Орусиянын жараны болуп чыккан Бишкек шаардык кеңештин депутаты мандатынан ажыратылды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу орус жарандыгын алып жүргөндүгү үчүн Аймактык шайлоо коммиссиясы анын мандатын алды. Бул кош жарандык алып жүргөн аткаминерлердин мандаттан ажыратылышы боюнча биринчи учур эмес. Буга чейин эл өкүлдөрү мындай эреже бузаалар үчүн кылмыш жоопкерлигин киргизүүнү да сунушташкан.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, «Республика — Ата Журт» партиясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу мандатынан 19-декабрда ажыратылган. Анын айтымында, Орусиянын юстиция министрлиги Коргонбай уулу 2007-жылдан бери эле Орусиянын жараны экендигин маалымадаган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын 52-беренесинде башка мамлекеттин жараны депутат боло албайт деп так жазылган», — деди Маматов.

Коргонбай уулу «Вести» басылмасына курган маегинде билдиргендей, ал башка өлкөнүн жарандыгын алган эмес жана сотто Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин даттанат. Ал өзүнө каршы айыпты «буйрутма» деп атап, анын артында Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов турушу мүмкүн деп айтты.

«Бир-эки жыл мурда балдар келип, Албек Ибраимов аларга менин үстүмөн компромат табышса 30 миң доллар берем деген убада кылганын айтышкан. Иш буйрутма экени билинип турат. Орусияда эмне документтерди жасалмалоо кылбайт деп ойлойсуңарбы?», — деди Коргонбай уулу.

Бул башка өлкөнүн жарандыгынан улам депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча биринчи эле учур эмес. Февралда Казакстандын атайын кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Дамир Асылбек уулун аткезчиликке шектеп кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө эл өкүлүндө кыргыз жарандыгынан тышкары, казак жарандыгы да бар экени белгилүү болгон.

Апрель айында Борбордук шайлоо комиссиясы анын мандатын чакыртып алган. Ал эми парламенттин өзүндө болсо, эгер мамлекеттик кызматкерлер кош жарандык алып жүрүшсө кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартууну сунушташкан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Дастан Бекешев жана Алмазбек Баатырбековдун пикири боюнча, жазанын жоктугунан улам аткаминерлер башка өлкөнүн жарандыгын жашырып келишет. Бул «жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө» же башка өлкөнүн кызыкчылыктарын коргогон адамдын шайланышына алып келиши мүмкүн.