Баткендин Самаркандек айылынын 70 жаштагы тургуну Козубай Маматов мектеп курагынан бери тикмечилик өнөрүн аркалап келет. Эл арасындагы «чеберчилик эркек кишинин кесиби эмес» стереотибин эбак эле жокко чыгарган аксакал, кемселден тарта кыздардын себине чейин тигет. «Клооптун» журналисттери Элвира Султанмурат кызы жана Дастан Үмөтбай уулу Козубай ата менен жолугуп, аны менен маек куруп келишти.
Самаркандек айылы — Баткен шаарынан 40 километр алыстыкта жайгашкан. Козубай атаны элеттиктердин дээрлик баары тааныгандыктан анын үйүн таап баруу кыйынга турган жок.
Биз барган учур күз маалына туура келгендиктен, аксакал кыздардын себин тигип жаткан учуру экен — буйрутмалардын көп болгондугу үйүнүн кире беришинде үйүлгөн пахтадан байкалып турду.
Жумуштарын бир азга коё туруп, биз менен баарлашууга макул болгон ата эң эле биринчи эки бөлмөгө жыйылган кыздардын себин көрсөттү. Айтымында, булардын ар бирин даярдоого 10 күндөй убактысы кеткен. Беш баланын атасы эки кызынын себин да өз колу менен даярдап, турмуш жолуна узатыптыр.
«Костюм шым, чепкен, масы — бардыгын жасап бере алам. Кыздарга да кийим-кечек тигип берем. Колумдан келгенин баарын жасаймын», — дейт түгүүчү.
«Армияда да ушул кесипти аркаладым»
Жетимиштеги тикмечи тигүүчү машинаны алгачкы жолу колуна 8-классында алган. Ошол мезгилде Самаркандек айылынын мектебинде окуучулар форма кийсин деген буйрук чыккан экен. Эркек балдарга бул эрежени аткаруу кыйын болгон эмес. Алар кара шым менен ак көйнөк кийе башташкан. Кыздарга болсо жалпы форма-фартук тигүү тапшырмасы берилген. Ошондо окуучулар өз алдынча тигип көрүүнү чечишкен. Алардын арасында Козубай Маматов да болгон.
«Үч кыз болуп тиккенди баштадык. Биз сезондо баарына форма-фартук тигип бергенге үлгүрдүк. Бир да окуучу бизге ал үчүн акча берген эмес. Баары ыраазычылыгын билдирип, желкебизди таптап турса, жасай бериптирбиз. Ошентип бир мектептин кыздарын кийинттик», — деп сыймыктануу менен эскерди ал.
Орто билимге ээ болгондон кийин Козубай ата аскерге кеткен. Ал жакта да бул өнөрү пайдасын тийгизген — «жоокерлердин кийим-кечектеринин чоңураагын кичирейтип, жыртыктарын бүтөгөм» . Аскерди өтөп бүткөндөн соң айылына кайтып келип, быткомбинатта бир нече жыл иштеп эл кызматында болгон.
Ошол маалда, 1970-жылдары райкомдун жетекчиси Маматовду өз бөлмөсүнө чакырып, Комсомолдук партияга өтүүсүн сунуштайт. «"Уулум, аябай жакшы кесип үйрөнүптүрсүң, эгерде кимдир бирөөлөр шылдыңдап аны-муну дешсе таштап салбайсыңбы?" деп сурашты. "Жок, таштабаймын" десем, "анда өттүң" дешти».
Партия аны 1972-жылы тикмечилик боюнча билим алып келүүсү үчүн Фрунзеге (азыркы Бишкек) окууга жиберет. Бир жыл кесиптик лицейде билим алгандан кийин кичи мекенине кайтып келген.
«Эркектерге мүнөздүү кесип эмес»
Билим алып келип, Баткен шаарындагы быткомбинатта бычмачыдан жетекчилик кызматка чейин көтөрүлүп 30 жылдай иштеген. Колунда 50гө жакын кыз-келиндер иштеп, Союз тарагандан кийин аксакал айылга келе берген.
