Маркум Манзура чоңойгон көчө. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну Манзура Мамажанованын сөөгү 3-ноябрда Өзбекстандын Шаркан-Сай каналынан табылган. Анын жакындары маркумду өлүмгө кайын журту жеткиргенин айтышууда.

17 жашында тууганына келин болгон Манзура

Манзура мындан төрт жыл мурун, 17 жаш кезинде, Кара-Суу районунун Киров айылына турмушка чыккан. Анын кайын атасы менен өзүнүн апасы бир тууган ага-ининин балдары болушат. Манзура келин болуп келген кыштак Ош шаарынын түндүк тарабында 30 километрдей алыстыкта жайгашкан. Ал эми өзүнүн ата-энеси Кировго коңшулаш жайгашкан Кара-Суу шаарында турушат.

Манзура келин болуп түшкөн бир кабаттуу үй сыртынан караганда башка тамдардан анчалык деле айырмаланбайт. Көчө тарапты караган эки терезеси болсо, ал да ичинен ак түстөгү кебез менен тосуп коюлган. Үйдүн эки чоң дарбазасы бар, экөөнүн аралыгы 10 метрдей.

Эки дарбазанын үстүнө тең эки байкоочу камера орнотулган. Алар жашаган үйдүн өзгөчөлүгү да дал ушунда: кошуналарыныкында мындай камералар көзгө урунбайт. Эшикти каккыласак эч ким жооп берген жок. Дарбазадагы жылчыктан шыкаалап караганда үйдө адам бардай туюлду: ички эшиктери ачык болчу.

Эч кандай майнап чыкпаган соң кошуналарына кайрылдык. Бирок алар да «кошуналык мамилеси бузулуп калаарына» шылтоолошуп, Манзуранын өлүмү, кайындары тууралуу суроолорубузга үн катышкан жок.

Дарбазанын үстүнө коюлган байкоочу камералардын бири. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Акыры кошуна аялдардын бири бизге жардам бермекчи болуп, Манзуранын кайнатасынын үйүнө киргенге аракет кылды. Бирок ага да эч ким эшик ачкан жок. «Силердин келгениңерди тээ тигил камералардан көрүп жатышса керек. Үйүнүн сыртында 2-3 камерасы турат», — деди атын атагысы келбеген кошуна аял.

«Манзура көчөгө деле чыкчу эмес. Кайсы маалда сыртка чыксак эшиги таптаза, шыпырылуу болоор эле», — деп маркумду эскере, кошумчалап кетти ал.

Үйдүн сыртында туруп телефон да чалып жаттык. Бирок Манзуранын кайын атасы телефонун көтөргөн жок, кийинчерээк номери өчүк болуп калды. Ошентип алгач Манзуранын жолдошу менен кайындарынан интервью алалы деген оюбуз ишке ашпады.

Манзура келин болуп келген үй. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Кировдон чыгып Манзуранын Кара-Суу шаарындагы төркүнүнө барыш үчүн машина менен 15 мүнөттөй жол жүрдүк. Ата-эне кызынын күйүтүн тартып отурган. Манзуранын атасы Мурат Мамажанов менен кыскача сүйлөшүүгө үлгүрдүк. Ал аялы оорулуу экенин, кызынын өлүмү жөнүндөгү суроолор аны ого бетер сыркоолотоорун айтты.

Атасынын айтымында, Манзура үч бир туугандын улуусу болчу. Ал мектепти аяктагандан кийин бир жыл чеберчилик ийримине окуп, 17 жашында күйөөгө чыккан. Жогорку билим алган эмес.

Манзура эки кызы, жолдошу болуп чоң үй-бүлөдө: кайнатасы, кайненеси жана эки кайниси менен чогуу жашачу. Турмушка чыккандан кийинки төрт жылдын ичинде Манзура кайын журтунун зомбулугуна арызданып өз үйүнө бир нече жолу кыздарын жетелеп келип жүрчү экен. Акыркы жолу ал 2018-жылдын октябрь айынын соңунда төркүнүнө келген.

