Видеодон скриншот

КСДП партиясынын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина 28-ноябрда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жолугушуусуна барды. Ал бөлмөнүн ортосуна чыгып, бул чогулуш — партиянын уставын бузуу деп билдирди.

Жолугушуу «Империал» отелинде өттү. Жалпысынан залда 40 чукул адам отурган. Карамушкина жолугушуунун кайсы учурунда кирип барганы белгисиз. Ал чогулгандарды «партиянын уставын бузуп аасыңар» деп уяткара баштаган.

«Эмне үчүн силер партиядан чыгарылган адамдарга баш ийип жатасыңар? [КСДПнын парламенттеги экс-депутаты] Данияр Тербишалиев “Республика” партиясынын өкүлү болуп эсептелет. [...] Силер бүгүн партиянын уставына каршы чогулуп алгансыңар», — деп билдирди Карамушкина.

Андан кийин депутат аны милиция кызматкерлери чыгармайынга жыйындын кетпесин айтты. «Атамбаевсиз КСДП» кыйымылынын тарапкерлери жооп иретинде Карамушкинанын үстүнөн кемсинтүү үчүн арыз жазышаарын айтышты.

«Өзүңүздү туура эмес көрсөтүп атасыз. Сиз бизди моралдык жактан кемсинтүүдөсүз. [...] Сиз уялышыңыз керек», — деп билдиришти жолугушуунун катышуучулары Карамушкинага кайрылып.

Ошондон кийин жолугушуунун модератору чогулгандарга депутатты кол чаап узатып, жумушту улантууну сунуштады. Бирок кайым айтыш ошону менен эле токтобой, жайындын катышуучулары Карамушкинаны залдан узатып чыгуу аракетин көрүштү.

«Сен өзүңдүкүн актадың, Сен Атамбаевдикин актадың (түшүнүксүз). Болду, болду», — деген сөздөр менен депутатты кууп чыгууга аракет жасашты.

Андан кийин Карамушкина чогулгандарга партиянын аларга көрсөткөн жардамы жөнүндө эскерткенде чатак күчөп кетип, залда отурган эркектердин бирөөсү буга жооп иретинде КСДПны «чөөлөр» деп атады.

«Эмнеге кылгың келип атат? Эмне, Бар Атамбаевге. Ошол алкашка барып актагының [...] Биз сени да, Атамбаевди да көргүбуз келбейт», — деп билдирди жолугушуунун катышуучуларынын бирөөсү.

Буга жооп ирээтинде Карамушкина Атамбаевдин сынчыларына партиядан кетүүнү сунуштады.

«Анын партиясында туруп, эмнеге Атамбаевди жамандап атасыңар?  [...] Атамбаев жеке силерге эмне кылды эле? Аны эмнеге айыптап атасыңар?», — деп суроо салды депутат.

Материал жарык көрөөр алдында депутат менен чогулгандардын ортосундагы кайым айтыш эмне менен аяктаганы белгисиз болду. Видеонун аягында Карамушкина залдын бурчунда туруп алып, болуп аткан окуяны смартфонунун камерасына тартып аткан. «Клооптун» журналисти Карамушкинанын телефону өчүк болгондуктан аны менен байланыша алган жок.

Бул эмне үчүн маанилүү? Ирина Карамушкина учурда КСДП парламенттик фракциясында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жигердүү тарапкери болууда. Ал Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда пикир-келишпестиктер чыккандан кийин бир нече жолу мурдагы президентти ачык колдоого алган.

Партиянын саясий кеңеши фракциянын башчысы Иса Өмүркуловду КСДПдан чыгарып, ал эми депутаттар аны өздөрүнүн жетекчилигинде калтырышкан соң Карамушкина муну «ажырымдын акыркы чеги» деп атап, Атамбаевдин саясатына макул эместердин бардыгына партиядан чыгууну сунуштаган.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы 2018-жылы жайында пайда болгон. Анын жетекчилеринин бири — бул КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдырахманов. Октябрдын аягында Кыргызстандын төрт облусунда кыймылдын чогулуштары өткөн. Ал чогулуштарда партияга коррупционерлер келишкен жана аны жаңыртыш керектигин айтышкан.

Ал учурда Абдрахманов кыймылдын катышуучуларын КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов колдоого алганын билдирген. Ал эми депутат өзү буга комментарий берген эмес, бирок дал ошондон кийин Өмүркүлов партиянын катарынан чыгарылган.

Азыр КСДПны экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарат. Март айында ал өзүнөн кийин мамлекет башчылыгына келген Сооронбай Жээнбековду сынга алган. Атамбаевге Жээнбековдун мурдагы президенттин учурундагы коррупцияга каршы күрөш начар болгондугу тууралуу айткандары жакпай калган.

Ошондон кийин саясатчылардын ортосунда жашыруун араздашуу башталып, алар ага узакка чейин коментарий беришкен эмес. Анын шартында Атамбаевдин командасын алмаштыруу жүрүп, өз кызматтарынан УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилери кетип, андан тышкары, Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшү делген Сапар Исаков өкмөт башчылык кызматтан бошотулган.

Эки саясатчы тең ортолорунда чыр бар экенин ноябрда гана моюндарына алышкан. Жээнбеков экс-президентти катаал убактарда колдогону менен Атамбаев өзүн партиялаш жана дос катары алып жүрбөсүн билдирген. Ал эми мурдагы президент Жээнбековдон «келечектеги Бакиевди» көрүп атканын айткан.