2019-жылдын 1-январынан тарта Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциялары ишке кирип, жоруктар жана бузуулар боюнча жапжаңы кодекстер пайда болду.
Юрист Замир Жоошев «Клооп» редакциясынын суранычы боюнча Кыргызстандын мыйзамдары кантип өзгөргөнүн түшүнүктүү мисалдар менен айтып берди.
Жазык-процесстик кодекси (ЖПК)
Өкүмдөрдү даттануунун мөөнөтү узартылды
Мурда: Сот өкүмүнүн 10 күн ичинде даттануу мүмкүн болчу.
Азыр: Эми бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылды.
Күбөлөргө кылмышкерлерди кармап берүүгө уруксат берилди
Кимдир бирөөнүн автоунааны уурдап айдап кетүүгө аракет жасаганын көрүп калдыңыз дейли. Ууруну токтотоюн дедиңиз, бирок ортоңордо мушташ башталып кетти. Жыйынтыгында сиз жеңип, каршылашыңыздын колу-бутун байлоого үлгүрдүңүз. Ошентип автоунааны сактап калдыңыз, бирок кыянатчынын денесине залал келтирдиңиз: ээринин жарып, көзүнүн астын көгөрттүңүз. Милиция ушуга мурда кандай аракеттерди көрчү жана азыр кандай реакция кылаарын териштирип көрөлү.
Мурда: ЖПКнын эски редакциясында жарандар кыянатчыларды кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп бере алат деп жазылган эмес. Теория боюнча кылса болот, бирок «Өзүм билемдик» беренеси боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышыңыз мүмкүн болчу. Анткени, каршылашыңыздын денесине залал келтирилген.
Азыр: ЖПКнын жаңы редакциясы боюнча кылмышкерди милиция кызматкерлерине берүү үчүн кармасаңыз жоопкерчиликке тартылбашыңыз керек. Бирок, маанилүү учурду эстен чыгарбаңыз - мушташып жатып каршылашыңыз оор жаракат алса, жоопкерчиликке тартылып калышыңыз ыктымал.
Кылмыш иштерин козгоо жөнөкөйлөтүлдү
Мурда: Тергөөчү кылмыш ишти козгош үчүн бир катар аракеттер процедурасын кылышы керек эле: арызды күтүп, окуя болгон жерге барып, күбөлөрдөн сураштырып, түшүндүрмөлөрдү чогулткандан кийин гана кылмыш ишин козгомок (же козгомок эмес). Эгерде тергөөчү ишти ачса, баарын протоколго киргизүү үчүн кайра баарын сураштырышы керек эле. Мындайча айтканда — эки жумуш кылмак.
Азыр: Эми кылмыш иштери арыз түшөрү менен дароо козголот. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) киргизилет. Тергөөчү арыз бул реестрге түшөөрү менен тергөө ишин толук жүргүзө баштайт: күбөлөрдү, жабырлануучуларды суракка алып, алардын көрсөтмөлөрүн протоколго киргизет.
Калыс күбөлөр институту жоюлду
Мурда: Эски нормалар боюнча тергөөчү тинтүү же мүлк тизимин жүргүзүү үчүн көз карандысыз күбөлөрдү табышы керек эле. Ал кишилер тергөө иштери мыйзамга ылайык жүрүшүнө көз салып турушу керек.
Азыр: Жаңы мыйзам боюнча тергөөчүлөр тинтүү ишти, кылмыш ордун көрүп чыгууну калыс күбөлөрү жок өткөрө алышат. Тергөөчүлөр анын ордуна баарын видеого тартышы керек. Эгерде тергөөчү видеосъемканы өз кызыкчылыгы үчүн атайлап бурмаласа, ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
Көрсөтмөлөрдү видеоконференция аркылуу алууга уруксаат берилди
Мисалы, тергөөчү Бишкекте алдамчылык иши боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал иштин материалдарын чогултуп, өз көрсөтмөсүн берүүгө даяр болгон күбөгө байланышка чыгат. Бирок бир маселе бар: күбө Ыссык-Көл облусунда жашайт. Тергөөчү Бишкектен күбөгө бара албайт, ал эми күбө дагы ден соолугуна же жол кире акчасынын жоктугуна байланыштуу Бишкекке келе албайт. Бул учурга эски жана жаңы ЖПК кандай карайт?
Мурда: Эски ЖПК боюнча тергөөчүлөр көрсөтмөлөрдү аралыктан ала алышчу эмес. Алар региондогу күбөнүн келүүсүн күтүүгө мажбур болушчу. Дегеле болбогондо өздөрү барганга туура келчү. Ошентип териштирүү иштери созулуп кетчү.
