Минск көчөлөрүндөгү шамал жана жакшы оңдоп-түзөлгөн советтик имараттары менен тосуп алды. Шаар таза, ал эми жөө жүргүнчүлөр менен автомобилисттер жол кыймылынын эрежелерин дээрлик бузушпайт деле.
Бул жерде эки миллионго чукул адам жашайт. Бирок шаар аянты боюнча Бишкектен үч эсе чоң болгондуктан, ал жакта таптакыр эле тардык жок. Атүгүл убакыттын кызуу маалында да көчөлөрдө адамдар анчейин көп эмес.
Бул кыргызстандыктардын Беларуска көчүп аткандыктарынын бирден бир себеби, бирок башкалары деле бар. Мисалы, Эрик Базылова жигити экөө автостоп менен советтик өлкөлөргө саякаттап жүрүп Минскти жакшы көрүп калган.
«Минскке келдик, бекеттен чыгып эле бул жакта жашагым келээрин түшүндүм. Бул бир көрүп сүйүп калуу болгон», — дейт ал.
Ардан бир нече күн өткөн соң анын программист жигитине Минскте жумушка чакыруу келген. Ал жумушка алынгандан кийин Эрика экөө Бишкектен буюмдарын алып, Беларуска көчүп кетишкен.
Түгөйлөр эки жолго түшүшкөн соң, Эрика курбусуна Минскке көчүп келип, жашап көрүүнү сунуштаган. Бул жерде алардын жумушу да, жашаган жерлери да жок болчу. Бирок бул кыздарды чоочуткан деле эмес. «Бизде энтузиазм гана бар эле. Бул жакта менин эжемдер жашашат. Кокус колуман эч нерсе келбей калса, карызга акча алып, кайра Бишкекке кетип калаарымды түшүнчүмүн», — деп айтат ал.
Бирок экөөсү тең кудай жалгап жумуш таап алышкан. Эми Эрика курбусу менен батирди чогуу ижарага алып, азырынча Бишкекке кайтууга шашылышкан жок. Минсктеги жакшы жашоого көнүп алышканын айтышууда.
«Азыр мен аракечтер көп жүргөн райондо жашайм, бирок жада калса ошол аракечтер да сыпайы келишет. Алар эч качан суроо берип, ашыкча сөз айтышпайт, сенин уруксатың жок сөз да башташпайт. Бишкекте болсо сени менен мушташып, сөгүп да салышы мүмкүн», — дейт Эрика.
Ага Беларуста адамдарды тышкы келбети менен жүрүм-туруму үчүн ушакташпаганы да жагат.
«Бишкекте көптөгөн райондордон алыс жүрөм, анткени ал жакта жабышып-жармашышып, кармалашып, тиктеп карашат. Коомдук транспортто кетип баратсаң чачыңды тарткылап атышканын сезесиң. Ал жакка кайра баргым келбейт», — деп жыйынтыктады ал.
«Бишкекте жалаң негатив»
Минскке көчкөндөрдүн бардыгынын эле окуялары романтикага байланыштуу эмес. Екатерина Фёдорова Кыргызстандын мамлекеттик ооруканасында төрөттөн кийин аз жерден оо дүйнөгө кетип кала жаздаганда жолдошу менен башка өлкөгө көчүп кетүүнү чечкен.
«Бизди палатага жалгыз таштап кетишти. Өлүп кала жаздадым, дагы жакшы күйөөм жанымда эле, ал тез арада оорукананын директорун чакырып келе калды. Биз медицина керектелип кала турган болсо Бишкекте жашаганыбыз кыйын болоорун түшүндүк», — дейт ал.
Екатеринанын үй-бүлөсү балалуу болгонго дейре эле Кыргызстандан кетүүнү пландап, Канадага эмиграция үчүн документ тапшырышкан. Бирок Минск тууралуу ойлонушкан да эмес. Алар төрөткө байланыштуу окуядан кийин шашылыш түрдө кетүүнү чечишип, ошол кезде Екатеринанын күйөөсүнө Беларуска жумушка чакыруу келип калган.
