Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде (БААУ) 10-январда World Press Photo көргөзмөсү ачылды. Анда аталган конкрустун жеңүүчүлөрүнүн фотосүрөттөрү көрсөтүлөт. Көргөзмө 24-январга чейин уланат.

World Press Photo — 1955-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фотожурналисттер үчүн эң кадыр-барктуу эл аралык сынактардын бири. Уюштуруучулар жыл сайын жеңүүчүлөрдүн жумуштарынан көргөзмө чогултуп, аны ар кайсы мамлекеттерде көрсөтүшөт.

2018-жылы конкурстун баш сыйлыгын Венесуэллада Николас Мадурого каршы митингде күйүп жаткан кишини тарткан фотосүрөтчү алган.

«Бул фотосүрөттөр таасир калтырат, таң калтырат, ойго батырат, өткөн жылы дүйнөдө болгондорду эске салат. [...] Дүйнө өзгөрөт, технологиялар да өзгөрөт, бирок элдер айланадагы дүйнөнү көрүүгө татыктуу экенине жана өзүн эркин көрсөтө алгандыгына ишенүү сезими өзгөрүлбөйт», — деди Медиа Полиси Институтунун директору Бегайым Үсөнова. Уюм Бишкектеги көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири болду.

Көргөзмө БААУда 11-январдан 24-январга чейин, саат 9:00дон 18:00го чейин ачык болот. Келүүчүлөрдүн жашы 18ден өйдө болушу керек.

2003-жылы World Press Photo конкурсунда Кыргызстандагы фотожурналист Владимир Пирогов (Reuters, «Вечерний Бишкек») байгеге ээ болгон. Анын сүрөтү жалгыз сүрөттүк жаңылык номинациясында экинчи орунду алган.