УКМК: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо мамлекетке $111 млн зыян келтирилген

Бишкек ЖЭБи. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) экс-премьер министр Сапар Исаков баштаган чиновниктер Кытайдын ТВЕА компаниясы менен «алдын ала билип туруп пайдасыз контракт» түзүп, мамлекетке 111 млн долларлык зыян келтиргенин билдирди.

УКМК 8-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча тергөө ишин аяктады. Анын жыйынтыгына ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп турганда, «жеке кызыкчылыктарын көздөө максатында» Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча 386 млн долларлык долбооруна TBEA компаниясын башкы жалданмачы кылып койгон.

УКМК билдиргендей, 2010-жылы Исаков иштеп турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги TBEA компаниясынын сунушун кымбат, техникалык жана технологиялык кемчиликтери бар болгондугу үчүн четке каккан.

2010-жылы TBEA ЖЭБди жаңыртууну 200 млн долларга баалап жаткан.

Мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Исаков TBEA менен контракт түзүүдө ушундай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча компаниянын тажрыйбасы жетишпегендигине жана долбоордук смета документациясы жок болгонун «атайын» эске алган эмес.

5-январда Исаковго ЖЭБдеги коррупция иши боюнча айып тагылган — ал алдын ала көмүскө бүтүм түзүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян тийгизгени үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мурдагы премьер-министрге Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция иши боюнча айып тагылып, 2018-жылдын 5-июнунда камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин укук коргоо органдары аны жаңыртууга кеткен чыгымдарга көңүл буруп башташкан. Авариядан кийин Бишкектин тургундары бир нече күн жылытуусу жок калышкан, андан кийин суу менен жарык да өчкөн.

2018-жылдын майында депутаттык комиссиянын чыгарган тыянагы боюнча, Бишкек ЖЭБдин жаңыртуусуна багытталган $386 млн акча ашыра көтөрүлгөн баа. Ал эми жаңыртуу иштерин алып барган Кытай компаниясы сарпталган акчалар боюнча деталдуу отчетторду берген эмес.

Исаков өзүнүн камакка алынганын адилетсиздик деп атап, УКМК кызматкерлери тарабынан опузалоого алынганына даттанган. Ал 2018-жылдын декабрында президент Сооронбай Жээнбековду саясий куугунтуктоолорду жүргүзүүсүнө күнөөлөгөн.

«Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат, бул процессти өзү көзөмөлдөп жатат», — деп Исаков сотто айткан. Азыр аткаминер УКМКнын тергөө изоляторунда отурат — Биринчи май сотунун чечими боюнча Исаков камакта февралдын ортосуна чейин болот.