«Үйдө бир күн жатып, эртеси күйөөсүнүн үйүнө алып барып коюумду айтты. “Эртерээк барбасам мени Аравияга жибербей коюшат” деген эле. Мен Манзураны ошол күнү эки баласы менен үйүнө таштап келгем», — деди Мамажанов.

Көрсө жаш үй-бүлө Сауд Аравияга биротоло көчүп кеткени даярданып жүрүшкөн экен. Анткени Манзура каза болоордон бир ай мурда күйөөсү ажылык сапарга барып келген. Ошондо ал Манзурага «мен Аравияга окууга барам, чогуу кетебиз, балдарыбызды да ошол жакта окутабыз» деген экен.

«Ошол акыркы жолу үйгө келгенде кызым менен апасы түн бир оокумга чейин уктабай сүйлөшүшкөнүн байкаган элем. Эне-бала сырдашып жатат деп койгом. Кызым “кайын энем күйөөм менен кетишиме катуу каршы болуп жатат” деп апасына ыйлаган экен. Манзура үйүнө баргандан кийин талаш-тартыштарда күйөө балам Манзурага көмөк көрсөткөн эмес го. Анан кызым бул үйдө менин эч кимге керегим жок экен деп өзүн сууга таштаганбы деп ойлойм», — деп муңканат маркумдун атасы.

Мамажановдун айтымында, кайын журту кызын көп иштетчү. «Кызыма мал каратып, айдап жүргөн машиналарын жуудургандыктан колдору кесилип кеткен экен, — дейт көзүнөн жашы токтобогон атасы. — Кызым көчөгө да чыкпай, телефону да жок эле. Азыр кимде телефон жок!?»

Акыркы жолу төркүлөп келгенде кызына ажырашуу сунушун киргизгенин, бирок ага кызы көнбөгөндүктөн өз эркине коюшканын айтат Мурат аке.

«Манзура балдарын жетим кылбай турганын, күйөөсүн жакшы көрөөрүн аялыма айткан экен. Кызым көз жашын мага көрсөтпөй кетти. Апасы менен сүйлөшүп, мага эч нерсе айткан эмес», — деп эскерди Мурат аке.

Жоош, момун кыз эле

Манзураны туугандары жоош-момун, акыл-эстүү жана бирөөнүн көңүлүн оорутпаган кыз болчу деп эскеришет. «Эч нерсе айтпай кетти, ичибиз ачышып эле кала бердик. Алар күйөөсү экөө бирин-бири жакшы көрүшчү. Беш жылдай чогуу жашашып, эки кыздуу болушкан. Улуусу төрттө, кичүүсү эми гана экиге толду. Эми минтип балдары энесиз калып, күйүттөн улам апасынын ден соолугу начарлап баратат», — деди Манзуранын таежеси Роза Жусубалиева.

Роза эжелерге Манзуранын дайынсыз болуп жатканы тууралуу 2-ноябрь күнү кабар келген. Манзуранын кайын сиңдиси телефон чалып, бир күн мурда үйүндө жаңжал болгонун, Манзура кошунасына баласын таштап сыртка чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан экен.

Манзуранын ата-энеси жашаган үйдүн көчөсү. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ошол эле күнү Роза эже сиңдиси Уулпаша (Манзуранын апасы) жана күйөө баласы Мурат менен кудаларыныкына барышкан. «Бирок кайын атасы дарбазасын ачпай койду, — деди ал. — Кайын энесине чалсак, ал киши небересин көрсөтүү үчүн ооруканага алып кеткен экен. Кошунасынан сурасак, Манзура аларга ошол күнү түшкө жакын эки жашар баласын таштап, “башым ооруп жатат, 20 сом берип туруңуз, дарыканага барып келейин” деп кетиптир».