Азыр: Ысык-Көл облусундагы күбө көрсөтмө берүүгө даяр, бирок Бишкекке келе албайбы? Эми көрсөтмө берүү үчүн жергиликтүү милиция бөлүмүнө баруу гана жетиштүү. Ал жактан күбөнү Бишкектеги тергөөчү менен видео байланыш аркылуу байланыштырып, күбө өз көрсөтмөсүн бере алат.
Жаңы фигура пайда болду — тергөө судьясы
Тергөө судьясы — бул Жазык-процесстик кодексинин жаңы институту. Мыйзам боюнча, тергөө судьялары сотко чейинки өндүрүш менен гана алектенишет; алар айыптоо менен коргоо тараптарынын ортосундагы бейтарап фигура болушу керек.
Мисалы, тергөөчү менен прокурор коррупция боюнча айыпталуучуну камакка алгылары келүүдө. Алар тергөө судьясына кайрылышат, тергөө судьясы болсо айыпталуучунун жактоочусун чакырып, ар бир тараптын далилдерин карап чыгат. Тергөө судьясы аргументтерди териштиргенден кийин айыпталуучуну камакка алуу боюнча чечим чыгарат. Мындан тышкары тергөө судьялары:
• Шектүүнү же айыпталуучуну үй камагына алууну же өлкөдөн чыкпоо жөнүндө кол кат менен чектелүүнү тандашат;
• Мүлктү камоого алууну же албоону чечишет;
• Шектүүнү кармоо иши нормалар менен мыйзамдар чегинде болгонун, дегеле кармоого муктаждык бар же жок болгонун текшеришет;
• Ар кандай суранычтарды кабыл алууну же четке кагууну чечишет: мисалы, өлүктүн эксгумациясы боюнча, шектүүнү же айыпталуучуну медициналык же психиатриялык жатакка жаткыруу боюнча;
• Шектүүнүн ээлеген кызматынан алып салуу боюнча чечим кабыл алуу ж. б.
Көбүнесе бул институттун түзүлгөндүгү — жаңыртылган ЖПКнын жакшы демилгеси. Тергөө судьясы башка иштерге алаксыбай, сотко чейинки өндүрүш маселелер боюнча гана адистешет. Азыр болсо бул менен жөнөкөй судьялар алектенет.
Эми көрсөтмөлөр сактоого жөнөтүлөт
Көрсөтмөлөрдү депозитке салуу — «объективдүү себептерге байланыштуу» сот отурумуна келе албай калган күбөлөрдүн же жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн бир жолу жазып алып, сактап коюу үчүн түзүлгөн.
Мисалы, төшөктө жаткан кишини сот отуруму болгон сайын чакырылбайт. Анын көрсөтмөлөрүн бир жолу майда-чүдөсүнөн бери жазылып алынып, башка тынчын алышпайт.
ЖПК «объективдүү себептер» деп төмөнкү учурларды тааныйт:
• Чет өлкөгө чыгып кетүү;
• Сот отурумдарына келүүгө мүмкүндүк бербеген күбөнүн же жабырлануучунун оорусу;
• Күбөнүн же жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч алып келген ооруу.
Көрсөтмөлөрдү депозитке салуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
• Коргоочу же айыптоочу тарап жашы жете элек баланы суракка алгысы келген учурда - аны стресстен сактоо максатында сот отурумдарына чакырбоо үчүн;
• Күбө же жабырлануучу өз коопсуздугуна коркуп жаткан учурда.
Көрсөтмөлөрдү жазып алуу чечимин тергөө судьясы кабыла алат. Бирок көрсөтмөлөрдүн сакталуусун коргоочу тарап да, айыптоочу тарап дагы сурай алат.
Көрсөтмөлөрү депозитке салынган иштин катышуучулары сот отурумуна келбей койсо болот. Бирок бул талап абсолюттук эмес — эгерде судья күбөнүн же жабырлануучунун жазылып алынган көрсөтмөлөрү жетиштүү эмес деп эсептесе, алар сотко баары бир чакырылышы мүмкүн.
Эми прокурорлор актоочу өкүм чыккан иштерге даттанууга милдеттүү эмес
Мурда: Эгерде прокурордун иштеринде актоо өкүмү чыгарылса, алар соттун чечимине даттанууга милдеттүү болчу.
Азыр: Эми прокурор утулган ишине даттанбай койсо болот.
