Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев парламентте иштеп жүргөндө бир да кишиден «бир да бөтөлкө суу албаганын» (анын ичинде министрлерден да) «Марал ФМ» радиосуна курган маегинде айтып берди. Бирок ал «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп иштеп жүргөндө министрден ай сайын 4-5 миң доллардан алып турганын айтты. Молдобаев бул жарым жылга чейин уланганын ырастоодо.

«Көрсө ошол пара экен», — деп эсине келген мурдагы депутат.

* Молдобаев ишканын башкы директору тууралуубу же министр жөнүндөбү, кайсы бири тууралуу айтканы түшүнүксүз. Себеби интервьюда ал өзүн «Кыргызгазмунайзаттын» «министринин орун басары» деп атаган.

Молдобаев кызы кайтыш болуп калгандан кийин өзүнө арам акча жакпай турганын кошумчалаган.

• «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн күйүүчү май базарын көзөмөлдөгөн. Ага май куюучу бекеттер жана күйүүчү май базалары таандык болгон. 2005-жылы ал банкрот деп жарыяланган.

• Нарынбек Молдобаев эки чакырылыштын депутаты болгон. 2007-жылы ал Курманбек Бакиевдин «Ак-Жол» партиясынан, ал эми 2010-жылы «Ата-Журттан» парламентке депутат болуп келген. Андан тышкары, 2013-жылы «Реформалар үчүн» аттуу депутаттык топко мүчө болуп кирген.