Манзураны ошол бойдон эч ким көргөн эмес. Сарсанаага баткан ата-эне ошол тараптагы эки дарыканадан кызын сураштырган. «Алар көрбөгөнүн айтышты. Көчөлөрдөн, бак-дарактын арасынан, керек болсо ооруканадан бери издештирдик, — деп эскерди Мурат аке. — Кайындары болсо издөөгө аракет кылышкан деле жок. Ошентип кызымды жоголгон биринчи күнү түнкү саат 1 жарымга чейин кыдырып, таппадык».

Кызыңар өзү боюн таштаптыр

Мурат аке кызын издөө иштерине эртеси туугандарын да тартып, эки машина болуп издей баштаган. Андан да жыйынтык чыкпаганда айласы кетип кызынын жоголгону боюнча милицияга кайрылган. «Арызды жазып коюп, милиция кызматкерлери менен кайын журтунун үйүнө барсак, кайын атасы чыгып эле “мына, кызыңар өлдү” деп телефондон бир сүрөттү көрсөттү. Манзураны таанып калдым. Өтө жаман абалда калдым, ызаландым! Ачуум менен күйөө баламын жаагына чаап жибериптирмин. Бул күйөөсүнүн эле кылганы деп ойлодум», — деп өксүдү ата.

Абал курчуп, баары кымгуут түшүптүр. «Кайындары “биз өлтүргөн жокпуз, кызыңар өзү барып, сууга боюн таштаптыр” дешти. Ал жерден ыйлап чыктык», — деп оор үшкүрүндү Мурат аке. Ошол күнү, 3-ноябрда, Өзбекстандын Шаркан-Сай суусунан табылган Манзуранын сөөгүн тагалары алып келишкен. Кийинки күнү жаш келиндин сөөгү жерге берилген.

Манзуранын келин болуп келгендеги сүрөтү.
Сүрөт: Маркумдун жакындарынын үй-бүлөлүк архивинен

***

Материал жарык көрүп жатканда, ага чейин да маркум келиндин кайындары менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал арада Манзуранын ата-энеси буга чейин куда сөөктөрү менен телефондо чырдашып кеткенин жаздырып алганын айтышууда. Аудио жазмада «эки кудагый Манзуранын айынан чырдашып атканын» угууга болот.

Аудио жазууну өзгөртүүсүз келтиребиз:

«Жаман көрсөңөр жаман көрө бергиле, эч ким кайын энесин жакшы көргөн эмес. Кызыңызга ушундай көп жакшылык кылдым, билбеди. [...] Менин балам же алкаш болбосо, же баңги болбосо. Урушууга өзү мажбур кылат. 3-4 күн болгон жок, ошол кумшекерди төгүп алганына эч нерсе дебедим. [...] Идишти тарактатып койгондо, “идишти эмнеге тарактатып койдуң?” десем ыйлап чыгып кетип атты эле жолдошу “эмне болду деп сураса?” бир нерселерди айтты, [уулум] урду айлантырып. Анда деле бөлүштүрүп, өзүмдүкүн жаман деп, сиздикин көтөрүп атам [...]. Өзүмдүн кызыма алып бербегенди Манзурага алып берсем да билбедиби, эми беймарал, кантип жашаса ошентип жашай берсин! Болбосо бир үйдү ижарага алып берип, ушул кыштын күнүндө чыгарып коёбуз, акеңизге [өзүнүн күйөөсүн айтып жатат] айтсам алты секундада чыгарып коёт. Үйүмдө ашып-ташып жаткан иш жок, асманда Алла турат. Мен кызыңызга бул ишти кыл деп 1 грамм буйруган эмесмин. Тамакты туздуу же тузу аз кылса да “сонун болуптур, жей бергиле, жакшы болуптур” деп турам. Эми акеңизге айтамын, мен кесел болуп кетип жатам Манзуранын артынан, сөгүш угуп келтек жеп, мен 50гө чыктым, жаш бала эмесмин. Манзуранын айынан таяк жеген күндөрүм болду. [...] Менин башка сөзүм калган жок», — дейт ачуулуу аял.