Кылмыш-жаза кодекси (КЖК)
Рецидив (кайталанган кылмыш) түшүнүгү жоюлду
Рецидив — соттолгондугу жоюла элек киши билип туруп кылмыш кылууну уланта бергендиги. 2013-жылы баңгизаттарды саткандыгы үчүн кимдир бирөөнү үч жылга түрмөгө отургузушту дейли. Өз мөөнөтүн абакта өтүп, 2016-жылы эркиндикке чыгат. Бирок эркиндикте көп жүрбөй, бир жылдан кийин милиция анын үйүнө тинтүү жүргүзүп, 500 грамм анаша таап алышат. Иштин материалдарын сотке беришет. Судья кишинин соттолгондугун көрөт. Кишиге карата кандай жаза көрүлөт?
Мурда: Бул иште анын соттолгондугу оорлотуучу жагдай болмок. Ушуну иштин материалдарында эске алып, рецидив мөөнөткө жана жазанын оордугуна таасир бермек.
Азыр: Айыпталуучу анын үйүндө табылган анашаны сактагандыгы үчүн гана соттолот. Ал эми анын соттолгондугу эске алынбайт. Бул жаңы эреже — Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын гумандаштырылышы.
Жоошевдин ою боюнча, рецидивдин жоюлушу — бул жакшы демилге. Анткени адам өзүнүн мурдагы кылмышынан кутулган. Ошондуктан, кайталанган кылмыш үчүн жазаны оорлотуу — логикага туура келбейт.
Кылмыштардын бир бөлүгү жоруктар болуп калды
Мурда: 2019-жылга чейин кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчилик эки кодексте жазылган эле: Кылмыш-жаза жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстер.
Азыр: Эми бул эки кодекс үчкө бөлүндү — Кылмыш-жаза, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жоруктар жөнүндө кодекс. Кылмыш-жаза кодексинен Жоруктар жөнүндө кодекске жарым-жартылай беренелер өткөн. Мисалы, «Алдамчылык», «Уурдоо» жана «Тоноо». Жарым-жартылай деген — бул келтирилген зыяндын суммасы 10 миң сомдон ашпагандыгын билдирет. Эгерде суммасы 10 миң сомдон ашса, анда бул Кылмыш-жаза кодексине жатат.
Жорук деген эмне: Жорук — бул социалдык зыяндуу же адилетсиз иш. Мисалы, телефон уурдоо, бизнести легалдуу эмес жүргүзүү же бирөөнүн мүлкүн бузуу. Эгерде бирөө жорук кылса, анда анын эркиндиги (же жүрүүсү) чектелиши мүмкүн, ага айып пул салынат же түзөтүү же коомдук жумуштарга тартылат. Жоруктар үчүн эркинен ажыратышпайт.
Кылмыштар үчүн максималдык мөөнөттөр кыскартылды
Мурда: Эски кодекс боюнча, судья кылмышка күнөөлүүнү 6 айдан 20 жылга чейин кесиши мүмкүн болчу.
Азыр: Эми кылмыштар үчүн максималдык мөөнөт 15 жылга чейин кыскартылды. Заматта бир нече кылмыш кылган үчүн дагы максималдык мөөнөт кыскартылды — 25тен 20 жылга.
Азыр соттолгонду мөөнөтүнөн мурда жойсо болбойт
Дагы бир жаңы эреже — соттор эми мөөнөтүнөн мурда соттолгондукту жое алышпайт.
Мисалы, соттолгон адам мөөнөтүн өтөп чыкты, ал эми анын соттолгондугун жоюга 8 жыл берилген. Эми ал ушул убакытын өтүшүн күтүшү керек жана мөөнөтүнөн мурда жоюу суранычы менен сотко кайрыла алышпайт. Мурда бул мүмкүн болчу.
Эгерде жарандын жоюла элек соттолгондугу бар болсо, ал кээ бир мамлекеттик кызмат ордуларын ээлей албайт жана анын жумушка орношуусу менен маселе болот.
Эми компаниялар дагы кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат
Сиз ресторандын кожоюнусуз дейли. Сизде санэпиднадзором менен маселе болуп жатат — инспектор ашканадан бир нече бузууларды тапты. Айып пул төлөбөш үчүн сиз текшерүүчүнү сатып алайын деп жатасыз. Ак ниеттүү инспектор акчаңызды алуудан баш тартып, милицияга арызданды. Эгерде мурда бул үчүн сиз гана жазаланган болсоңуз, азыр ал сиздин юридикалык жагыңызга да, т.а. рестораныңызга дагы тиешелүү болот.
Компанияга карата үч гана жаза көрүлөт:
• Айып пул;
• Укуктарды чектөө. Мисалы, тендерлерге катышууга же салык жеңилдигин алууга тыюу салуу;
•Мажбурлап жоюу.
