Иллюстративдүү сүрөт. nensuria / Freepik

Кыргызстанда тыюу салынган жайда чылым чегүү үчүн айып пулду көтөрүштү — эми жеке адамдар бул үчүн 500 сомдун ордуна 1000 сом төлөөгө милдеттүү. Кайсы жайлар тууралуу сөз болуп жатат жана милиционерлерге алданып калбаш үчүн эмнени билишиңиз керек?

Сиз кинотеатр имаратынын алдында теңтушуңузду күтүп жатканыңызды элестетиңиз. Убакытты тез өткөрөйүн деп чөнтөгүңүздөн бир тамеки алып чыгып, чеге баштадыңыз. Капыстан эки милиционер сиз тарапка жакындап келип, коомдук жайларда чылым чегүүнүн тартибин бузгандыгыңыз тууралуу маалымдады.

Бирөөсү ошол жерден проткол түзүп, сизден кол коюшуңузду суранды. Кол коюуга шашылбаңыз, анткени кинотеатрлардын жанында тамеки чегүү уруксат берилген. Ошондой эле бул үчүн айып пул да төлөбөйсүз.

Кайсы жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынганын жана сизди айыптаган жаза менен макул болбосоңуз эмне кылса болоорун айтып беребиз.

Кайсы жерлерде чылым чексе болбойт?

«Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча төмөнкү жерлерде чылым чегүүгө тыюу салынган:

• Университет, мектеп, бала бакча жана балдар лагерлеринде*;

• Оорукана, бейтапкана жана госпиталдарда*;

• Автомай бекет сыяктуу өрт чыгуу коркунучу бар жайларда.

* Мыйзам боюнча университет, мектеп, бала бакча жана ооруканаларда чылым чегүүгө болбойт. Бирок, ушул мекемелердин аймагында (мисалы, короосунда) же атайын белгиленген жерлерде тамеки күйгүзсө болобу же жокпу — белгисиз. Мыйзамда бул учур жазылган эмес.

Так чечимдин жоктугу талаш-тартыштарды жаратат. Мисалы, юрист Замир Жоошевдин оюу боюнча, мектеп же ооруканага келгендер имарат ичинде же анын бөлмөлөрүндө тамеки чеге албайт. Ал эми юрист Фатима Якупбаева мекеменин аймагындагы бардык жерлеринде чексе болбойт деп эсептейт.

Төмөнкү жайларда тамеки чегүүгө жарым-жартылай (имарат ичинде болбойт, сыртында — уруксат берилет) тыюу салынган:

• Театр, кинотеатр, цирк, китепкана, көргөзмө жана концерттик залдарда;

• Коомдук транспорттордун салондорунда: троллейбус, автобус, маршрутка;

• Самолеттордо;

• Үйлөрдүн подъезд жана лифттеринде;

• Калкка кызмат көрсөтүлчү бардык иш ордуларында;

• Мамлекеттик мекеме ишканаларында.

Төмөнкү жайларда да тамеки тартууга (атайын белгиленген жерлерде — тамеки тартуу бөлмөлөрүндө уруксат берилет) тыюу салынган:

• Автостанция, автобекет, темир жол бекет жана аэропорттордун имараттарында жа залдарында;

• Поезддерде;

• Ресторан жана кафелерде.

Кайсы жайларда чылым чексе болот?

Калган бардык жерлерде. Мыйзам боюнча тыюу салынбагадын баарына уруксат берилет.

Тамекини эшикке чыгып тартам. Мен мыйзам бузуп жатамбы?

Сиз банктын кызматкерисиз же мамлекеттик кызматчы болуп иштейсиз дейли. Иштеген жериңиздин сыртында болсо тамеки тартуу орду бар. Ал жерде кесиптериштериңиз же досторуңуз менен чылым чегип, сүйлөшүп да туруп каласыз.

Бул учурда коркпой эле койсоңуз болот. Автобустук аялдамаларда тамеки тартууга тыюу салынбагандай эле, сиздин учурда да уруксат. Болгону, тамекиңизден чыккан түтүндү аргасыздан дем алып жаткан, чылым чекпеген кишилер жактырбашы мүмкүн.

Эшикке чыккандан ээринип, акырын даараткана же тепкичтер аянтчасына чыгып алып чегесизби? Бул адатыңызды кайра карап чыгышыңыз керек. Анткени, имарат ичинде чылым чегүү — бул мыйзам бузуу болуп саналат. Эгерде милиционерлерге кез келип калсаңыз, айып пул төлөөгө мажбур болосуз.

Тыюу салынган жайда тамеки чеккеним үчүн мага айып пул салып жатышат. Эмне кылыш керек?

Үйүңүздүн тепкич аянтчасында күйгүзүлгөн тамеки менен сизди кармап калышты дейли. Окуянын өнүгүшүнүн эки варианты бар.

Күнөөңүздү моюнга алдыңыз

Милиционер же айып пул жазып берет, же эскертүү берүү менен чектелет. Эгерде сизге эскертүү эле берсе, эч нерсе төлөбөйсүз. Эгер айып пул жазып берсе — милиционер ошол жерде протокол түзүп, сизге айып пулду төлөө жөнүндө токтом бериши керек.

Токтомду алган убакыттан тарта айып пулду бир айдын ичинде төлөө заарыл. Антпесеңиз, айып пулдун үстүнө туум кошула баштайт.

Эгерде милиционер аны менен кошо милиция бөлүмүнө барууну талап кылсачы? Юрист Замир Жоошев түшүндүргөндөй, эгерде жаныңызда инсандыкты күбөлөндүргөн документиңиз бар болсо (паспорт, айдоочулук же кызматтык күбөлүк, студенттик билет ж. б.), милиция бөлүмүнө баруудан баш тартсаңыз болот.

Өзүңүздү күнөөлү деп эсептебейсиз

Эгерде сиз тыюу салынбаган жерде чектим деп эсептесеңиз, бирок милиционерди ынандыра албасаңыз, анда 10 күндүн ичинде сотко кайрылып айып пул тууралуу нааразычылыгыңызды билдирсеңиз болот. Эгерде берилген мөөнөттө даттана албай калсаңыз, анда айып пул тууралуу токтом күчүнө кирип, сиз аны төлөөгө милдеттүү болосуз.