©UNICEF Kyrgyzstan/by Tumar Ibraimov/2018

Материал "Кыргызстандын Дата мектеби" коомдук фондунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланып, «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 9 айында эмдөөдөн баш тарткандардын саны 809ду түзгөн. Алардын 90 пайызы диний көз караштардан улам эмдөөдөн баш тартышкан.

Бирок, ислам дини эмдөөгө каршы эмес экендигин диний аалымдар айтып келишет. Ошого карабастан, айрым ата-энелер ымыркайларды төрөт үйүнөн баштап эле эмдетүүдөн баш тарткан учурлар көп кездешүүдө.

Эмдөө боюнча социалдык тармактарда ар кандай туура эмес маалыматтардын таркалып жатышынан жана диний көз караштардан улам, кээ бир ата-энелер ымыркай наристерелерди жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүдөн баш тартышып, балдардын укугун бузуп жатканын өздөрү деле аңдабай калышууда.

КР “Балдар жөнүндөгү” кодексинин “Баланын ден соолугун коргоо укуктарынын негизги кепилдиктери” бөлүмүндө:

“Ар бир бала жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте камсыз кылынуучу ден соолукту коргоонун жана бекемдөөнүн жана медициналык-санитардык жардам алуунун ажырагыс укуктарына ээ”, — деп жазылган.

Балдар мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарга ээ болгонуна карабастан, кээ бир ата-энелер өздөрү каалагандай тартипте кичине балдарды эмдетүүдөн баш тартып келе жатышат.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) аныктамасы боюнча эмдөөлөр медицинанын жалпы тарыхында жугуштуу оорулардан, алардын өлүмүнөн жана майыптыгынан сактоочу натыйжалуу чара болуп саналат.

Эмдөөлөр – бул коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын калктын арасында алгачкы медициналык жана санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринин негизги максаты.

Алдын алуучу эмдөөлөр – бул организмге белгилүү бир ооруларга карата иммунитетти жакшыртуучу биологиялык препараттарды куюу менен адамда спецификалык антителолорду иштеп чыгаруу максатында берилет.

Жалал-Абад облустук иммунопрофилактика борборунун башчысы Алия Арыкбаева вакциналардын түрлөрү, улуттук эмдөө календарына киргизилген жаңы вакциналар, эмдөөлөргө каршы көрсөтмөлөр боюнча бир нече суроолорго жоопторду берди.

— Алия Умаровна, жаш балдарга берилүүчү эмдөөлөрдүн түрлөрү, вакциналардын курамы жана улуттук эмдөө календары боюнча айтып берсеңиз?

Алия Арыкбаева

Медициналык иммунобиологиялык препараттар - бул вакциналар, анатоксиндер, иммуноглобулиндер, организмде жугуштуу ооруларды спецификалык кабыл албоону жаратуучу каражаттар.

Вакциналардын түрлөрүнө токтолуп кетсем, тирүү вакциналар — алсыздандырылган тирүү микроорганизмди камтыйт, ОПВ — шалга, КПК — кызамык, кызылча жана тепмеге, БЦЖ-кургак учукка каршы берилет.

Инактивацияланган — өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизм — көк жөтөл, кептөөр, селейме жана менингококк жугуштуу ооруларга каршы.

Субайрым — гендик инженерия ыкмалары менен алынган (ВГВ кара сарыкка пневмококко, ХИБ b-түрүндөгү гемофилияга каршы). Анатоксиндер – бактерияларды иштеп чыгуучу инактивацияланган токсиндерди камтыган вакциналар (АДС,АДС – М, b-түрүндөгү гемофилияга каршы) болуп саналат.

Вакциналардын курамындагы негизги компоненттер: микроорганизмдердин же алардын токсиндеринин бөлүктөрүнүн алсыздандырылган же инактивацияланган (өлтүрүлгөн) формалары.

