Экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев 25-декабрда мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылды. АКИpress басылмасы билдиргендей, саясатчыдан жана анын үй-бүлөсүнөн конфискациялана турган мүлктүн жалпы баасы 1,8 млрд сомдон ашат. Сот өз чечимин сырттан чыгарган, ал эми Шадиев өзү өлкөдөн чыгып кеткен.

Экс-вице-премьердин иши боюнча чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-декабрда чыгарды. Саясатчы «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп соттолгон.

АКИpress басылмасы саясатчыдан жана анын үй-бүлөсүнөн конфискациялана турган мүлкүнүн тизмесин жарыялаган: анын суммасы 1 852 236 099 сомду түзөт.

Шадиевдин үстүнөн биринчи кылмыш иши апрелдин аягында «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол кездеги бийлик өкүлү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң долларды өзүнө ыйгарып алган.

Кылмыш иши козголоордон бир күн мурда Шадиев Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, ал жактан АКШга учуп кеткен. Июнь айында саясатчыга чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча дагы бир кылмыш иши козголгон.

Ал эми ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Шадиевдин парламенттеги депутаттык ыйгарымдарын токтоткон.

Шадиевден конфискациялана турчу мүлкүнүн тизмеси:

• «Карвен четыре сезона», уставдык капиталы 33,33% ;

• «Аква Инвест Плюс», уставдык капиталы 50%;

• «Карвен Групп», уставдык капиталы 50% ;

• «Ала-Арча» турак комплексиндеги эки жеке үй (Аламүдүн районунун Орто-Сай айылы)

• Бишкектеги кеңсе, Манас проспектиси 11/1;

• «Тойота Лэндкрузер 150» автомобили;

• Шадиевдин банк эсебиндеги 5954$ (404 872 сом) акча;

• Саясатчынын жубайы Асел Шадиеванын банк эсептериндеги акча: 57 069$ (3 880 692 сом) жана 290 536 сом;

• «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода-көңүл ачуу борбору), уставдык капиталы 100%;

• «Ларель», уставдык капиталы 50%.