Башында үй-бүлө бейтааныш шаарга баруудан чоочулагандыктан алгач күйөөсү көчүп барган. Ал чалгындоо жүргүзүп, батир таап, бааларды, жашоо деңгээлин жана бала үчүн шарттарды билген. Арадан үч ай өткөн соң Екатерина кызын алып жолдошунун жанына барган.
«Башында балабыз менен көчүп баруудан коркконбуз, анткени кайда баратканың түшүнүксүз. Биз аралашып же сиңишип кете албай калабызбы деп коркоор элек, — деди Катя. — Ал палоо басыш үчүн бул жактан эч бир жерден казан таппай койгонун кошумчалап күлдү. Бул жакта казанчалар менен мискейлерди гана сатышат».
Екатерина Беларуста штрафтын чоңдугу менен мыйзамдын катаалдыгынан улам жол кыймылынын эрежелери чанда эле бузулаарын айтат.
«Жакында эле Бишкекке эс алууга барып келдик, адамдар бири-бирин жек көрүп мамиле кылышат. Ал жакта болгону эки жума жүрүп, жалаң эле негатив экенин түшүндүк, — дейт ал жолдорду мисал келтирип. — Рулга отурсаң эле бардыгы пипилдете башташат. Эгер кимдир бирөөнү өткөрүп койсоң “лох” деп эсептешет. А бул жердин жолдорунда тынчтык өкүм сүрөт».
Екатеринанын үй-бүлөсүнө мыкты инфраструктура менен коопсуздуктан улам Беларуста жашаган жагат.
«Бала менен жүрүүдөн таптакыр коркпойсуң. Бир нерсе болсо дароо эле акылуу же акысыз тез жардам чакыра аласың, келе калышат. Келишээрин так билесиң. Түңкү саат бир болсо деле көчөдө жүрүүдөн коркпойсуң. [...] Соңку жарым жылдан бери [Кыргызстандагы] жаңылыктарды окуйм да коркуп кетем: балдарды зордуктап, уурдашат», — деди ал.
Программист Эдуард Аблязимов үчүн да Беларуска көчүү үчүн чечүү фактор баланын төрөлүшү болгон. «Мага балам башка балдар менен байланышып жатканы, мындайча айтканда акысыз мамлекеттик бала бакчалар жагат», — деди ал.
«Эркиндиктин уурттамы жетишпейт»
«Бул жакта мени мамлекет коргооруна ишенем. Мага карата кандайдыр бир укук бузуу аракеттери болуп кетсе мамлекет мыйзам боюнча катаал чара көрөт, — дейт Аблязимов. — Турмуш-тиричилигинде бардыгы мыйзам бузбоого аракет кылышат. Бизде кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө барышың керек, а бул жерде андай жок».
Коопсуздук — кыргызстандыктарды Минскте кармап турган маанилүү факторлордун бири. Ал тууралуу «Клооптун» журналисти маектешип чыккан респонденттердин бардыгы айтышты. Беларус Global Peace Indexтин коомдук коопсуздук боюнча рейтингинде 72-орунда турат — Кыргызстандан 21 көрсөткүчкө өйдө.
«Жашаган сонун: таза, кымбат эмес, коопсуз. Каалаган убакытта чыгып сейилдесең болот. Мисалы, Бишкекте сейилдеп жүрүп туура эмес бир жакка кирип кетип, жаман окуяларга кабылган күндөрүм болгон. Ал окуя ар бир райондо, ар убактарда болушу мүмкүн. Полиция мамлекети — өзүнүн жакшы да, жаман да жактары бар», — дейт Бишкектен Минскке жумушу үчүн көчүп барган программист Дмитрий Селиванов.
Дал ошол жаман жактары — укук коргоо органдарынын үстөмдүгү менен өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу. Ал бирото Беларуста калып, ал жактан жашап туруу укугун алгысы келбейт.
«Бул жерде саясий кырдаал түшүнүксүз. Кээде мыйзамдарды колдонуу кандайдыр бир коркутуу принциби менен жүрөт, — дейт Селиванов. — Баары кайсы бир адамдын кол булгоосу менен жүрөт (ред. — Беларустун президенти Александр Лукашенко). Керемет болуп кетип эле бул жерде либералдашуу менен демократизация орноп кетпесе эле — анда бул таптакыр эле идеалдуу өлкө болмок. Болгону — эркиндиктин уурттамы бир аз жетишпейт».