Көмөкчү заттары: вакциналарды сактоо жана пайдалануу учурунда анын коопсуздугун, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн атайын кошулуучу заттар – бул алюмин туздары, антибиотиктер, консерванттар жана турукташтыруучулар.

Вакциналардын курамында: көмөкчү заттар өтө аз өлчөмдө вакциналарда иммундук жоопту күчөтүп жана алардын булгануусуна бөгөт коюу максатта кошулган.

Ушундай эле консерванттар биз күн сайын колдонуп жаткан көптөгөн азыктарда камтылган.

Мисалы: йогуртта, тетра пакеттеги сүттө, шире жана башкаларда бар. Кыргызстанда колдонулуучу вакциналар коопсуз жана натыйжалуу болуп саналат.


Улуттук эмдөө календарына киргизилген жаңы вакциналарга: ПЕНТА (АКДС-ВГВ-ХИБ) кептөөр, көк жөтөл, селейме, кара сарык жана b-түрүндөгү гемофилдик жугуштуу ооруларга каршы суюк аралаш вакцинасы 2009 -жылдын апрелинен баштап киргизилген. Ал эми ПКВ — пневмонияга (өпкөнүн сезгенүүсү) каршы вакцина 22-март, 2016-жылы киргизилген.

Мындан сырткары, ИПВ — инактивацияланган шал оорусуна каршы ийне менен салынуучу вакцина 2-май, 2018-жылы киргизилди.

— Жалал-Абад облусунун аймагында 2018-жылдын 10 айында канча бала эмдөөдөн өтүп, канчасы баш тарткан?

— Жалал-Абад облусунда үстүбүздөгү жылдын 10 айынын аралыгында бир жашка чейинки балдардын эмдөөлөргө пландалган атайын масаттуу топтору 30 миң 813 баланы түзөт.

Анын ичинен 21 миң 492 бала эмдөөдөн өттү. Алар ошол планга чегерилген максаттуу топтун 70 пайызын түзүп жатат. Ал эми 10 айда биз 80 пайыз аткарышыбыз керек эле, азыркы учурда биз 9-10 пайызга жетишпей жатабыз.

Бул жетишпегендиктин негизги себеби, медициналык баш тартуу невропатологдун аныктамасынын негизинде болуп жатат. Убактылуу дене табы көтөрүлүп кеткенде сайылбай калган балдар 1,3 пайызды түзүп жатат.

Жалпы эмдөөдөн баш тартуунун саны 809 баланы түздү. Алардын ичинен төрөт үйлөрүндө – 176 ымыркай кургак учукка (БЦЖга), кара сарыкка каршы – 138 бала эмделбеген.

Ал эми 1 жашка чейинки курактарда пента вакцинасынан (көк жөтөл, буума, селейме, кара сарык, ХИБ, шал, пневмания ооруларына каршы) 451 бала баш тартып жатат.

Бир жаш курагындагы 115 бала кызамык, тепме, кызылча, пневмакокко каршы эмдөө албаган. Эки жаш курагында АКДС вакцинасынан – 61 бала, 6 жаш курагында АДС жана КПК вакцинасына (дифтерия, селейме, кызамык, тепме, кызылча ооруларына каршы) кайталап эмдөөдөн – 39 бала жана 11 жаштан 56 жашка чейинки курактагылардын арасында 14 киши эмдөөнү алуудан баш тартып жатышат.

— Эмне себептен эмдөөдөн баш тартып жатышат?

— Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин көпчүлүгү интернеттеги Фейсбук, Истаграм социалдык тармактарында туура эмес жазылган пикирлерди окуп алышып, ошого ишенип алышкан.

Ал социалдык тармактарда “эмдөө алуу укум-тукумдарына зыянын тийгизет, оорутуп, тукумсуздукка алып келет” — деген пикирлер көп жазылып жатат.

Андан сырткары, диний көз караштарда “вакцинанын курамында чочконун майы бар, бул арам.

