Президент Сооронбай Жээнбеков маморгандардын санариптештирүүлүсүн сынга алды. Анын айтымында, маморгандардын онлайн кызматтарынын сапаты аксап, ведомстволор иштин санарип форматына өткүсү келбей өз маалыматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектешүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрда акыркы жети жылда мамлекеттик органдарды санариптештирүүгө 50 млн доллар коротулганы менен бул күтүлгөндөй жыйынтык бербегенин билдирди. Анын айтымында, буга мамлекеттик түзүмдөрдүн иштин санарип форматына өтүүгө жана өз маалыматтарын жарандар менен бизнеске ачып берүүгө умтулуусу жок болуп атканы себеп болууда.
«Азыркы учурда Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санариптик өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуубуз зарыл. Ал үчүн бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көӊүл буруп, катуу аракет жасашы керек. [...] Жайбаракат жүргөнгө бизде убакыт жок», — деп белгиледи Жээнбеков.
Жээнбековдун айтымында, эми мамлекеттик органдарды санариптештирүү өз тапшырмасы боюнча иштелип чыккан Өлкөнү 2019-2023-жылдарда санариптик транформациялоо концепциясына ылайык жүргүзүлмөкчү.
«Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу. Мамлекеттик бийликтин негизги функцияларын аткаруу үчүн санариптик технологияларды кеӊири колдонуу зарыл», — деди өлкө башчысы.
Бийлик өлкөнү кантип санарип мамлекетине айландыргысы келет?
Өлкөнү санариптештирүү мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун колдоосунун астында, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аягында ири масштабда башталган. 2017-жылы алар «Таза Коом» мамекеттик программасын демилгелешкен.
Бул программа жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдете турган бир нече багытка бөлүнгөн. Мисалы, юридикалык жактарды онлайн каттоо; электрондук патент алуу; «Түндүк» системасы (ал маморгандардын ортосундагы электрондук документ жүгүртүү менен коммуникация үчүн жооп берет); «Акылдуу шаар» жана анын «Коопсуз шаар» компоненти. Президенттик кызматка Жээнбековдун келиши менен «Таза Коом» «Санарип Кыргызстанга» трансформацияланган.
Ири масштабдагы пландарга чейин санарип трансформация боюнча айрым демилгелер көтөрүлгөн. Алардын бири — бул жолдордо коопсуздукту жакшыртуу жана жол кыймылынын эреже бузууларын аныктаган «Коопсуз шаар» долбоору. Бул программаны бийлик бир нече жыл ичинде, Атамбаев «Таза Коомду» алып чыкканга чейин эле ишке берүүнү аракет кылышкан.
Бирок «Коопсуз шаарды» ишке берүү дайыма жылдырылып келген. Башында бийлик долбоорду Орусиянын «Стилсофт» компаниясына бергиси келип, бирок келишим үзүлүп, сот териштирүүлөрү башталып кеткен. Сапар Исаковдун премьерлиги учурунда «Коопсуз шаарды» Кытайдын «Хуавэй» фрмасы ишке берүүгө даяр болгон, бирок кытайлык компания менен да кызматташуудан баш тартууга туура келген.
Айрым кездерде бийлик «Коопсуз шаарды» өз күчү менен ишке берүүгө талпынып, бирок натыйжада долбоорду 2018-жылы сентябрда Орусиянын «Вега» коргонуу кнцернине өткөрүп берүүнү чечкен. Компаниянын жетекчилиги «Коопсуз шаарды» 2019-жылы ишке киргизүүнү убада кылып, долбоорду ишке берүүнүн баасын 2,3 млрд сомго баалаган.