Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын аял депутаттары. 2016-жыл. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Кыргызстандын мыйзамдары саясатка аралашкысы келген аялдарга мүмкүнчүлүк бере баштады. Бирок коомчулуктун өзү өлкөнүн тагдырын чечкен мыйзамдарды бир гана эркектер эле эмес, аялдар да кабыл ала турганын аягына чейин түшүнө элек.

Материал Дата мектеби жана Кыргызстандагы «БУУнун Аялдар» түзүмү менен өнөктөштүктө даярдалды.

40 жаштагы Элеонора Сыйданова — Беловодск айылдык кеңешиндеги 30 эркектин арасында жалгыз депутат аял. Эки жыл мурда жергиликтүү тургундар аны айылдын көйгөйлөрүн чечүүдө жигердүү жардам көрсөткөндүгү үчүн шайлашкан.

Сыйданова ишинин алгачкы апталары ага «түшүнүксүз жана оор» болгонун эскерет. Ал шайланганга чеийн жергиликтүү депутаттар кантип иштээрин билген эмес. Ошондой эле эркектер тарабынын ишенбөөчүлүктү басып өтүүгө аргасыз болгон.

«Мени бюджеттик комиссиянын төрайымы кылып шайлашкан жана бул айрым эркек депутаттардын намысына тийген. Бирок кийинчерээк биз бирге иштешип, бардыгыбыз айылдын келечеги үчүн чогуу иштешебиз деген ойго токтолгонбуз», — деди ал.

Бүтүндөй Кыргызстандын масштабында алып караганда аялдардын саясаттагы абалы Беловодск айылдык кеңешине салыштырмалуу бир аз жакшы болгону менен баары бир деле оптимизм жаратпайт.

Соңку үч жылда бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Кыргызстандагы 8700 эл өкүлүнүн арасында саны миңге жетпеген аял депутаттар бар.

Аял депутаттардын саясатта болушу мыйзамдар адилеттүүрөк кабыл алынышы үчүн абдан маанилүү.

«Бала эмизүү жөнүндө мыйзам бар, мындай мыйзамды бир да эркек жазбайт», — деп мисал келтирет парламенттин депутаты Айнуру Алтыбаева.

Андан тышкары, аялдар эркектерге салыштырмалуу социалдык маселерди көп айтып чыгышат.

«Аялдар бала бакча, сүт өндүрүүчү жана тигүү цехтерин куруу керектиги тууралуу маселелерди дайыма көтөрүшөт. Ал эми эркектер болсо спортзал, мончо, сауна, күрөш залдарын белгилешет. Алар эс алганды гана жакшы көрүшөт, а биз социалдык маселелер жөнүндө айтабыз», — деп түшүндүрөт Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Рахия Өмүрбаева.

«Байманаптык кылык-жоруктар»

Жогорку Кеңештеги аял депутаттардын бири Айнуру Алтыбаева бардыгынан да өзүнүн парламенттеги кесиптештерине эмес, жергиликтүү кеңештерге көрсөтүлгөн аялдарга кыйын деп эсептейт. Анын айтымында, буга мыйзамдардын жакшы иштелип чыкпагандыгы, шек саноолор, акча жана убакыттын жоктугу, андан тышкары, аларга патриархалдык коом жүктөгөн үй-бүлөлүк милдеттер себеп болууда.

«Өзгөчө айылдык аялга эркек талапкер менен эрегишүү кандай экенин элестетип көрсөңөр. Негизи алар ким? Алардын шайлоо өнөктүгүн камсыздоого мүмкүнчүлүктөрү бар бизнесмендер, ишкерлер», — дейт Алтыбаева.

Аялдар үчүн негизги маселе жергиликтүү кеңештердеги шайлоо мыйзамында болууда — шайлоонун мажоритардык системасы. Анда шайлоочулар партиялар үчүн эмес, ар бир талапкерге өз-өзүнчө добуш бериши керек. Мындай жагдайда аялдарга эркектер менен атаандашуу кыйыныраак.

Баткен шаардык кеңешинин депутаты Чынара Ахмедова айылдык эркек «билим деңгээли боюнча [аялдан] үч эсе төмөн» болушу мүмкүн экенине карабастан өзүн эркекмин деп эсептегени үчүн эле дайыма өзүн бийик сезет деп эсептейт.

«Айылдык аял бары бир эле токтоо келет, ал атаандашуудан коркот. Аялдар талапкерлигин коё баштаганда эркектер өздөрү эле жагымсыз коомдук пикир жарата башташат. Алардын мээсинде дагы деле кожоюндук кылык-жоруктар бар», — дейт Ахмедова.

Туугандары каршы

Саясатка аралашкысы келген аялдардын дагы бир чоң көйгөйү — бул коомдун лидер аялдарды кабыл алгысы келбегени.

«Биздин салттуу үй-бүлөлөрдө аял үй-бөлө менен гана болушу керек, ашкана жана башка нерселер менен деген түшүнүк бар. Менин оюмча эгерде үй-бүлө билимдүү болсо, анда динден тышкары тарбия берилсе — негизи биз светтик мамлекетпиз да — кандайдыр бир көйгөйлөр жаралбашы керек деп эсептейм», — дейт Элеонора Сыйданова.

Сыйданованын жакын туугандары анын айылдык кеңешке баруу демилгесин колдоп, атүгүл жардам да беришкен.

Туура түшүнгөн туугандар менен жамандоонун жоктугу — бул саясатка аралашкысы келген аялдар үчүн сейрек кездешкен нерсе. Кыргызстандыктардын дээрлик 60 пайызы аялдар таптакыр саясатка катышпашы керек деп эсептешет.