Программист Минсктен Испанияга, АКШга же Канадага көчүп барууну пландоодо. Азырынча ал эки жылдан бери жашап, иштеп жаткан Беларустагы жашоосуна ыраазы.
Орусча сүйлөп Батыш менен иштешүү
Эдуард Аблязимов Минскке көчүп кетээр алдында АКШда да иштөөгө үлгүргөн, бирок ал жакта жашоосу бир нукка түшө албай койгон.
«Чикагодо жарым жыл жашадым, ал жакта дос күтпөдүм. Досторумдун бардыгы Кыргызстандан баргандар. Көнүшүп кете албай койдум, — дейт ал. — Бул жакка келгенде шаардын башка бөлүгүнө түшүп калгандай болдум. Биздин минсктиктер менен тарбиябыз бир— светтик. Биз КМШда жана тилди алып жүргөндөргө гана белгилүү тамашаларды айтып, бири-бирибизди түшүнөбүз».
Аблязимовду жана анын IT тармагындагы кесиптештерин эң жакшы, кирешелүү жана өнүгүп бараткан өлкөдө, тагыраагы орус тилдүү Беларуста туруп АКШ жана Европа үчүн ири долбоорлордун үстүндө иштөө мүмкүндүгү кызыктырат.
Андан тышкары, Селиванов кошумчалагандай, беларус компаниялары көбүнесе кызматкердин жана анын үй-бүлөсүнүн көчүп-конуусун төлөп берип, турак-жай менен камсыздап, каттоого турууда жардам беришет. Программист менен анын сүйлөшкөн кызы үчүн бул чечүүчү факторлордун бири болгон.
«Өз алдыңча көчүү үчүн акча көбүүрөөк керек. Бул жакта болсо чыгымдын бардыгын жаап беришти, ошондуктан тезирээк да болду, — деп түшүндүрөт Селиванов. — Эгер мага Беларуска көчүп баруу сунушу түшпөгөндө, мен жарым жыл бою акча чогултмакмын, андан ары кайсы бир жактарга өз алдымча кетмекмин».
Таштанды жаман адат сыяктуу
Жаңы өлкөдө Селиванов менен сүйлөшкөн кызын дароо эле адамдардын эшикте таштанды ыргытпаганы таң калтырган — Минсктин башкы аянтында шаардыктар жаңы жылды майрамдашып, ал жерде пластик чөйчөктөрдө глинтвейн сатып атышкан экен, бирок урна жок болчу. Бардыгы тарап кетишкенден кийин карасаң жерде бир да таштанды жок.
«Эгер пластик чөйчөктөрдө бир нерсе сатылып аткан болсо, биздин аянтта [Бишкектин Ала-Тоо аянты] эмне болуп кетээрин жакшы билем — алар бүткүл аянтты булгап кетишмек. Адам ушунчалык көп болуп турса да, жерден бир да чөйчөк көрбөдүм. Бул жакта көчөдө таштанды ыргытуу жаман адат болуп эсептелинет», — деп эскерди Селиванов.
Беларусиялык балдарды бала бакчадан жана мектептен баштап эле таштанды ыргытпоого, жол кыймылынын эрежесин сактоого үйрөтүшөт. Ал эми чоңдор үчүн бул жөн гана адат.
«Көчүп келгенден кийин коомдук транспорт мыкты уюштурулганын көрүп кубандым, анын жардамы менен метро же троллейбуста шаардын каалаган жерине жетип аласың. Ооруканалары жакшы, ылдам жетип келген жана акысыз тез жардамы бар. Чет элдик экениңди карабаган, өз ишин мыкты билген врачтар бар», — деп санады Селиванов Минсктеги өзү эң маанилүү артыкчылыктарды.
Ал үчүн Беларуста каттоо барагын узартуу процедурасы эң эле бюрократиялуу тажрыйба болуп калган: «Өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн көп убакыт короттум. Бирок азырынча мен үчүн жагымсыз учурларга караганда, жагымдуу учурлар көп».
Ал Кыргызстанга кайтууну ойлоно да элек — «эгер акчасы жок калып же иши жүрүшпөй, жумушсуз калса гана» кайтышы мүмкүн.