«Самаркандектеги Салихов мектебинде кол эмгектен сабак бердим. №34 кесиптик лицейде он жылдан ашуун тигүүчүлүк кесиби боюнча балдар-кыздарды даярдадым. Лицейде 300гө жакын тикмечи чыгардым», — деген тикмечи учурда анын шакирттери ушул кесиптин арты менен үй-бүлөсүн багып, азыркыга чейин ага ыраазычылык айтып турушканын жашырган жок.
Анын окуучуларынын арасында эркек балдар өтө эле аз болгонун белгиледи. Анын себебин эл ичиндеги «тикмечилик эркек кишинин иши эмес» түшүнүгү жашап келгени менен байланыштырат.
«"Эркектерге мүнөздүү кесип эмес" деп айткандар болгон. Аларга "Бул менин өнөрүм, аны менен алектенбесем мен үчүн жашоо жоктой эле" деп жооп берем. Ушул иш менен алектенсем убактымдын кантип өткөнүн сезбей калам. Азыр ойлосом ушунчалык берилип иштейт экенмин. Шылдыңдашса да мейли, колдорунан келсе өздөрү да жасап алышсын. Мен өз арабамды өзүм түртүп келе жатам», — деген аксакал беш баласын окутуп жогорку билимдүү кылган.
«Сага көйнөктөрдү тигип берет»
Козубай аксакал жубайы Мархамат Жороева менен 25 жылдан бери чогуу жашашат. Өзү тикмечилик кылса, жубайы жер төшөккө, жууркандарга пахта салып шырыйт. «Кантип таанышып-табыштыңар» деген суроого колуктусу мындай деп жооп берди: «Ата-энелерибиз аркылуу эле болду. "Ушундай чебер киши бар экен, сен да ошол өнөрдү үйрөнсөң жакшы болмок", "сага көйнөктөрдү тигип берет" деп тааныштырышкан», — деп жылмайды ал.
Үй-бүлө кожейкеси соодагерлик да кылат. Жолдошу экөөнүн колунан жаралган кийим-кечек, тиричилик буюмдарын айылдагы Ишемби базарына алып чыгып сатат. Жумасына бир ирет болчу базарга коңшу Тажикстан жана Өзбекстандан да кардарлар келип кетишет.
«Кыздын себин буйрутма менен жасатуу — бул да замандын талабы. Илгери бизде бирөөгө бербей эле өзү даярдап, өзү бүтүрчү. Коңшу-колоңду чакырып эле арпа-көрпө кылып эле даярдачубуз. Азыр болсо сапаттуу болуусун, кооз болуусун каалашат. Кыздын үйүнө алып барганда гүлдөй болуп турса, бул ата-эне үчүн бакыт да», — дейт жубайы.
«Тигүү цехин ачууну пландап жатам»
Тикмечи жубайлардын балдары ата-энесинин кесибин аркалаган эмес. Бирок беш баланын баары кийим-кечегин чоңойтуп-кыскартканды билишет экен: «Балдарымды тигүүчүлүктү аркала деп кыстаган жокмун. Экөө тарых мугалими болду, бири медайым, бири юрфактты бүттү. Бардыгын окуттум, өздөрү каалаган жумушта иштеп жатышат».
Пенсия курагында болгонуна карабай Козубай ата али да демдүү-күчтүү. Ал саламаттыгынын жакшы экендигин, кыймылынын жеңил болгонун өзүнүн күнүмдүк тиричилиги менен байланыштырат.
«Мен 1973-жылдан баштап иш баштаган болсом, ошондон бери ушул машина мага кызмат кылып келип жатат. Карагыла, сапаты кетип калган жок. Дагы деле иштеп турат, дагы деле жүрүп турат, дагы эле мага акча таап берип жатат. Менин өнөрүмдү улап келип жатат. Убагы менен туруп, малымды да карайм, уюмду карайм, коюмду карайм, дагы келип ишимди кыла берем», — деген аксакал келечекте тигүү цехин ачууну пландап жатат.
Авторлошу: Дастан Үмөтбай уулу