«Чым-Коргондон качуу» тасмасынын көрнөгү

Чүйдөгү Чым-Коргон айлынында психиатриялык оорукана жайгашкандыктан кыштактын аталышы жагымсыз болуп калган. «Чым-Коргондон качуу» тасмасынын жаратуучулары айылдын аталышын колдонгону тургундардын ачуусун келтирген.

4-декабрда Маданият министрлигинин имаратынын алдына 20-25 адам митингге чыкты. Алар Чым-Коргон айлынын ысымы аталган кинодо пайдаланылганына нааразы экенин айтышкан. Тургундар тасманын жаратуучуларынан фильмдин аталышын өзгөртүүнү талап кылышты. Анткени бул алар жашаган айылды жагымсыз өңүттө көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Кыргызстанда Чым-Коргон бардыгынан да 5 миңге чукул тургуну бар айыл катары эмес, Республикалык психиатриялык ооруканасы бар жер катары белгилүү. Коомдо айылдын ысымы кээде кемсинтүүлөрдө колдонулган жагымсыз мааниге болуп калган.

Тургундарга «Чым-Коргондон качуу» фильминин жаратуучулары айылынын белгилүүлүгүн кино тасмага көңүл бурдуруу үчүн колдонуп атышканы жакпай калган.

Тасманын жаратуучулары фильмге постер жарыялап, андан тышкары, алар анда «Чым-Коргондон качуу» деген аталышы менен кошо тасманын каармандары кызгылт түстөгү форма менен чагылдырылгандан кийин нааразылыктар өзгөчө күчөй баштаган.

Айрым колдонуучулар постердин алдындагы комментарийлерде «Чым-Коргондогу бейтаптар мындай форманы эч качан кийишкен эместигин» жазышып, авторлорду «арзан пиар» үчүн айыптап, эгерде алар тасманын аталышын өзгөртүшпөсө «чоң көйгөй» жаратууну убада кылышкан. «Силердин мээңер барбы? Фильмдин аталышын өзгөртүш керек», — деп реакция кылган постерге «Инстаграмдын» колдонуучуларынын бири.

Көңүл бурдуруш үчүн

Тасманын продюссери Бакыт Аскеев фильмдин сюжети чындыгында эле Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага байланыштуу экенин мойнуна алаарын жана жаратуучулар айылдын аталышын маркетинг максатында колдонушканын айтты.

«Чым-Коргон — эң белгилүү айыл, биз көбүрөөк көңүл бурдургубуз келген. Бирок бул тургундарга ушунчалык жакпай калат деп ойлогон эмеспиз», — деп түшүндүрдү ал.

Аскеевдин айтымында, тасманын анонсу коомдук желеде биринчи жолу жарыялана баштаганда кино тартуучулардын дарегине коркутуулар түшө баштаган. Коомдук тармактардын колдонуучулары Чым-Коргонду жагымсыз өңүттө көрсөткүлөрү келип атышат деп эсептешкен.

Продюссер авторлор тасманын идеясын түшүндүрүшкөндөн кийин коркутуулар келбей калганын айтууда. Ал өзүнүн фильмин укмуштуу комедия катары сүрөттөдү — сюжет боюнча каармандар күтүүсүздөн эле психиатриялык ооруканадан качып чыгышып, ошондон кийин алар ар кандай окуяларга кабыла башташат.

«Тасма Чым-Коргондун жашоочуларына эч кандай шек келтирбейт, бул жакшы үй-бүлөлүк тасма. Биз айылга барып, өзүбүздү тобокелге салып, тасманы көрсөтүп келебиз. Бул жакшы тасма экенин көрсөтөбүз. Бирок андан ары да аталышын өзгөрткүлө деп көшөрүшсө, анда, албетте, алмаштырабыз», — деди Аскеев.

Ал кино тартуу тобу Чым-Коргондогу жергиликтүүлөр менен байланышышып, фильмдин аталышы менен тургундарды таарынтыкылары келишпегенин түшүндүрүшкөнүн кошумчалады.

«Чым-Коргондогу оорукана жабык типте, ал жакта таптакыр эч нерсе тартууга болбойт. Айылды биз Нарындан, ал эми оорукананы Бишкекте, карылар үйүндө тартканбыз. Биз [Чым-Коргондогу] ооруканага барып, тасма эмне тууралуу экенин түшүндүргөнбүз. Администрация макул болгон», — деди Аскеев.

Маданият министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов маданият министри Азамат Жаманкулов тасманын жаратуучулары менен жолугушканын жана алар кырдаалдан чыгуу боюнча бир пикирге келишкенин, бирок кандай чечим экенин айта албасын кабарлады.

«Маданият министри азыр Москвага кеткен. Ал режиссёр менен жолуккан, алар кандайдыр бир чечим кабыл алышкан, бирок азыр алар эмне жөнүндө сүйлөшүшкөнүн айта албайм», — деди Секимов.

Тасманын режиссёру Эркин Майрамбек уулу Маданият министрлигинин өкүлдөрү алар менен жолугушканын четке какты.

Фильм кеңири прокатка 2019-жылы январда чыгарылмакчы.