«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнө караганда, Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин үй-бүлөсү мамлекеттик резервдеги эки миң тонна данды сарптап, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес.

2012-жылдын июлунда Мамлекеттик материалдык резервдер фонду «Дан» компаниясына эки миң тоннадан ашык буудайды (2126 тонна), кийинки жылы компания аны 2438 тонна кылып кайрып берет деген шарт менен карызга берет. Бирок, ал шарт аткарылбайт.

2012-жылы Баткен облусунун азыркы губернатору Абиш Халмурзаевдин уулу Данияр Халмурзаев «Дан» компаниясынын башчысы болуп турган. Компания буудай алгандан кийин тонналаган дандар дайынсыз жоголуп кеткен — Абиш Халмурзаевдин айтышы боюнча, дандар абдан нымдуу болгон үчүн бузулуп кеткен.

Бирок Абиш Халмурзаевдин айткандарына карабастан, 2014-жылы Мамлекеттик резервдер фонду «Дан» компаниясын сотко берип, 96 млн сом талап кылган — алардын ичинен 35 млн негизги сумма, 35 млн айып пул жана 26 млн кошулган туум.

Халмурзаев чоң суммадагы дооматка макул болбой, бардык сот чечимдерине даттанган — жыйынтыгында Жогорку сот бул ишти Баткен облустук сотко кайра карап чыгууга жиберген. Бирок облустук сотто билдиришкендей, иш мамлекеттик экспертизага жиберилген, ал бүткөндөн кийин гана териштирүү иштери жүргүзүлөт.