Кылмыштардын бирдиктүү тизмеси түзүлдү

1-январдан тартып кыргызстандыктар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жардамы менен өз арыздарынын жүрүшүн онлайн көзөмөлдөй алышат.

Бул күндөрдөн тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлери болуп өткөн же даярдалып жаткан кылмыш боюнча тапшырылган ар бир арызды бирдиктүү электрондук маалымат базасына киргизүүгө милдеттүү. Арыздануучу системага катталгандан кийин арызынын QR коду менен уникалдуу номурун алып, өз ишинин жүрүшүнө онлайн көз салып тура алат.

Эгерде укук коргоо органдарынын кызматкери арызды тизмеге киргизүүдөн баш тартса, кызматкерге 220 сомдон 300 миң сомго чейин айып пул салынып, кээ бир кызмат орундарда 2 жылга чейин иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн.

Өкмөттүн ою боюнча, бийлик реестрдин жардамы менен ишти бурмалоо тобокелдигин минимумдаштырып, кылмыш процесстерине айкындуулук киргизип, кылмыш иштерин жоготууну токтотуп, акча менен убакытты сарптоону кыскартат.

Бирдиктүү тизме жети мамлекеттик ведомствону бириктирди: Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, Жогорку сот, финполиция, ЖАМК жана бажы кызматы. Реестрди Башкы прокуратурага киргизүү үчүн бюджеттен 102 млн сом, ИИМ — 6 млн жана ЖАМК — 21 млн сом бөлүнгөн.

Реестр кантип иштеши керек:

Реестр ишке киргенден кийин 3 мүнөт өткөн соң биринчи арыз тизмеге жаздырылган: 1-январда саат 00:03тө Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган.