Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, системанын бир жарым жылдык ишинде 32,5 миң чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга электрондук виза алган.

Чет элдиктер элчилик менен консулдук департаменттерге кайрылбастан визаны интернет аркылуу алышы үчүн 2017-жылдын сентябрында Кыргызстанда электрондук виза системасын киргизишкен.

Чет өлкөлүк жарандар кыргыз электрондук визасын үч күндүн ичинде ала алышат. Ал үчүн www.evisa.e-gov.kg сайтына кирип, визанын түрүн тандап, паспорттогу маалыматтарын жана электрондук дарегин киргизип, сүрөтүн тиркеп, кызматты төлөшү керек.