Ала-Көл көлү. Сүрөт: Жөө жүрүүчүлөр туризминин бирикмеси

Кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 1-январынан 8не чейин дем алыш деп жарыялады. Эгер Жаңы жыл майрамынан, бир чара оливьеден жана дагы Бишкектин күндөрүнөн чарчасаңыз, кайда барып эмне кылыш керектигин айтып беребиз.

Активдүү эс алам десеңиз тоого чыгып же термалдык булактарга түшсөңүз болот.

Учурда жөө жүрүүчүлөр туризминин бирикмеси 5-6-январларда Сүттүү-Булак көлүнө жүрүш пландоодо: биринчи күнү Чолпон-Атадагы петроглифтерди көрүп келүү, «Таш-Суу» булагына түшүү пландалууда, ал эми экинчи күнү — көлдүн өзүнө жүрүш башталат. Жол кире, жатакана, тамак-аш жана гиддин кызматтары биригип болжол менен 1700 сом болот.

Бирикме январдын башында бир күндүк жүрүштөрдү да уюштурат — мисалы, «ЗиЛ», «Каракол» жана «Тогуз-Булак» тоо лыжа базаларына. Керектүү кийим-кече, жабдыктарыңыз жок болсо тамак-ашка кеткен чыгашаларды эске албаганда сапардын жалпы баасы 2000 сомду түзөт. Ошондой эле бир күндүн ичинде Аламүдүн же Бирбулак капчыгайларына барып келсеңиз болот — бир кишиге 400 сом төлөнөт.

Бирбулак капчыгайы. Сүрөт: Жөө жүрүүчүлөр туризминин бирикмеси

Жөө туризми уюштурган жүрүштөрдүн толук тизмеси менен бул шилтемеге аркылуу таанышсаңыз болот.

Эгер Бишкектен жадасаңыз, анда бир күнгө Алматага барып келиңиз. 5-6-январларга карата Asia Expeditions баруучулардын тобун чогултуп жатат: бул күндөрү «Медеу» бийик тоолуу муз майданына, Борбордук эс алуу паркына, дельфинарийге жана «Мега Алма-Ата» соода борборуна барып келесиз. Турдун баасын 2000 сом, бирок өз алдынча барууну кааласаңыз Бишкектен Алматага чейин 400 сомго маршрутка менен жетесиз. Өзүңүз тандаңыз!

«Медеу» бийик тоолуу муз майданы. Сүрөт: depositphotos.com

Ошондой эле Ташкентке баруу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал үчүн үч бош күнүңүздү бөлүшүңүз керек болот. Travel to Central Asia компаниясы Өзбекстанга тур уюштуруп, саякаттоо учурунда Амир-Темир аянтын, 16-кылымга таандык эң ири Көкөлдөш мердесесин жана башка Ташенттеги белгилүү жайларды зыярат кыласыз.

Көкөлдөш медресеси. Сүрөт: Advantour

Турдун акысы болжолдуу 5600 сомду (80$) түзөт.