Вакцинада сымап бар, бул баланын ден соолугуна зыянын тийгизет” – деген туура эмес пикирлер көп жайылып жатат. Кээ бирөөлөр вакцина чыккан мамлекеттерге, мисалы Индияда жасалган вакцианаларга каршы чыгышса, айрымдары сактоо эрежесине каршы болуп келишет.

Көпчүлүк диний көз караштагылар: “Бул арам, вакцинанын курамында чочконун, келемиштердин каны бар” — деген туура эмес маалыматтардан улам эмдөөдөн баш тартып жатышат.

— Өткөн жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны канча эле?

— Өткөн жылдын аягында 500дөн ашык бала эмдөөдөн баш тарткан. Азыр биз 10 айдын жыйынтыгында турабыз.

Ал эми 2015-жылы кызамыктын күрчүгү (вспышка) болгондо 2672 адам кызамык менен ооруду деп отчет бергенбиз. Ошондогу курч кырдаалдан чочулашып, тез аранын ичинде баш тарткандар өздөрү келип эмдөө алып калышкан.

— Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер арасында кандайча түшүндурүү иштери жүрүп жатат?

— Облустун район-шаарларында эмдөөдөн баш тарткандар боюнча бир топ иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Медицина кызматкерлери, ден соолукту чыңдоо комитеттери менен биргеликте облустун бардык район-шаарларында адамдардын ортосундагы мамиле, эмдөөлөрдүн пайдасы жана вакцинанын курамы туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, телевидение, газета аркылуу жалпы элге жеткирилип жатат.

Ушул жылдын сентябрь айында Сузакта эмдөө боюнча окууларды өткөрүп келдик эле, 247 баш тарткандардан 114 адам калыптыр. Анда айыл өкмөттөрдө элдерге эмдөөлөрдүн ден соолукка пайдалуу жактары боюнча маалыматтар берилди.

Ал эми дин кызматкерлери жума күндөрү мечиттерде эмдөө боюнча маалыматтарды элге таркатып жатышат. А бирок, биздин телевидение аркылуу берип жаткан маалыматтарыбыз, интернетте чыккан маалыматтарга караганда деңиздин бир тамчысындай, аз болууда.

Ошол себептен, биздин интернеттеги маалыматтар аз болуп болуп жаткандыктан, социалдык тармактардагы адамдарга маалымат жетпей калып жатат.

— Вакцинаны албай коюу кандай кесепеттерге алып келет?

- Вакциналарды мамлекет бир топ долларды коротуп сатып алышат. Балдардын келечеги үчүн берилип жаткан бекер вакциналарды албай койгондуктан, азыркы учурда кайрадан кызамык оорусу күч алып бара жатат.

Республикада азыр 530дан ашык бала кызамык менен ооруган болсо, анын ичинен бирөө өлдү. Мисалы үчүн, 10 айда биздин Жалал-Абад шаарында бир үй-бүлөдөн эки бала көк жөтөл менен ооруду. Экөө тең эмдөө алган эмес. Алардын ата-энелери менен сүйлөшкөндө, чоң энеси биз курактагы болгондуктан, ал эмдөө алууга каршы эмес.

Ал эми жаш ата-эне жаңы агымдагы көз карашта болуп, диний көз караштан улам эмдөө алууга караманча каршы чыгышып, эмдөөнү албай коюшкан. Эркектер көбүнчө эмдөө алууга каршы чыгышат.

Кечээ күнү Сузакта шал оорусу менен бирөө ооруканага түштү. Ал да кичинекей кезинде эмдөө албаптыр. Дарыгерлер ошол очокко барып сүйлөшүп, вакцина албаган балдарды эмдөдөн өткөрүштү.

Жаш балдарга кичине кезинде 11 жугуштуу ооруга каршы эмдөө алсаңар, балдарыңар оорубайт деп түшүндүрүп келдик. Облуста 10 айдын аралыгында кызамык менен ооругандын 6 учуру катталды. Алардын 4 Бишкектен, бирөө Россиядан ооруп келгендер, 1 гана бизде ооруп калган.

