Президент Сооронбай Жээнбеков транспорт министри Жамшитбек Калиловду орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы үчүн сынга алды. Өлкө башчысы премьер-министрден Калидовду тергөө аяктаганча кызматынан четтетүүнү өтүндү.

5-декабрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы (АКС) транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди чет элдик компаниядан 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармаган.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, буга чейин аткаминер өзүнүн ортомчу туугандары аркылуу 120 миң доллар алып койгон. Алардын бардыгы, анын ичинде Жусубалиев да тергөө изоляторуна киргизилген.

Мекеменин маалыматына ылайык, Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөп, «Түндүк — Түштүк» альтернативалуу жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү убада кылган. УКМК аткаминерге 50 миң доллар берген фирманын атын ачыктаган эмес.