Жынсы, спорт бут кийимчен, шортачан болбойт — маморгандардын көпчүлүгүндө келүүчүлөрү үчүн так аныкталган дресс коду бар. Эгерде сиз ага ылайык келбесеңиз, анда сизди имаратка киргизбей коюшу мүмкүн. Эмне үчүн бул сиздин укугуңузду бузуп жаткандыгын айтып беребиз.
«Өзүмдү күнөөлүүдөй сезгем»
Күндөрдүн биринде Бишкектин ЖОЖдорунун биринин студенти Еленаны* Жогорку Кеңешке экскурсияга чакырышкан. Парламент жаштарды депутаттардын иши менен тааныштырыш үчүн маал-маалы менен экскурсияларды уюштуруп турат. Экскурсия уюштурулган күн келип, Елена көзөмөл-өткөрмө пунктунан өтөөрдүн алдында аны дресс код жөнүндө жобого таянышып имаратка киргизбей коюшкан.
*ысымы өзгөртүлдү
Ошол күнү студент кыз көйнөк, пижак, көк жынсы жана лофер-тифлисин кийип жүргөн. Кызды имаратка классикалык шым эмес, жынсы кийип алгандыгы үчүн киргизбей коюшкан. Ал эми Елена ошол учурда экскурсияга катыша албай калгындыктан өзүн күнөөлүүдөй сезгенин эстеди.
Парламент — бул мыйзам чыгаруучу гана эмес, өкүлчүлүктүү да орган. Тагыраак айтканда, депутаттар ал жакта өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргоп, алардын атынан сүйлөшөт. Депутаттардын милдеттерине шайлоочулар менен жолугушуу да кирет.
Ошого карабастан, Жогорку Кеңешке баргандар үчүн ишкердик дресс код милдеттүү — парламентке «спорт, кыжырды келтирген жана экстраваганттуу кийимчен» барууга болбойт. Дресс коддун сакталышына имараттын күзөтчүлөрү көз салышат.
Жогорку Кеңештин сайтында бул талаптар тууралуу эч нерсе айтылган эмес — алар жөнүндө ошол жерден гана билүүгө болот. Дресс коддун талабы «Административдик имаратка киргизүү тартиби жөнүндө» жобого таянганы менен бул жобо ачык маалымат булактарында жок. Юрист Жибек Кенжебекова бул ички документ жана ал парламенттин имаратына келген жарандарга тийиштүү болуп эсептелбесин айтат.
Дресс кодду тутуу боюнча жалгыз эреже Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамда жазылган. 145-беренеге ылайык, «Жогорку Кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар [расмий] кийим кийип жүрүүгө тийиш». Тактап айтканда, мыйзам боюнча милдеттүү дресс код Жогорку Кеңештин бардык келүүчүлөрүнө эмес, парламенттин отурумунда катышкандарга гана тийиштүү.
Өткөрмө тартип жөнүндө жобо өкмөт имаратынын ичинде да ачык жеткиликте жок болгону менен Кенжебекова аны таба алды. Жободо ылайык, иш күндөрү өкмөттүн административдик имараттарынын келүүчүлөрүнүн кийимдери иш стилине ылайык болушу керек.
Жобо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин буйругуна таянат жана ага карама-каршы келет. Себеп дегенде документте келүүчүлөргө «кийимдин иш стилин сактоо сунушталышы» керек деп айтылган.
«Өзүн сыйлаган адам жынсы кийбейт»
Өң-түспөл жөнүндөгү ушул сыяктуу эрежелер башка мамлекеттик органдарда да иштейт. Мисалы, министрликтерде.
Бишкектин тургуну Александра Ички иштер министрлигине (ИИМ) жеке маселелери боюнча расмий сурам жөнөткөн. Ал сурамына жооп алыш үчүн ИИМдин имаратына жеке өзү барып келүүнү чечкен. Бирок мекемеге барган учурда аны имаратка киргизбей коюшкан.
«Өткөрмө бюросундагы аял: “Сиз жынсычан эмессизби?” деп сурады. Мен жынсычанмын десем: “Жынсычан болбойт” деген жооп уктум. “Эмнеге болбойт?” деген суроомо сен “көрүнгөн эле бир жерге” киргени аткан жоксуң, “ИИМге талаптагыдай кийинип келишиң керек” деген жооп уктум».
ИИМден «Клооптун» журналистине түшүндүрүшкөндөй, келүүчүлөрдүн өң-түспөлү тууралуу эрежелер чын эле бар: «Шортачан болбойт, жынсычан болбойт, кыскасы нормалдуу көрүнүш болушу керек». Ал эми министрликтен бул кайсы мыйзамга ылайык бекитилгенин журналистке түшүндүрүп бере алышкан жок.
Ошондой эле, ИИМдин кире беришинде да эч кандай бир токтомдор менен буйруктарга таянбаган «КР ИИМнин Борбордук аппаратынын келүүчүлөрү үчүн» эскерткичи илинип турат, ага мөөр да басылган эмес жана кол тамга да коюлбаган. Ошого карабастан, анын этегинде «Жарандык жактар менен командировкага келген адамдарды өткөрүүдө жогоруда аталган талаптар аткарылууга тийиш» деген көрсөтмө турат.