Жалал-Абад шаарында 15 бала түшүндүрүү иштеринен кийин кайра эмдөөлөрдү алышты. Канча бала эмдөө албай жүрүп, кайра алгандыгын жылдын аягында чыгарабыз.

Ар бир бала өмүрдү сактоочу вакцинаны пайдаланууга укуктуу

Алия Арыкбаеванын берген маалытатына караганда, Кыргыз Республикасында жугуштуу ооруларга каршы профилактикалык эмдөөлөрдү алдын ала киргизүү боюнча мыйзам бар.

Ошол мыйзамдын негизинде биздин жарандар акысыз эмдөөлөрдү алууга укуктуу. Демек, эмдөөгө каршы болгон биздин ата-энелер балдарынын келечегин ойлобой, кичинекей кезинен алардын укугун тебелегенге өздөрү жол коюп жатышат.

«Мыйзамдын 5-беренесине ылайык, эмдөө алуу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт деп жазылган. Учурда кызамыктын күрчүгүүсү күч алып жаткандыктан, эми ушул беренеге өзгөртүү киргизилип жатат. Өзгөрүү кирип калса, ар бир бала эмдөөнү милдеттүү түрдө алышат», — дейт Арыкбаева.

Бирок, Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүнүн 40-үйүнүн, 44-батирин тургуну Шааболотова интернеттеги туура эмес маалыматтарга ишенүү менен өзүнүн 5 баласын эмдетүүдөн баш тартып келе жатыптыр.

Аны менен сүйлөшкөн мезгилде ал өз пикирин мындайча билдирди:

— Диний көз караш деле эмес, эмдөө иммунитетти түшүрөт дегенди интернеттен, китептен окудум. Азыркы чыгып жаткан вакциналар чет өлкөдөн келип жатат. Мурда Союз учурунда вакциналар Орусиядан келчү.

Бир таанышымдын баласы эмдөө алгандан кийин ооруп калып, азыр ооруканалап жүрүшөт. Ошол себептен, мен рисковать этким келбейт. Балдарым кичинесинде алган.

Азыр балдарыма эмдөө алдырткым келбейт. Жоопкерчиликти толугу менен билип турам. Өзүм окуп-билип туруп, рисковать этким келбеди. Буга менин мыйзам түрүндө укугум бар. Ооруп калат деп, балдарымдын иммунитетин коркунучка калтыргым келбеди, — дейт Шааболотова.

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматовдун берген маалыматына караганда, КР Конституциясында «Ар бир адам ден соолугун чыңдоого укуктуу», — деп жазылган.

Ошого карабастан, ата-энелер жаш балдардын эмдөө алууга болгон укугун одоно түрдө бузуп жатышат.

«Эмдөөгө каршы чыгып, балдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдептей койгон үчүн ошол ата-эне жоопкерчиликтүү болушат. Баласынын эркин өсүүсүнө ата-эне жоопкерчиликтүү болуп, ай сайын дарыгерге алып барып өсүүсүн текшертип, эмдөөлөрүн өз убагында алып турушу керек», — дейт Эрматов.

Ислам дини балдарды эмдөөгө каршы эмес

Ал эми Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын фатба бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев ажыга кайрылып, диний көз караштан улам баш тартып жаткан ата-энелер менен кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын сурадык.

— Биз жер-жерлерде эл менен жолугушкан мезгилде, жума намаздарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Исламда — адам ооруп кала турган болсо, өмүрүнүн акырына чейин дары-дамекти алып дарылануусу бар, бул табабат деп коёт.

Табабат бул — исламда дарылануу болот. Медицина, Ибинсина бул — шарыяттан алынган сөз. Адам ооруп калса, укол алып, дарыланууга шарыят тыюу салбайт.

Бүгүнкү күндө эмдөөгө Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат берилип, ал текшерилген болсо, биздин динибизде да ага каршы чыккын дебейт. Ата-эне каршы чыгып, ар кандай тескери пикир билдиргени туура эмес, биздин динибиз каршы чыккан эмес.

