12-декабрда Ош шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин ачуу аземи болуп өттү. Сүрөт: Нуркыз Замирбек кызы/Kloop.kg

Ош шаарындагы №36 орто мектепте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду. Мектеп жазуучунун ысымын алып жүрөт.

Айкелди Кыргызстандагы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, маркум скульптор Ашыралы Маразыков жасаган.

«Бул иш атамдын акыркы эмгектеринин бири болуп калды. Менин билишимче, атам жарым жылдай аракет кылды окшойт. Айтматов атындагы мектепке жазуучунун эстелигин жасап атканын айтып кубанып жүргөн», — деп билдирди скульптордун уулу Болот Ашыралиев.

Эстеликти орнотууну мектеп жамааты менен ата-энелер демилгелеп чыккан. Ага 200 миң сом акча кеткенин аталган мектептин директору Катыча Орунбаева билдирди. Анын 35 миңи демөөрчүлөрдөн топтолсо, калганын Ош шаарынын бийлиги каржылап бермекчи.

«Ата-энелерден топтолгон каражаттан сырткары жетпеген акчаны шаардык кеңеш бөлөт. Каражатты 2019-жылдын бюджетине камтыганбыз. Бизге азырынча коротулган каражат тууралуу расмий кайрылуу келе элек. Биз коротулган каражатты төлөп беребиз», — деди Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн орун басары Салтанат Аманова.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов: «Шаарда жалгыз ушул мектеп жазуучу Айтматовдун атын алып жүрөт. Ошондуктан айкелди ушул жерде орнотууну чечтик» деп токтолду.

Ош шаарында 78 мектеп бар: анын 55и мамлекеттик, калган 23ү жеке менчик болуп эсептелет. Учурда мамлекеттик №36 Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте 445 окуучу билим алууда.

Редактору: Гүлжан Эшбаева