Токоева, Хамидулло Узаков, Катя Мячина, Рустам Халимов