Вакцинаны – таза эмес деп айтып жаткандар өздөрү текшерип аныктаган жок. Ошол себептен, мамлекет тарабынан эмдөөнү алсын деп жатса, аны ар бир ата-эне туура көрүп, балдарына алдыртышы керек.

Ата-эне өзү билип туруп, эмдөөнү алдыртпай, балдарынын өмүрүнө зыян алып келсе, кийин өздөрүнө кыйын болуп калат. Ислам өтө ыйык дин. Пайгамбарыбыз айтат:

«Эгерде кайсы бир жамаатта жугуштуу оору пайда болсо, ал жерге кирип барбагыла, ал жерде болуп калсаңар, ошол жерден чыгып кетпегиле!», — деп ачыктан-ачык эле айтып жатат. Демек, ар бирибиз жугуштуу оорулардын алдын алуубуз керек.

Ата-энелердин түшүнүгү кең болсо, балдарынын келечегин ойлоп, минздравтан такталып, аныкталып берип жаткан нерсеге каршы чыккан болбой калат. Билбей туруп эле каршы чыга бергендин өзү болбойт.

«Өзүңдүн наспиңди өзүң кыйба!» — деп хадисте айтылган. Оорунун алдын алып, ымыркай үчүн ата-эне жооптуу болуп эмдөөсүн убагында алуусу зарыл, — дейт Арипидин ажы.

Арпидин Жороев ажы

Балаңыздын денисак болушун кааласаңыз – убагында эмдөө алыңыз

Жалал-Абад шаарындагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмдөө боюнча жогорку даражадагы медайымы Акчайым Отонбаеванын берген маалыматына караганда, акыркы учурларда эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүп бара жатат.

— Мен 27 жылдан бери медайым болуп иштеп келе жатам. Биздин 7 участок бар. Аларга барып, дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Ошого карабастан, кээ бир ата-энелер жогорку билимдүү болуп туруп да, интернеттен окуп алган туура эмес маалыматтардан улам жана эмдөө алгандан кийин боло турган реакцияга шылтоо кылып вакцина алуудан баш тартып жатышат.

Теледен деле айтып жатышат. Бирок, эмнегедир интернеттен окуп алган терс маалыматтарга көбүрөөк ишенишет. Эмдөө алгандан кийин кичине ысытма болот. Эмдөөнүн жооп берүүчү (ответный) реакциясы болуш керек да.

Ар бир ата-эне өзүнүн балдарынын келечеги үчүн жооптуу болушу абзел. Биз ар бир ата-энеге эмдөө алгандан кийин ысытмасы көтөрүлүшү мүмкүн экендигин түшүндүрүп айтабыз.

Баланын ысытмасы чыкса кайсы дарыны кабыл алуу да түшүндүрүлөт. Ошондой эле, бир жумага чейин баланы жуунтууга болбойт. Эмдөө балдарды ар кандай жугуштуу оорулардан сактайт.

Ар бир ата-эне балдарынын денисак өсүшү үчүн кам көрүп, убагында эмдөөлөрүн алып турганы жакшы болот, — дейт Отонбаева.

Шаардын тургуну Айпери Маматкеримова экинчи баласы 2 айлык болгондо шаардагы №3-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмдөө боюнча жогорку даражадагы медайымы Акчайым Отонбаевага эмдөөгө алып келген. Өзү Орусияда төрөп, ал жактан алгачкы эмдөөлөрүн алган.

«Интернетке ишенсең, эмдөө алгың келбейт. Бирок апам, эмдөөнү убагында ал деп өзү жөнөттү. Мен балама эмдөө алуу менен анын келечекте денисак болуп өсүүсү үчүн кам көрөм. Биринчи баламды да эмдөөдөн өткөрүп турам. Ар бир ата-эне өз баласынын келечегин ойлоп, өз учурунда эмдөөдөн өткөрүп турса жакшы болот», — дейт Маматкеримова.

[totalpoll id="81528"]