Каракол шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Элмира Исмаилкунова балдары менен күйөөсү анын саясаттагы карьерасына каршы болушканын айтууда.

«Эч каалашкан эмес [депутат болушумду], “Андай баш оорунун сага эмне кереги бар, бул сага оюн эмес, сен аялсың” деп айтышкан. Өздөрү каалагандай [депутаттыкка талапкерлигиңди көрсөтпө деп] артка чегинүүгө ынандырууга аракет кылышкан», — деп айтат ал.

Исмаилкунова шаардык кеңешке партиялык тизме менен өтүп, ал жакта бир нече убакыт иштеген. Андан соң партия аны тизмедеги башка партиялаштарына иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн мандатты тапшырууну суранган. Азыр ал ошол эле жумушту аткарат, бирок депутат катары эмес, партиянын мүчөсү жана активист катары.

«Кеткенимде [үй-бүлөмдүн] мойнунан чоң таш түшкөндөй эле болду. Кичүү балам азыркыга чейин [ишмердигиме] каршы», — деди Исмаилкунова.

Мыйзамдар иштебейт

Кыргызстанда депутат аялдар үчүн орун берүүнү милдеттендирген мыйзамдарды кабыл алып жаткашканына карабастан, парламентте жана жергиликтүү кеңештерде депутат аялдардын саны азырынча көп деле өскөн жок.

Мындай мызамдын биринчиси 2011-жылы, парламенттик шайлоодон бир жыл өткөн соң кабыл алынган. Ал Жогорку Кеңешке аттанып жаткан партияларды тизмеге бир жыныстагы талапкерлердин санын 70 пайыздан ашырбоого милдеттендирген. Албетте, бул чектөө эркектерге тийиштүү эле — алар мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда үстөмдүк кылбашы үчүн.

Юридикалык жактан алып караганда бул мыйзам аялдарга Жогорку Кеңеште орундардын 30 пайызын ээлөөгө кепилдүү мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, 120 мандаттын ичинен 36сын. Бирок иш жүзүндө бул мыйзам аткарылбайт — учурда парламентте болгону 22 аял бар.

Бул мыйзамдын аткарылышын регламент үчүн жооптуу парламенттик комитет көзөмөлдөшү керек. Бирок ал депутаттардын арасындагы гендердик тең салмактуулук маселесин өтө эле аз көтөргөн. Ага кошумча аталган меселеге тийиштүү деңгээлде эч ким деле реакция кылган эмес.

Акыркы 8 жылда аялдардын саясатка аралашуусу тууралуу регламент боюнча комитеттин курамына кирбеген Алтыбаева көбүрөөк үн катып келет. Ал саясатта аялдардын санын көбөйтүүгө жардам бере алган мыйзамдарды көтөрүп чыгат.

Бирок парламент жергиликтүү кеңештерге аялдарды көбүүрөк киргизүүгө даяр болгону менен, өзүнө тийиштүү болгон өзгөртүүлөрдү эркек депутаттар жөн гана өткөрбөй коюшат. Мисалы, парламент партиялык тизмелерде сөзсүз түрдө ар бир үчүнчү талапкер аял болушу керектиги тууралуу мыйзамга каршы добуш берген. Азыр аялдар тизмелерде ар бир төртүнчү орунду ээлешет.

«Эркектер [мыйзамга өзгөртүүнү] шаардык кеңештердеги партиялык тизмедеги айырма эки позициядан көп болбошу үчүн колдоп беришти. Бирок биз ошол эле нерсени Жогорку Кеңеште да кылууну сунуштаганда, алар колдобой коюшту. Биз мыйзам долбоорун эки жолу сунуштаганбыз», — дейт Алтыбаева.

Кодулоо эмес, сый

Мунун баарына карабастан, «Клооптун» журналисти маектешкен ар кандай аймактардын 15 аял депутаты эркектер тарабынан кодулоо деле сезишпегенин айтышууда.

«Алар бизди аял катары басынтып жатышат деп айткандан алыспыз. Бирок депутаттык ишмердүүлүктө эркектердин өз-ара тилектештиги сезилет, — дейт Баткен шаардык кеңешинин депутаты Чынара Ахмедова. — Депутаттык корпуста болгону жети аял барбыз. Эгер кандайдыр бир маселелерди чечүү керектелип калса эркектер тез чогула калып, кайсы жерде керек болсо ошол жерден бири-бирн колдоп беришет».

Кемин шаардык кеңешиндеги анын кесиптештеринин бири эркек депутаттар мессенжерде өздөрү үчүн гана тайпа түзүп алышканын айтууда. «Алар ошол жакка бир нерселерди жөнөтүшүп, күлүшөт. Бул эмне деген тайпа деп сурасам, эркектердин ортосундагы тайпа деп жооп беришти», — деди ал.

Алтыбаева да Жогорку Кеңештин ишинде кодулоо жок деп ырастайт. Анын айтымында, аны баарынан да аял депутат болгону үчүн сыйлашат, жыныстык белги боюнча басмырлашпайт:

«“Сен аял болгонуң үчүн менден жамансың” дегендей нерсе болгон эмес. Тескери, сый-урмат сезем деп айтсам болот».

Бул макалада келтирилген пикирлер сөзсүз эле «БУУнун Аялдар» түзүмүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун же анын ар кандай биригишкен уюмдарынын көз караштарын чагылдырбайт.

Автору: Александра Ли

Инфографика: Бегайым Ажикеева

Редакторлору: Алтынай Мамбетова, Дмитрий Мотинов, Катя Мячина