Камилла Халилованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Сизге каршы иш козголуп, ал сотко өтүп кеттиби? Анда сизге жаман кабарыбыз бар: 96% учурда соттолуп кетишиңиз мүмкүн (албетте, эгер сиз аткаминер болбосоңуз — Улуттук статистикалык комитеттин (УСК) маалыматы боюнча, алар көп учурда жоопкерчиликтен кутулуп кетишет).

2018-жылы жаңы жылдык каникул учурунда эки милиционер Бишкектин түштүк-чыгышында 42 жаштагы Рустамды кармашкан. Алар аны эки калыс-күбөнүн көзүнчө тинтип, муштумунан төрт грамм гашиш таап алышкан.

Рустам баңгизаттарды жеке колдонуу үчүн сатып алганын мойнуна алган. Ал соттон өзүн түрмөгө отургузбоону суранган, анткени ал үй-бүлөсүн, жашы жете элек эки баласы менен аялын жалгыз багат. Рустам буга чейин эч качан соттолгон эмес, ал жөнүндө кесиптештери менен кошуналары жакшы жагынан гана мүнөздөшкөн.

Сот кандай жаза берүү керектигин тандашы керек болчу. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Рустамга 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин штраф салууга же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууга болмок. Натыйжада сот кийинкисин тандап, аны үч жылга кескен.

Айыптоочу система

Рустам учураган окуя сот системасы Кыргызстанда кандай иштээрин көрсөтүп турат. Биринчиден, судьялар айыптаган өкүмдөрдү чыгарууга жөндөмдүү. Экинчиден, ошонун айынан коом үчүн чынында эле кооптуу жана арам ойлуу укук бузуучулар эмес, Рустамдай болуп бир жолу күнөө кылып алгандар азап чегишет.

Кыргызстандын сот системасынын өзгөчөлүктөрүн түшүнүш үчүн «Клооптун» журналисттери соңку алты жылда ар кандай соттук инстанцияларда каралаган 26 миң кылмыш ишин көчүрүп алып, талдап көрүштү.

Өлкөдө биринчи инстанциядагы соттордо

4% гана учурда

актоо өкүмдөрү чыгарылат

Биринчи инстанциядагы соттор көптөгөн учурларда айыптаган өкүмдөрдү чыгарышат. Төрт учурдун үчөөсүндө айыпталуучу соттолуп кетет. Ал эми кылмыш иштердин 4% боюнча гана акташат.

Кийинки инстанциянын, экинчи жана үчүнчүсүнүн судьялары негизи өздөрүнүн биринчи инстанциядагы кесиптештери менен телектеш болуп, өкүмдү күчүндө калтырып коюшат. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, экинчи инстанцияда актоо биринчисине салыштырмалуу бир аз көбүрөөк — 6,6%.

Мындан тышкары, талдоо көрсөткөндөй, негизи судьялар адамдарды камакка алуу же шарттуу мөнөткө соттошот — көбүнесе 3 жылдан 5 жылга чейин.

Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин көпчүлүгү башка жазаларды шарттайт, бирок судьялар алар тууралуу кээде эле эстешет. Мисалы, коомдук иштерге жана үч эселеп айып төлөөгө бардык талданган иштердин 0,4% боюнча гана чечим чыгарышкан.

«Инквизициялык сот адилеттиги»

Укук коргоочу жана адвокат Нурбек Токтакунов судьялар Кыргызстан Советтер Союзунан «инквизициялык сот адилеттигин» энчилеп алгандыктан абдан көп айыптаган өкүмдөрдү чыгараарын айтат. Бул судья айыптоочу тараптын эреже бузуп атканын көргөнү менен ага текеберленип, «айыптоочу өкүмдү көбүрөөк чыгарат» дегенди билдирет.

«[Судья] эреже бузууларды көрбөй жактоочу тараптын аргументтерин кулак тышынан өткөрөт. Анткени анда ал адам күнөөлүү деген субъективдүү пикир жаралып калган болот», — деп түшүндүрдү юрист.

