Вице-премьер министр Кубатбек Боронов 17-декабрда «Биринчи радионун» алып баруучусуна Кыргызстандагы санариптештирүү тууралуу айтып берди. Эфир учурунда Боронов радионун алып баруучусуна жакшы эле жооп берип жатып, бирок Android платформасындагы кэш деген эмне экенин түшүндүрүп бере албай калды.
«Биринчи радионун» эфирине Боронов президенттин кеңешчиси Дастан Догоев менен кошо келген. Эки аткаминер «Санарип Кыргызстан» долбоорун ишке киргизүү үчүн жооптуу.
«Биринчи радионун» түз эфири Кыргызстандагы санарип трансформация темасына арналган. Боронов радионун алып баруучусунун суроолоруна жакшы эле жооп берип жатканы менен «Android программасындагы кэш» деген эмне экенин түшүндүрүп бере албай калды. Мындай суроону вице-премьерге «Азаттыктын» журналисти Касым Рахманкулов узаткан.
Боронов: Android — бул санариптештирүү менен технологияларда колдонулган атайын программа. Кэш деген эмне? Кэшти, биз кандай түшүнөбүз — бул...
Догоев: Убактылуу эс тутум.
Боронов: Дастан [Догоев] мени оңдоп койсунчу.
Боронов эфирдин көрүүчүсүнө ушинтип так жооп бере албай калды, ал эми Догоев болсо маектешүүнү киберкоопсуздук темасына буруп кетти.
Кубатбек Боронов 2018-жылдын апрелинен тарта вице-премьерлик кызматты аркалап келет. Буга чейин ал 2011-жылдан тарта өзгөчө кырдаалдар министри болгон, ал эми андан мурдараак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) түзүмүндө ар кандай кызматтарды аркалаган. ӨКМге келгенге чейин ал курулуш компанияларында иштеп, жыгач иштетүүчү заводдун директору жана инженери болгон. Боронов кызмат жолун 1991-жылы таш тизүүчү болуп баштаган.
Ошондо Android кэш деген эмне?
Android кэш — бул түзүмдүн ички эс тутумундагы орун, ал жакта оюндардын же колдонмолордун убактылуу файлдары сакталат.
Кэш адамдардын колдонмо менен болгон аракеттенүүсүн тездетет. Эгерде сиз Гуглдан бир нерсе издеп жаткан болсоңуз, операциялык система сиздин сурамды кэшке жолдоп, ошол жактан маалыматтарды кайра сураган учурда тез эле чыгарып алууга мүмкүндүк берет.
Androidдеги кэштин күнүмдүк турмуштагы ишинин жакшы мисалын «Инфодроид» порталы бере алат. Китепкананы, ошондой эле ал жакта иштеген китепканачыны элестетип көрүңүз. Китепканачы окурмандарга китеп берет. Китептер залда сакталат: кайсы бирине суроо талап көп болсо, башкаларына анчейин талап жок.
Китепканачы улам-улам залга чуркап, кардарын күттүрбөй жана өз жумушун тездетиш үчүн популярдуу китептерди өзүнө жакын сактай баштайт.
«Бул мисалда китепкана — бул түзмөктүн ички эс тутуму, китептер — маалыматтар, окурман — маалыматтарды кайра иштетүүгө талап кылган колдонмо, китепканачы — суроо талаптарды тейлеген эс тутумдун көзөмөлчүсү, ал эми китепканачынын жанындагы белгилүү китептер топтолгон текче — бул кэш», — деп жазат «Инфодроид».
Бийлик өлкөнү санариптештирүү ишине кандай киришти?
Бийлик өлкөнү масштабдуу санариптештирүү жөнүндө 2017-жылы, санарип транформациялоо боюнча «Таза Коом» программасынын бет ачаары менен жарыялаган. Ал бир нече багытка бөлүнгөн: алардын ар бири бийликтин оюнча, жарандардын мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетиши керек.
«Таза Кооомго» юридикалык жактарды онлайн каттоо; электрондук патент алуу; «Түндүк» системасы (ал маморгандардын ортосундагы электрондук документ жүгүртүү менен коммуникация үчүн жооп берет); «Акылдуу шаар» жана анын «Коопсуз шаар» компоненти сыяктуу программалар кирет.
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келгенден кийин «Таза Коом» «Санарип Кыргызстанга» трансформацияланган. Президент 14-декабрда «Санарип Кыргызстандын» жана анын чыгышына өбөлгө болгон «Таза Коомдун» ишке ашырылышын сынга алган.
«Учурда Кыргызстан санарип өнүгүүнүн экинчи деңгээлинде турат. Биз санарип өнүгүүнүн төртүнчү баскычына чыгуубуз зарыл. Ал үчүн бардык бийлик бутактары бул максатка өзгөчө көӊүл буруп, катуу аракет жасашы керек. [...] Жайбаракат жүргөнгө бизде убакыт жок», — деп айткан Жээнбеков.