Атабек Абдуллаев

Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Атабек Абдуллаев Швецияда теракт даярдоо боюнча шектүүлөрдүн бири болуп чыкты. Ал жөнүндө эмне белгилүү?

Эмне болду?

2018-жылдын апрелинен тарта швед полициясы теракттарга даярдануу боюнча шектүүлөрдүн бир нечесин кармаган. Алардын арасында 39 жаштагы Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев бар болуп чыкты. Декабрдын аягында Абдуллаевге каршы терактка даярдануу жана «Ислам мамлекети» (ИМ) экстреммисттик уюмун каржылоо боюнча доомат коюлган. Прокуратуранын маалыматына ылайык, Абдуллаев жана башка кармалгандар бул жааттагы боевиктерге акча которушкан. Шектүүлөрдүн арасында Абдуллаевден башка Өзбекстандын дагы беш жараны бар.

Кармалган алтоонун ичинен теракт даярдоо иши боюнча шектүү катары үчөө өтүп жатат — алардын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда бычактар, атайын жабдылган кийимдер жана химикаттар (жардыруучу заттарды даярдоодо колдонулушу мүмкүн болгон 660 кг жана 100 литр заттар) табылган.

Сүрөт: Швеция полициясы

Доомат кармалгандардын кат жазышууларына жана алардын соцтармактардагы жүрүм-турумдарынын анализине негизделет. Швед полициясынын версиясы боюнча, айыпталуучулар теракттын даярдалуусун жашыруун сөздөрдү колдонуп талкуулашкан: теракт деген сөздүн ордуна «үйлөнүү той» жана мина коюуну «унааны жасалгалоо» деп аташкан. «Үлпөт тоюна унааны жасалгалоо үчүн дагы бирөө-жарым керекпи? Эгер кааласаң мен сага унааны жасалгалоо боюнча видео жөнөтө алам. Мен унааны жасалгалоо боюнча алектенген туугандарыма да жазам», — кармалгандардын бирөөсүнүн кат жазышуусунан алынган үзүндүнү «Экспрессен» басылмасы келтирет.

Швеция бийлиги маалымдагандай, кармалгандардын бирөөсү Рахмат Акилов менен байланышка чыккан. Акилов 2017-жылы Стокгольмдогу теракт үчүн өмүрү өткүчө эркинен ажыратылган — ал жүк ташуучу унаа менен Стокгольмдун борборундагы жөө кишилер жүрүүчү жолго чыгып, натыйжасында 4 киши көз жумуп, дагы 15 жаракат алган.

Абдуллаев тууралуу эмне белгилүү?

Швед ЖМКларынын маалыматына ылайык, 39 жаштагы Атабек Абдуллаев 30-апрелде кармалган. Анын компьютери менен телефонунда «ИМ террордук уюмун колдогон материалдар» табылган. Полициядан билдиришкендей, Абдуллаев жумуш берүүчүсүнөн алган жасалма маалымкаты менен Handelsbanken банкынын кардары болууга аракет кылган.

«Клооптун» журналисттери Абдуллаевдин соцтармактардагы маалыматтары менен кыргыз маморгандардагы ачык булактарды салыштырууда, ал чын эле Кыргызстандан экенин таап чыгышкан. Шектүү Ош облусунудагы Араван районунун Төө-Моюн айылында туулган.

Полициянын айтымында, кыргызстындык Швецияга 2017-жылдын августунда Польша бийлиги берген виза менен келген. Бул Абдуллаевдин аялынын аккаунтундагы Польшадагы Лодз шаарында жашайт деген маалыматты жарым-жартылай тастыктайт.

Абдуллаевдердин аккаунттарындагы маалыматтар экөө тең динчил адамдар экенин билдирет: Исламды түшүндүрүүгө багытталган тайпаларга жазылышкан, диний тексттери бар сүрөттөрдү жарыялашат, сүрөттөгү балдары сөөмөйлөрү менен жалгыз кудай бар экендигин көрсөтүп турушат.

Бирок, ушул материал жарыяланып жаткан учурга Абдуллаев «Одноклассник» тармагындагы профилинде экстремизмди пропогандалаганга байланыштуу бирдиктүү маалыматы бар жарыя кылган эмес. «ВКонтакте» тармагында диний тайпалардан тышкары Европага иммиграциялоого арналган юмордуу паблик менен тайпаларга жазылган.

Анткени менен Абдуллаев ок атма куралдарын сүйүүчүлөрүнө арналган тайпага да жазылган — тайпада мезгили менен ар кайсы куралдар менен атуу жана аткылашуу башталган жерлерде өзүн алып жүрүү тууралуу маалымат жарыяланып турат.

Швед прокуратурасы Абдуллаевдин профилиндеги бул маалыматтар ага даректелген айыптоого кошумча деп эсептейт. Ошондой эле, Швециянын укук коргоо органдары Абдуллаев соцтармактарга теракт боло турчу жерлердин сүрөттөрүн чыгарып турчу деп айтууда.

Чындыгында, Абдуллаевдин аккаунтунда европалык кооз жерлердин видео менен сүрөттөрүн тапса болот. Бирок шектүүлөрдүн бирөөсүнүн жактоочусунун айтымында, Абдуллаев бул сүрөттөрдү террор максатында эмес, досторуна көрсөтүү үчүн тарткан. Мисалы, анын профилинде Гдансктагы вокзалдын фонунда түшкөн сүрөтү жана Стокгольмдогу соода борборунун видеосу бар. Эгерде Абдуллаев күнөөлүү деп табылса, ал 4 жылдан өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн.

Абдуллаев Гдансктагы вокзалдын фонунда.

Редактору: Айсымбат Токоева