Бишкектин жакынкы тоолордун үстүнөн көрүнүшү. Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев/Kloop.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, шаар бийлиги жана экоактивисттер Бишкектеги булганган абага каршы күрөшүш керектигин моюнга алышат. Бирок ал үчүн ЖЭБдин чыгындылары жана автоунаалар менен жеке сектордон чыккан түтүндөр маселесин чечиш керек.

Бишкектеги абанын булганышынын булагы — бул ЖЭБдин чыгындылары менен автоунаалардын түтүндөрү. Кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат. Зыяндуу заттар абага резина, кездеме жана пластикти өрттөөдөн улам абага чыгат.

Бишкектин абасында зыянду заттардын кошундулары азайышы үчүн бийлик Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча беш жылдык план иштеп чыккан. Анда 33 максат жазылып, аны аткарууга Бишкек мэриясы, Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги жана Ички иштер министрлиги жооптуу.

Бишкекте аба тазараак болушу үчүн шаар бийлиги жаңы бак-дарактарды отургузуп, коомдук транспортту өнүктүрүп, аны газ мунайына өткөрүүнү пландоодо. Бирок бул аткарыла турчу айрым гана максаттар.

2018-жылы ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аба булгангандыгы тууралуу айтып чыккан. Ал Орусиянын «Газпрому» менен жеке секторду газдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү талап кылган. Компаниянын маалыматына ылайык, 2017 жана 2018-жылдары ал Бишкек жана Чүй облусунда 32 миң үйдү газга туташтырган.

Өкмөт башчынын идеясын медициналык илимдердин доктору Рустам Тухватшин да колдойт. Ал мындай чечим Лондонду көмүр жагуудан улам пайда болгон кара түтүн менен тумандан арылтканын айтты.

«Азыр Лондондо кара түтүн жана туман жок. Алар үйлөрүндө көмүр жагышпайт, буга таптакыр тыюу салынган», — деди Тухватшин.

Экоактивист Мария Колесникова Бишкектин булганган абасы боюнча көйгөйдү «создуктурууга» болбойт деп эсептейт.  Анын айтымында, шаарда кара түтүн маселеси чегине жетип турган күндөрү бийлик кескин чараларды көрүшү керек.

«[Бийлик] троллейбустардын ишине дем бере алмак. Троллейбустар 22:00гө чейин же бекер иштегендей болушу зарыл. Же болбосо [жеке] автоунаалардын кыймылын чектөө керек», — деп сунуштады Колесникова.

Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Коомдук активист Азим Азимов да бийлик кара түтүн маселесин колго алышы керек деген пикирге колдойт. Бирок алар учурда Бишкектин абасын тазалоого кызыктар эмес дейт, анткени алар коомдук сынга кабылууга жана саясий рейтингдерин төмөндөтүп алууга мажбур болуп калышат.

«Таза аба үчүн согуш — бул узак, кымбат, оор жана саясий жактан популярдуу эмес. Биздин жашоо жана таза аба үчүн күрөштү баштай турган лидерге эч ким ыракмат айтпай турганы парадокс болууда», — дейт Азимов.

Анын пикири боюнча, Бишкектин абасын кара түтүндөн арылтуу ишин  премьер-министр эмес, президент гана колго ала алат. Себеп дегенде, анын бааамында, өкмөт башчылар кызматында орточо бир жыл гана отурушат жана ошондон улам алардын буга жөн гана убактылары жетпейт.

«Ушундай болгон бардык коллективдик жана саясий аракетсиздикте бул күрөштү жетектеш үчүн президенттин гана жетиштүү ыйгарымары жана туруктуулугу бар. Бирок муну аткарыш үчүн өтө эле чоң тобокелдиктер менен сынды кабыл алышың керек», — деп эсептейт Азимов.

Эмне үчүн Бишкектин үстүндө кара түтүн калкып турат?

Бул шаар жайгашкан жерге байланыштуу. Бишкек шамал менен начар желдетилген тоо этектеринде жайгашкан. Медициналык илимдердин доктору Рустам Тухватшиндин айтымында, Бишкекти кара түтүндөн тоодон түшкөн кечки сыдырым жел тазалай алат. Бирок учурда анын кыймылана шаардын түштүк бөлүгүндөгү жаңы конуштар жолтоо кылышууда.

«[Сыдырым жел] жөн гана жайылып, шаарга жетпей өтүп кетип жатат. Мына [абанын булганы атканына] ушул нерсе себеп», — деди Тухватшин.

Эколог Эмил Шүкүров да Бишкекте аба туура эмес архитектуралык пландаштырууга байланыштуу булганып атканын бир нече жолу айткан. Ал Бишкекте мурда аба тазалаган система болгонун түшүндүрдү: тоо шамалы шаардын тикелей көчөлөрү, тагыраагы Абдрахманов, Тынчтык же 7-апрель проспектилери аркылуу түшүп, калааны желдетип турчу.

Бирок шаардын түштүк бөлүгүн кичи райондор менен чаржайыт куруп салышкандыктан, алар тоо шамалынын кыймылын тосуп калган.

Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

«Шардын көчөлөрү — бул анын терезелери жана алар ачык болушу керек. Өткөн кылымдын экинчи жарымында бул система таптакыр эле талкаланган [...] Мына ушунун өзү кылмыш жана келесоолук», — дейт Шүкүров.

Бишкекке тоо абасы кайтып келиши үчүн Шүкүров шаар бийлигине чечкиндүү чараларга барууну сунуштайт. Алар: тоо шамалынын кыймылына тоскоолдук кылган имараттарды сүрдүрүү же болбосо, таза абанын кыймылына жол ачылышы үчүн конуштар аркылуу атайын кесилиштерди тешип чыгуу керек.

Андан тышкары, Шүкүров өзөн бойлоруна көп кабаттуу имараттарды курууга тыюуну кайтаруу керектигин айтат. Анын пикири боюнча, өзөн суулары Бишкекке тоо абасынын агымын камсыздап бере алат, ошондуктан бул чөлкөмдөр «жашыл аймак» болушу керек.

Булганган аба эмнеси менен коркунучтуу?

Бишкектин абасында адамдын организми үчүн кооптуу формальдегид жана катуу бөлүкчөлөр бар. Формальдегиддин булагы — чыгынды газдар, ал эми катуу бөлүкчөлөрдүкү — жагылып аткан көмүрлөр.

Доктор Тухватшин бул заттар Бишкектин абасында топтолуп атканына кабатыр. Ал формальдегид менен катуу бөлүкчөлөрдөн улам адам дем алуу жана жүрөк-кан тамыр системаларынын ооруларына чалдыгышы мүмкүндүгүн айтат. Булганган аба кош бойлуу аялдарга да зыян: ал түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасир этет. Натыйжада бала төрөлгөн учурда ага нерв системасынын, бөйрөктөрүнүн же жүрөм кемтиги деген сыяктуу өнөкөттөр коюулушу мүмкүн.

«Ошондуктан биз кош бойлуу экенин уккан аялдарга дароо эле шаардын чет жакасына кетишин кеңеш кылабыз. Же болбосо аларга абаны тазалаган көндиционерди иштетип, алгачкы 13 апта үйдөн чыкпай отурууну сунуштайбыз», —  деп түшүндүрөт Тухватшин.

«МувГрин» жаштар кыймылынын экоактивисттери эки жылдан бери Бишкектеги абанын сапатын текшерип келишет. Алардын датчиктери Бишкектин тогуз жеринде майда дисперстик катуу бөлүкчөлөрдү каттаган. Долбоордун жетекчиси Мария Колесникова дайыма кышкысын көрсөткүчтөр ченемдүү нормадан 6-10 эсе жогору болуп атканын байкашат.

Кантип абаны тазартсам болот? Велосипедге өтүшүм керекпи?

Рустам Тухватшин шаарда велосипед менен жүрбөө керектигин сунуштайт, себеп дегенде физикалык чыңалуудан улам велосипедчилер булганган абаны көп жутушат. «Мен Копенгагенге барып келгем. Ал жакта бардыгы, борбордо же шаардын чет жакасында болобу, айтор велосипед менен жүрүшөт. Бирок ал жакта аба таза», — деп түшүндүрдү ал.

Бишкектин абасына карата аракетсиздикти төмөнкү ыкмалар менен азайтса болот:

‣ Таштанды же жалбырактарды өрттөбөө;

‣ Эгер машина менен жүрсөңүз байма-бай техкароодон өтүп туруу;

‣ Коомдук транспортто көбурөөк жүрүү;

‣ Үйдү көмүр менен эмес, газ же күн коллекторлору менен жылытуу.

Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Европанын шаарлары абанын булганышы менен кантип күрөшүшөт?

Лондондун бийлиги мегаполистин тышында жашап, шаарга жумуштап же жумушка келген автомобилисттерден калаага кирүү үчүн акы алуу системасын киргизген.

Ал эми айдоочулардын машиналары чыгындылар боюнча заманбап талаптарга шайкеш келбей калса, анда алар Лондондун борбору аркылуу өтүү үчүн күнүгө 10 фунттан (880 сомго чукул) үстөк төлөп турушат.

«Бул айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чаралардын жарымысы гана, — деп билдирди Лондондун мэри Садрик Хан, — Биз абаны булгаган автобустарды жаңыртып жатабыз, солярка менен жүргөн автобустарды сатып албай калдык. [...] Дизел менен жүргөн таксилердин айдоочуларына лицензия берүүнү токтоттук».

Мадриддин бийлиги булганган абага каршы 2016-жылдын аягында күрөшө баштаган. Шаарда абанын сапаты өтө начарлап кеткен учурда автомобилисттер үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет, тактап айтканда, аларга Мадридге кирүүгө тыюу салынат. Ушундай эле чара Италияда да колдонулат.

Ал эми Болгариянын борбор калаасы Софияда кара түтүн маселесин тургундарды коомдук транспотко түшүүгө шыктандыруу менен чечишет. Шаар бийлиги коомдук транспортто жүрүү үчүн арзан билеттерди чыгарып, аларды калаанын тургундарынын арасында жайылтат.