Төмөндө юридикалык жактар жазалана турган толук эмес кылмыштардын тизмеси берилди:
• Адамдарды соодалоо;
• Акчалардын изин жашыруу;
• Финансылык пирамидаларды уюштуруу;
• Рейдерлик;
• Керектөөчүгө жасалган коркунуч (мисалы, курулуш компанияңыз нормаларга ылайык келбеген бир үйдөн турак үй сатты же сиздин ишканаңыздагы тамак менен кардарлар ууланышты).
Жаңы беренелер жана бөлүмдөр пайда болду
КЖКнын жаңы редакциясында эки жаңы бөлүм пайда болду — ал жерде медиктер, фармацевттер жана аскерлер кылган кылмыштар үчүн жоопкерчиликтер жазылган. Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодекси жаңы беренелер менен толукталды. Алардын кээ бирөөсү:
• Күч колдонуу менен донорлук кылуу
Дарыгер сиздин макулдугуңуз жок же эркиңизге каршы куюштуруу үчүн сизден кан алдыбы? Өзүнүн аракеттери үчүн ал жаза тартат — айып пулдан баштап эркинен ажыратылышына чейин.
• Тынчтыкка каршы кылмыштары үчүн
Тынчтыкка каршы кылмыштарга төмөнкүлөр кирет:
• Куралдуу агрессияны пландоо, даярдоо же ага себепчи болуу;
• Эл аралык келишимдерди бузуу менен агрессивдүү согуш жүргүзүү.
• Адамгерчиликке каршы кылмыштар
Бул аныктамага төмөнкүлөр кирет:
• Мыйзамсыз депортациялоо;
• Камакта мыйзамсыз кармоо;
• Кулчулукка айландыруу;
• Сотсуз өлүм жазасына тартуу;
• Жарандык калкты жынысы, расасы, этностук таандыктыгы, туткан дини, саясий жана башка ишенимдери, майыптыгы боюнча куугунтуктоо жана кыйноо.
• Зомбулук менен жок кылдуруу
Сиз мамкызматчы болуп иштейсиз жана сиздин башчыңыздын коррупцияга байланышы бар болгондугун билдирген талашсыз далилдериңиз бар дейли. Бул тууралуу айтууну чечтиңиз: маалыматыңыз менен документтериңизди журналисттерге, укук коргоо органдарга бердиңиз; бул тууралуу социалдык тармактарда жаздыңыз. Андан кийин сиз дайынсыз жоголуп кеттиңиз — башчыңыздын кишилери сизди уурдап, шаар сыртына алып кетишти.
Ушул учур зомбулук менен жок кылдыруу болуп саналат. Тагыраак айтканда, кылмыш иши бийликтин өкүлү тарабынан же саясий уюм тараптан жасалып жатат. Бул иш үчүн 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
КЖКда жаңы институт пайда болду — пробация
Пробациялык көзөмөл кылмыш иштерин жасаган жарандарга нормалдуу жашоого кайтып келүүсүнө жардам берүү үчүн түзүлгөн. Пробациялык көзөмөл үчүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери жооп берет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү — бирден 3 жылга чейин.
Төмөнкүлөр проциянын катышуучулары болот:
• Коомдук жана түзөтүүчү иштер менен жазаланган жарандар;
• Шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар
• Бошонууга бир жыл калган жарандар.
Пробациялык көзөмөлдүн кардарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:
• Жашаган жери боюнча пробация органына катталуу жана мезгили менен ал жерге барып, белгиленип туруу;
• Уруксатсыз Кыргызстандан чыкпоо;
• Пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарландыруу.
Ошондой эле, пробациянын катышуучуларынан кээ бир милдеттерди аткарууну талап кылышы мүмкүн:
• Алкоголизмден, баңгиликтен же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсун өтүү;
• Алкоголду ичпөө, баңгизаттарды колдонбоо;
• Белгилүү бир адамдар менен байланышпоо;
• Жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу;
• Белгилүү бир жерлерге барбоо;
• Сутканын сот аныктаган убактысында жашаган жеринде болуу;
• Сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуу же окууга өтүү;
• Пробация органы тарабынан дайындалган ресоциализация программаларына катышуу.
Эгер соттолгон адам пробация программасын ийгиликтүү аяктаса, анда ал жазасын өтөгөн болуп саналат. Эгер ал жөнү жок себептер менен көзөмөл талаптарын эки жолу (же андан көп) бузган болсо, пробация органы сотко кайрылса болот — соттолгон адам камакка алынышы же сот ага дайындаган башка жазаны өтөшү мүмкүн.
Эгерде соттолгон адам пробациялык мөөнөттө кылмыш же жорук кылса, анда ал жазага тартылат.