Материал "Кыргызстандын Дата мектеби" коомдук фондунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланып, «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда эмдөөдөн баш тарткан 215 ата-эне бар.

Анын ичинен Үч-Коргон айыл өкмөтү боюнча 174, Майдан айылында 9 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тарткан.

Ошондуктан, ата-энелер менен Кадамжай райондук Үй-Бүлөлүк дарыгерлер борборунун эмдөө боюнча дарыгери Бүайша Курбанова, ден соолукту чыңдоо канаасынын башчысы Толкунай Кайымова жана райондук ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун дарыгери Акжол Анарбаев, Кадамжай райондук мечиттин имамы Осмон кары Курбановдор тегерек стол уюштурушту.

Тегерек столго эмдөөдөн баш тарткан 70 ата-эне катышып, атайын адистерге суроолорду беришти. Тегерек столдун жүрүшүнөн кыскача гезит окурмандарына сунуштайбыз:

Курбанова: Балаңызды эмдетпей жүргөнүңүздун себеби эмнеде?

Суроо: Мен интернеттен эмдөө зыян деп окуп калганым үчүн кичине баламды эмдетпей жатам. Эки чоң уулум убагында эмдөөлөрүн алышкан...

Дарыгер Анарбаев: Эмдөөнүн эч кандай зыяны жок. Кыргызстанда өлүттүү он бир жугуштуу оорууларга каршы эмдөө жүргүзүлөт.

Эмдөө — бул республикабыздын калкына саламаттык сактоо уюмдарынын, медициналык жана санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун аныктамасы боюнча эмдөөлөр медицинанын жалпы тарыхында инфекциялык оорулардан, алардын кесепетинен болгон өлүмдөн жана майыптыктан сактоочу натыйжалуу чара.

Суроо: Мен вакцинанын курамы зыян заттардан турат деп ойлогонум үчүн 2 баламды эмдетүүгө каршы болуп жүрөм. Ошондуктан мага вакцинанын курамында кандай заттар бар экенин толук айтып берсеңиздер жакшы болот эле.

Дарыгер:

Вакцинанын курамы:

  • негизги компоненттери микроорганизмдердин же алардын токсиндеринин бөлүктөрүнүн алсыздандырылган же инактивацияланган (өлтүрүлгөн) формалары;
  • комокчу заттары;
  • Вакциналарды сактоо жана пайдалануу учурунда анын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн атайын кошулуучу заттар (алюминий туздары, антибиотиктер, консерванттар жана турукташтыруучулар) бар;
  • Вакциналарга көмөкчү заттар өтө аз өлчөмдө иммундук жоопту күчөтүү жана алардын булгануусуна бөгөт коюу максатында кошулган;
  • Ушундай эле консерванттар биз күн сайын колдонуп жүргөн көптөгөн азыктарда бар. Мисалы, йогурт, пакеттеги сүт, ар кандай ширелер, ж.б. Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар коопсуз жана натыйжалуу.

Дарыгер Анарбаев: Вакцинация акысыз экенин билесизби? Сизди адистер чакырып, балаңызды эмдөөдөн өткөрүү убагы келгенин кабарлап турушабы?

Дарыгер Кабылова: Дарыгерлер балаңызды эмдөөгө алып келиңиз деп айтышат. Болгону менин күйөөм балабызды эмдетүүдөн баш тартат. Баламдын дени сак дейт. Вакцинациянын акысыз экенин билем.

Дарыгер: Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму жугуштүү оруулар болгон шал, кызамык, дифтерия, столбняк, туберкулез, эпидемиялык паротит оорулары балдарды өлүмгө дуушарлантып же болбосо өмүр бою майыптыкка алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи.

Бул ооруларга каршы эффективдүү вакциналар бар, эгер Сиз балаңызды атайын календарь боюнча өз убагында эмдетсеңиз ооруну жеңесиздер.

Ошондуктан балдарды өз убагында календарь боюнча эмдетип турунуздар.

Кыргызстанда бул ооруга каршы балдарга эмдөө жасалгандыктан, 25-жылдан бери шал оорусу катталбайт. Ошондуктан дагы биздин өлкөгө Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму тарабынан «Шал оорусу жок өлкө» деген сертификат берилген.

Суроо: Дарыгерлер өздөрү балдарын эмдетишеби?