Маркумдун таежеси Роза Жусубалиева аудио жазуудагы добуш Манзуранын кайненесинин үнү деп ишендирүүдө. Ошондой эле, Роза эже Манзуранын «кайнатасынын сөздөрү» деп дагы бир аудио жазма берген.

Аудио жазууну өзгөртүүсүз келтиребиз:

«Ким, эмне деди кызыңа? Эч ким, эч нерсе деген жок го!? Кызыңды бир жерге бекитип койгон жерим жок! Же бир жакка чыгарып койгон жерим жок! [...] Эй, мен кызыңды эч нерсе деген жокмун. Үйдө эле таштап келдик, эшикти кулпулап. Үйдө отурган кыз өзүнөн-өзү көчөгө чыгып кетсе биздеби айып, башыңар иштейби? Үйдө калган баласын көчөгө таштап кетиптир, эмне кылыш керек?»

Маркумдун ата-энеси жашаган үйдүн алыстан көрүнүшү. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Ош облустук милициясынан маалымдашкандай, бул аудио жазмалар экспертизага жиберилген, бирок жыйынтыгы чыга элек.

«Маркум келин 2-ноябрь күнү саат 11лер чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон, эртеси түшкү саат 4тө Өзбекстандагы канал жээгинен сөөгү табылган. Ал боюн таштады делген Шаркан-Сай каналы Кара-Суу шаарын аралап өтөт. Эми экспертизанын жыйынтыгы менен гана маркумдун өз жанын кыйган-кыйбагандыгы белгилүү болот. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголо элек. Кыздын атасы койгон дооматтар боюнча текшерүү жүрүп жатат. Ал өзүнүн түшүнүк катында ушулардан [кудаларынан] көрөм деп жазып берген. Тиешелүү материалдар топтолуп, кароодо жана иликтөө бүткөндөн кийин прокуратура бир чара көрөт», — деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Аширбаев кошумчалагандай, 2018-жылдын 11 ай ичинде Ош облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча жалпы 651 учур катталып, анын дээрлик баарында эркектердин аялдарга карата физикалык күч колдонуусу болгон.

«651 учурдун 51ине “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми 100гө жакын айыпталуучу административдик протокол толтуруунун негизинде коё берилсе, калган 500дөйү админстративдик жазага кириптер болушкан. Ал эми айып пулдун өлчөмүн айыбына карап сот чечип, төлөөгө милдеттендирет. Жалпысынан 11 ай ичинде 88 миң 700 сом айып пул салынып, анын ичинен 84 миңи өндүрүлгөн», — деди Аширбаев.

Ош шаарында 16 жылдан бери иш алып барып келаткан «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, аларга кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн үй-бүлө ичиндеги зордук-зомбулуктан жабыркагандар түзөт.

«“Кайын энеме жакпадым, күйөөм менен жашай албайт окшойм” деп, бирок чогуу өмүр сүрүп келе жаткан аялдар аябай көп. “Жашоо ушундай экен” деген ой аларда калыптанып калган. Жыйынтыгында, турмушка болгон таарынычы толуп, кыйналып кеткенде гана бизге кайрылышат, — деп айтып берди Асылбекова. — Мен мындай учурларга таң калбайм. Анткени өз тажрыйбамда аялдардын зомбулукка кабылышына айрым учурларда кайындар менен болгон келишпестик себеп болоорун билем».

Манзуранын окуясы Ош облусундагы жалгыз учур эмес. Ушул жылдын июль айында Ноокат районундагы канал жээгинен 22 жаштагы Зилоланын сөөгү табылган. Милиция шектүү катары маркумдун апасы менен бир тууган агасын кармаган. Маалыматка ылайык, эне-бала кызды «никесиз төрөгөндүгү» үчүн жазалап, каналга ыргытып жиберишкен.

Редакторлору: Элмурат Асан, Гүлжан Эшбаева