Токтакуновдун пикири боюнча, буга бир неече себеп бар: судьялар бийликтин башка бутактарынан көз каранды, анын ичинде президенттен, алар коррупциялашкан жана укук коргоо органдарынан коркушат, андан тышкары, аларда айыптаган ой жүгүртүү калыптанып калган.

Камилла Халилованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Башка укук коргоочу Рита Карасартованын көз карашы боюнча, судьялар негизинен айыптаган өкүмдөрдү чыгарган учурлар укук коргоо органдарынын «жазаланбастыгына» алып келип, «алар өздөрүн полиция мамлекетинде кожоюн сезишет».

«Күнөөсүз адам жөн гана кандайдыр бир нерсени эңсеп, киреше табуу каалоосунан улам эле кылмышкер болуп кеткени өтө коркунучтуу. Бул мамлекеттин өзүнүн кошумча чыгаша тартышына алып келет, анткени камактагыларды да багыш керек», — дейт ал.

Эки укук коргоочунун тең пикири боюнча, судьялар дайыма жазалоо катарында эркиндиктен ажыратууну тандашат, анткени бул алардын «киреше булагы». «Бул коррупциялашкан киреше булагы, анткени эркиндик сатылат. Эгерде алар бардыгын мыйзам боюнча бошотуп, ырайымдык кыла беришсе, анда аларга ким акча алып келип бермек эле? Алар эркиндикти сатышат», — деп эсептейт Токтакунов.

Баңги колдонгондорду камашат

Кыргызстанда бардык укук бузуучулардын ортосунда эң эле кооптуулары эмес, баңгизат колдонуучулар азап тартышат. Сот системасы аларды баңгзат тараткандарга салыштырмалуу байма-бай жазалайт. Анан калса бул тенденция 10 жылдан бери өсүп келе жатат.

«Клооптун» журналисттернин изилдөөсү аны тастыктагандай, соттор өкүмдөрдүн көпчүлүгүн «Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү» беренеси боюнча чыгарышат. Баңгизат колдонгондорго каршы өкүмдөрдүн үлүшү бардык өкүмдөрдүн ортосунда эң эле жогору — 14%. Ошол эле маалда таратуу үчүн жооптуулар анчейин деле көп камалбайт. Анда өкүмдөр болгону 3,5 %.

Укук коргоочулар мындай иштерди козгоп, иликтеш үчүн бардыгынан да оңой, ошондуктан баңгизаттар боюнча өкүмдөр абдан көп, андан тышкары, бул кылмыштардын бетин ачуу боюнча көрсөткүчүнө оң таасир этээрин айтышууда.

Баңгизаттарга көз карандылар менен иштеген «Зыянды төмөндөтүү тармагы» ассоциациясынын төрагасы Сергей Бессонов милиционерлер жумушунун жыйынтыгын көрсөтүш үчүн кайра өздөрүнөн эле баңгизат сатып алган адамдардын астын тосуп коюшат деп эсептейт.

«Милиционер ордунда отуруп эле акча таап, кызматтан көтөрүлүп, маалыматка ээ. Кармоолор негизинен жөн жерден эле эмес, дароо сатып алуудан кийин болот. Анткени милиционерлер кай жерде жана ким сатып атканын билишет», — дейт Бессонов.

Анын айтымында, баңгизат сатып алуу максатында уурулук жасап кармалган баңгизат колдонууларга карата өкүмдөр көп.

«Эгер биз баңгизатка берилгендерди түрмөдө айыгышат деп отургуза берсек, анда бул келесоолук. Анткени түрмөдө баңгизат андан да көп, атүгүл арзан дагы. Бардыгыбыз камактагылар үчүн төлөйбүз», — деди укук коргоочу.

Мамкызматкерлерди бошотушат

Азырынча сот системасы кээ бирөөнө катаал болсо, башкасына жеңилдиктерди берет.

2015-жалы августта атайын кызмат 1000 долларлык пара алып жаткан жеринен Бакыт* аттуу милиционерди кармаган. Анын үстүнөн Закир* деген таанышы арызданган. Жабырлануучунун айтымында, милициянын кызматкери жалпысынан 8000 доллардай опузалаган. Закирдин арызына ылайык, Бакыт аны милиция бөлүмүндө токмоктоп, андан соң гашиш салынган 50 коробка астыртан салып коём деп коркуткан.

*ысымдар өзгөртүлдү

Сотто милиционер күнөөсүн мойнуна алган эмес. Ал Закир ага 2000 доллар карыз болчу деп айткан. Сот ага ишенген, анткени анын аракеттеринде кылмыштын курамы табылган эмес. Бирок Бакыттын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин опузалоо, пара алуу жана ыйгарым укуктардан кыянат пайдалануу беренесине туура келип калмак.

Сот иштерин талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, биринчи инстанциянын соттору «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Опузалап пара алуу» сыяктуу беренелер боюнча эң эле көп актоо өкүмдөрүн (18%) чыгарышат.

Укук коргоочулар кеп мамкызматкер, аткаминерлер жана милиционерлер жөнүндө болуп калганда мыйзамды тандап колдонушат деп эсептешет, анткени алар дайыма акталышат.

Камилла Халилованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана укук коргоочу Клара Сооронкулова  соттор дайыма бир эле милиционер жана аткаминерлерди гана эмес, судьялардын өздөрүн да акташат деп эсептейт.

«Судья коррупциялык кылмыш жасап аткан жеринен кармалып, бирок ошол эле маалда бардык үч инстанциядан тең ага актоо өкүмү чыгарлыган учурлар бар», — деп айткан ал үстүбүздөгү жылдын октябрында тегерек столдо.

Андан тышкары, Рита Карасартова да соттордун ишине көз салат. Ал айыптоо өкүмдөрүн чыгарууга «тыюу салынган» иштердин категориясы бар деп эсептейт.

Мисалы, укук коргоочунун айтымында, «Кыйноо» беренеси боюнча милиционерлерлерге каршы козголгон иштердин көпчүлүгү сотко жетпей калат. Ал эми сотко чейин жеткен иштер боюнча, судьялар көбүнесе укук коргоо органынын кызматкерлерин актап жиберишет.

Жогорку сот үндөбөйт

Жогорку соттун «Клооптун» талдоосу тууралуу позициясы белгисиз калууда. Анын өкүлдөрү бир ай бою басылманын сурамдары менен суроолоруна жооп беришпей, андан кийин «көрсөтүлгөн суроолор боюнча материалдар же документтер жок» деп билдиришти.

Тактоо суроолору үчүн да соттун төрагасы же анын орун басары менен байланышка чыгуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында өкүмдөр боюнча позициясын ошол кезде Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп турган Качыке Эсенканов эптеп-септеп билдирген. Ал парламентте сүлөп жатып кылмыш иштери боюнча «негизи актоо өкүмдөрү болбошу керектигин» айткан.

«Тергөө мыйзамдын негизинде иштеп жаткандыктан алар ишти сотко чейин жеткириши керек, эгер күнөө толугу менен далилденген болсо. Күнөөсүз адам тергөөдө кармалып, андан кийин иши сотко өткөрүлүп кетип аткандай болбошу керек. Андай болбошу керек, бирок болуп кетип атат», — деди ал.

Жогорку сотто Эсенкановдун билдирүүсүн ал анын «жеке пикири» деп аташканы менен Кыргызстандын сот системасынын айыптаган өкүмгө жөндөмдүүлүгү боюнча өз позицияларын билдиришкен жок.

Авторлору: Анна Капушенко, Савия Хасанова

Редакторлору: Анастасия Валеева, Элдияр Арыкбаев, Дмитрий Мотинов

Бул изилдөөнүн үстүндө иш алып баруу Internews «Медиа-К» долбоорунун жардамы менен мүмкүн болду. Долбоорду Кыргызстанда каржы жагынан USAID Дүйнөлүк банк менен IDEMдин өнөктөштүгүндө колдойт.

Авторлордун тыянактары донорлордун пикири менен дал келбеши мүмкүн.