Дарыгер Кайымова: Сөзсүз. Себеби, алдын алуучу эмдөөлөр организмге белгилүү бир ооруларга карата иммунитетти жакшыртуучу биологиялык каражаттарды куюу менен адамда спецификалык антителолорду иштеп чыгаруу максатында берилишин дарыгер өзү жакшы түшүнөт.

Мисалы, менин балам бир жашка чейинки берилүүчү кызамыкка каршы эмдөөсүн ала элегинде, 6 айлык кезинде кызамык менен ооруп калды. Ошондо балам жашы жетип, бир жашта бериле турган эмдөөнү алганда көп кыйналбаса керек.

Өзум дарыгер болгондуктан, бардык медициналык китептерди барактап чыгууга туура келди. Баламды, көп кыйынчылык менен аман алып калдым.

Мисалы, 2018- жылы Кыргызстан боюнча эмдөө ала элек бир жашка чейинки 451 бала кызамык менен ооруду. Албетте, бул баарыбыз учун кейиштүү окуя болду.

Суроо: Дарыгерлер өздөрү да эмдөөдөн өтүп турушабы?

Дарыгер: Албетте, ар бир киши алгач төрөт үйүндө 24-сааттын ичинде сарыктын “В” түрүнө каршы алгачкы эмдөөнү алышы зарыл. Андан кийин кургак учукка каршы эмделет. 2 айлыгында көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилия инфекциясы жана “В” вирустук гепатитине каршы эмдөөлөрдү алышы керек.

Бул 5 ооруга каршы сайыла турган эмдөө баары бир идишке топтолгон. Ошондуктан медицинанын тили менен муну пентавакцина деп айтабыз. Латын тилинде бул 5 дегенди билдирет. Ошону менен бирге бул жашта эле пневмококк жана шал оорусуна каршы эмдөөлөр да берилиши керек.

Кийин ушул эле эмдөөлөр 45 күндөн кийин пентавакцинанын экинчиси жана шал орууга каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт. 45 күндөн кийин пентавакцина дагы пневмококк инфекциясына каршы экинчи эмдөө жана шалга каршы үчүнчү эмдөө жүргүзүлөт.

Кийин 1 жашында кызылча, эпид паротит жана кызамыкка каршы, пневмококктун учунчу эмдөөсү болот.

Баланын 2 жашында көк жөтөл, кептөөр жана тырышмага каршы биринчи кайрадан эмдөө жасалат.

6 жашта болсо кептөөр, тырышма, кызылча, кызамыкка каршы эмдөөлөр журөт.

11 жашында, 16 жашында, 26да, 46да, 56да жаштарында да кептөөргө каршы, тырышмага каршы эмдөөлөр жасалат.

Мисалы, мен азыр 46 жашта берилген эмдөөну алдым.

Суроо: Вакцина кандай шартта сакталышы керек?

Дарыгер: Вакцина +2 ..+8 градустагы атайын муздаткычтарда сакталат. Облустун борборлорунан вакцина атайын бөлүнгөн унааларда термосумкада райондун борборлоруна алынып келинет. Муздаткыч чынжыры деп коёбуз, вакцина чыккан жерден баштап, вакцина сайыла турган жерге чейин ушул температура сакталат.

Суроо: Эмдөө кандай шартта жасалышы керек?

Дарыгер: Эмдөөлөр атайын уюштурулган керектүү эмеректер мисалы кварц, термосумка, муздаткыч менен жабдылган эмдөө каанасында жасалат. Аны атайын окуудан өткөн медицина кызматкери, эмдөө жасоого уруксат берилген күбөлүгү бар медициналык кызматкер жасайт.

Ата-энелер: Эмдөө боюнча биз толук маалыматты кайдан алсак болот?