Башка министрликтерде да абал дээрлик ушундай эле. Мисалы, каржы министрлигинде төмөнкүдөй жарыя илинип турат: «Кызматчынын өң-түспөлү классикалык, иш стилине ылайык, тыкан жана таза болушу керек» —бул кызматчылар үчүн этика кодексинин пункттарынын бири.
Ылдый жагында эскертүү жазылган: «Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин келүүчүлөрү дресс кодду тутууга милдеттүү», андан тышкары, документте чечмеленбеген кол жазма менен мөөр турат.
Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү «Клооптун» журналистине курган маегинде «өзүн сыйлаган адам жынсы кийбейт», деп айтып, бирок баары бир эле ведомствонун кабылдамасына дресс кодго ылайык келбеген кийимчен кирүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.
«Эгер бир адам келип, ар кандай жагдайларга байланыштуу анын анча-мынча түзүк жалгыз бир кийими эле жынсы болсо, анда компромисс табылышы мүмкүн», — деп түшүндүрүштү министрликтен. Көзөмөл-өткөрмө пунктагы кароолчунун айтымында, кээде ушундай келүүчүлөр менен жолугушуу кире бериштен алыс эмес, турникеттен өтө элек жердеги коомдук кабылдамаларда өтүшү мүмкүн.
Билим берүү министрлигине келгендерден да дресс кодду сактоо талап кылынат. Имараттын кире беришинде мамлекеттик мекемелерге «шортачан, брижчен, топикчен, спорт шымчан, жыртык кийимчен» кирүүгө тыюу салган жарыя илинип турат.
Ал өкмөттүн 2012-жылдагы №378 токтомуна таянат. Юстиция министрлигинин сайтындагы мыйзам чыгаруучу актылардын базасында ушул сыяктуу бир эле токтом бар. Бирок ал жерде «товарларды жана транспорт каражаттарын бажы көзөмөлдөө алдында убактылуу сактоо» жөнүндө гана айтылат.
Ушул сыяктуу эрежелер Бишкек мэриясында да бар. Анын басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине маалымдагандай, имаратка шортачан, футболкачан жана жынсычан келсе болбойт. Мэриянын кадрлар бөлүмүнөн тастыкташкандай: «Ар бир адам иш этикетин жана мэриянын кызматкерлерин сыйлашы керек. [...] Мэрия — силерге спорт кийимчен [жүргүдөй] Ош базары эмес».
Бардык маморгандарга тараган дресс коддун жалпы талаптары жок: эгер эрежелер кээ бир министрликтерде талаптуу жазылса, башкаларында жөн эле жок.
Мисалы, Маданият, маалымат жана туриз министрлигинде дресс код бар деген эстеткич жок. Ведомствонун кароолчусу билдиргендей, анын милдетине келүүчүлөрдүн өң-түспөлүн текшерүү кирбейт жана бул тууралуу эч кандай жобо жок.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, ведомстводо дресс код боюнча чектөөлөр эч качан болгон эмес: «Менин байкашымча, баары каалагандай кийинип келишет. Жайында шортачан деле келе беришет. Эл жөнөкөй жашоодо кандай кийинсе, ошондой келет. Биз кантип талап кылмак элек, себеби алар мамлекеттик кызматкерлер эмес да».
Жарандарды басмырлоо
Юрист Жибек Кенжебаева ырастагандай, дресс кодду талап кылуу — бул биринчи кезекте маалымат алуу мүмкүндүгү боюнча конституциялык укукту чектөө.
«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова да ушул ойду карманат. «Биздин мыйзамда эч бир ведомствого келүүчүлөр үчүн дресс код киргизүү ыйгарым укугу берилген эмес», — деп ырастады ал.
Жакупова түшүндүргөндөй, эгер мыйзамдарда кайсы бир кийимди кийип жүрүүгө так тыюу салынбаса, анда адам ошол кийимди кийүүгө укуктуу. Ал мамлекеттик кызматкерлерди жумушка Кыргызстандын жарандары жалдаарын да эскертип өттү.
«Биз аларды жалдайбыз, багабыз, алар болсо кайсы бир эрежелерди таңуулап башташат. Алардын иштеринин принциби — бул жеткиликтүүлүк, ачыктык жана кардарга багытталгандык. [...] Парламент — шайлоочулар үчүн. Мамлекеттик кызматкерлерди бизге кызмат өтөшсүн деп жалдайбыз да, алар болсо кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап жатышат», — деди ал.
Жакупова дресс код боюнча маморгандарда кабыл алынган ички жоболор — бул жарандарды, өзгөчө социалдык аярлуу топтордогуларды басмырлоо деп эсептейт. «Басмырлаган ченемдерди киргизип аткан маморгандардын эмне кереги бар? — деп суроо салды Жакупова төмөнкүлөрдү кошумчалап: — Ар бир буйрук же жобо кайсы бир жерде жарыялангандан кийин иштеп баштайт. Эгер алар жабык болсо, эл алар жөнүндө кайдан билмек эле?»