«Клооп Медиа» редактор издейт

Учурда Ош шаарындагы бюробузда редактор үчүн бир жумуш оруну бар. Талаптар менен таанышып, вакансия сизге ылайык келсе, онлайн билдирмени толтуруп жөнөтүңүз.

Редактор:

• Кыргызстанда жана аймакта болуп жаткан окуяларга күн сайын көз салат;

• Материалдарды түрдүү форматта даярдап, мөөнөтүнө жана мазмунуна жоопкерчилик менен мамиле кылат;

• Команда менен тема талкуулап, керектүү учурларда өзү материал жазып чыгарат;

• Кабарчы болуп иштеген, журналистика боюнча билимге жана тажрыйбага ээ болушу күтүлөт;

• Кыргыз тилинде сабаттуу жаза билет. Орус жана англис тилдерин билген талапкерлерге артыкчылык берилет.

Айлыгы канча? Маектешүүнүн натыйжасында макулдашылат.

Билдирмелерди кабыл алуу аяктады.