Дарыгер: Бардык эле Үй-бүлөлүк медицина борборунан жана айылдардагы ФАПтардан, Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун эмдөө кааналарынан алсаңыздар болот. Эгер сиз эмдөө боюнча кеңеш алгыныз келсе дарыгерлерге тартынбай келип, көңүл өйүткөн сурооңузга жакшы жооп, туура кеңеш алсаңыз болот

Кыргызстандагы эмдөөнүн календары:

Курагы Эмдөөнүн аталышы
Вакцинанын аталышы
Төрөлгөндөн кийин 24 сааттын ичинде В вирустук гепатитине каршы биринчи эмдөө ВГВ
Төрөт үйүндө болгон убакыттын ичинде Кургак учукка каршы эмдөө БЦЖ
2 ай Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилия инфекциясы жана В вирустук

гепатитине каршы биринчи эмдөө

 

Пневмококк инфекциясына каршы биринчи эмдөө

 

Полиомиелитке каршы биринчи эмдөө

 

 

ПЕНТА
(АКДС-ВГВ-ХИБ)

 

ПКВ

 

 

ОПВ

3,5 ай Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилия инфекциясы жана В вирустук

гепатитине каршы экинчи эмдөө

Полиомиелитке каршы экинчи эмдөө

ПЕНТА
(АКДС-ВГВ-ХИБ) ОПВ, ИПВ
5 ай Көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилия инфекциясы жана В вирустук

гепатитине каршы үчүнчү эмдөө

Пневмококк инфекциясына каршы экинчи эмдөө

Полиомиелитке каршы үчүнчү эмдөө

ПЕНТА
(АКДС-ВГВ-ХИБ) ПКВ ОПВ
12 ай Кызылча, эпидемиялык сакоо жана кызамыкка каршы эмдөө

Пневмококк инфекциясына каршы үчүнчү эмдөө

КПК

 

 

ПКВ

2 жаш Көк жөтөл, кептөөр жана тырышмага каршы биринчи ревакцинация АКДС
6 жаш Кептөөр жана тырышмага каршы экинчи

ревакцинация

Кызылча, эпидемиялык сакоо жана кызамыкка каршы ревакцинация

АДС

 

КПК

 

11 жаш Кептөөр жана тырышмага каршы

ревакцинация

АДС – М
16, 26, 36, 46, 56 жаш Акыркы ревакцинация жасалган учурдан баштап, ар бир 10 жылда кептөөр жана тырышмага каршы ревакцинация  

АДС – М

Суроо: Эмделбеген же жарым жартылай эмделгендер кантип иммунизация жасатса болот?

Дарыгер: Ар бир оорукананын иммунолог дарыгери ар бир адамдын мурда алган эмдөөлөрүн карап чыгып, атайын график түзүп берет. Бала ошол графиктин негизинде калып кеткен эмдөөлөрүн ала алат.

Суроо: Эмдөө жасаганга чейин дарыгер баланын саламаттыгын текшериши керекпи? Кантип?

Дарыгер: Эмдөөнүн алдынан Үй-бүлөлүк дарыгер баланын ден соолугун текшерип, эмдөөгө уруксат бергенден кийин гана жасалат. Эгер бир оору аныкталса, атайын адис дарыгерлерге жөнөтүлүп, текшерүүдөн өтөт. Эгер оорусу болсо даарыланып айыккандан кийин, эмдөөгө уруксат берилет.

Дарыгерлер дени соо болгон балага гана эмдөө алганга уруксат беребиз. Бала эмдөө алгандан кийин дагы белгилүү бир убакытка чейин көзөмөлгө алынат, мисалы кызамыкка каршы эмдөөдө бир жумадан кийин, калган вакциналарда бир күндөн кийин медициналык кызматкер баланын абалын сурап турат.

Суроо: Исламда эмдөө алган кунөө эмеспи?

Осмон кары:  Хадистерде жазылган — эгер бир пенде ооруп калса бир эле жактан шыпаа издеп олтура бербестен, ооруга каршы түш тараптан себеп болоор амалын издесин деген жери бар.

Ошондуктан эмдөө алгандар келе жаткан орууга каршы тура алаары талашсыз. Баарыбызга белгилүү ажыга баргандар дагы ошон учун 5 орууга каршы эмдөө алып барышат.

Дарыгер: Эмдөөдөн өткөрүү — бул баланы жугуштуу оорулардан сактоо. Сиз эми балаңызды эмдөөдөн өткөрөсүзбү?

Катышкан ата-энелердин бири: Мен эмдөө боюнча толук түшүнүк алдым. Анын зыяны жок экенине ишендим. Илгери ата-энелерибиз көп, мисалы, 10 баладан төрөсө да, алардын көбү каза болуп калганына, алар убагында эмделбей калганы себеп болгон экен да. Эми буюрса, баламды эмдетүүгө алып келип турамын.

[totalpoll id="81533"]