Иллюстративдик сүрөт. Фото: Улан Эгизбаев/RFE/RL

Ош облусундагы Кара-Суу районунун мектептеринин жогорку класстагы окуучулары мушташканы үчүн кармалышты. Окуядан кийин балдардын бирөөсү бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылган. Милициянын версиясы боюнча, чыр-чатактын себеби — жабыр тарткан баланы кемсинтүү.

Мушташ 22-ноябрга караган түнү Ош облусундагы Кара-Суу районунда болгон. Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев иликтөөнүн жүрүшүндө 10-11-класстын 31 окуучусу кармалганын «Клоопко» айтты. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коё берилген.

Аширбаевдин айтымында, мушташ учурунда 16 жаштагы баланы белгисиз бирөөлөр курч буюм менен жарадар кылышкан. Окуядан кийин ал райондук ооруканага жаткырылган.

«Балдардын чогула баштаганын көргөндөр милицияга кабар беришкен. Тартип сакчылары келгенде мушташтын катышуучулары туш тарапка качып, алардын бирөө белгисиз миздүү буюм менен жабыркоочунун мойнун, колу-буттарын тилип жиберген», — деди Ашырбаев.

Мушташ Кара-Суу районундагы Сарай жана Жоош айыл өкмөттөрүндө жашашкан эки баланын урушунан улам жаралганын Ош ОИИБнин басма сөз катчысы түшүндүрдү. Аширбаевдин айтымында, чыр-чатактын чыгышына коңшу айылдын балдары жабыркоочуну шылдыңдашканы себеп болгон.

«Бул эки бала өздөрүнүн досторун чакырып, ортодо балдардын тобу чогулуп калган. Учурда жабырлануучунун жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголор-козголбосу белгилүү болот», — деди ал.

Кара-Суу райондук ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова ооруканага жаткырылган мектеп окуучусу 10 жолу бычак жегенин жана анын абалын туруктуу деп баалаганын «Клооптун» журналистине айтты.

«Жаракат алган баланы түнкү саат бирлерде алып келишти, аны травматология бөлүмүнө жаткырдык. Он жери бычактан жаракат алган — көбүнесе сандын арткы бөлүгүндө. Баш менен колунда да жараттар бар. Бала азыр өзү басып жүрөт», — деди Муратова.

Жабыркаган 16 жаштагы Нурдөөлөттүн атасы балдар эмне үчүн чырдашып кетишкенин билбесин айтат. Анын айтымында, баласы «урушчаак» эмес.

«Ал күнү жумуштан келип, экөөбүз чогуу тамактанганбыз. Ал 3-4 мүнөткө деп чыгып кетти. [...] Биз аны ооруканага алып барганда абалы өтө начар эле, көп кан кетип, кан басымы төмөндөп кеткен болчу. Ошол эле күнү арыз жазгам, тагыраак айтканда милициядагылар жазып бергенине кол коюп бердим», — деди Нурлан Асанов «Клооптун» журналистине.

Бул Ош облусундагы биринчи учур эмес — 2017-жылы Араван районундагы ушуга окшош окуяда 9-11-класстын окуучулары баскетбол оюнунан соң чырдаша кеткен. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына ылайык, пикир келишпестик бычак колдонуу мушташына жеткен — бир окуучу бычактан мойнуна жараат алып ооруканага түшкөн. Андан сырткары, дагы үч окуучу жабыркап, милиция бул окуя боюнча төрт өспүрүмдү кармаган.

Редакторлору: Айсымбат Токоева, Гүлжан Эшбаева