Өзгөн районунун тургундары Зергер дарыясынын ылайка түскө келип булганышына нааразы. Алардын айтымында, сууга Жалал-Абаддагы Кум-Бел көмүр кенинин калдыктары түшүп аны ичүүгө жараксыз абалга келтирген. Дарыядан тартылган тасма январдын башында коомдук желелерге жарыялангандан көп өтпөй өкмөттүк комиссия түзүлүп, суунун булганышын изилдей баштады.
Зергер айыл өкмөтүндө жети айыл бар: Зергер, Тосой, Аюу-Сай, Биринчи Май, Кайрат, Алтыбай, Токтогул. Алардын ичинен Кайрат жана Токтогул айылдарынан башкасы Зергер дарыясынан пайдаланып келишкен — болжолдуу 11 миң киши.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, суу декабрдын аяк ченинде ылайланып, кум аралаш ага баштаган. Буга алар Кум-Бел көмүр кенинен чыккан калдыктар себеп болууда дешет.
Кен айыл өкмөттөн 45 километр алыстыкта орун алган — Жалал-Абаддын Сузак районунда жайгашкан. Аны 2012-жылы лицензия алган кытайлык «Цзинь Лун» компаниясы иштетип келүүдө.
Зергер айылынын тургундарынын бири Кутманали Көчкөнбаев ичүүчү суу булгангандан бери элеттиктер коңшу айылдарга унаа менен каттап суу алып келүүгө мажбур болуп жатышканын айтты.
«Биз жогору жактан көчкү түшкөн окшойт деп ойлогонбуз. “Барып карап келгилечи, суу иче албай калдык” деп балдарды жөнөттүк. Алар барса Кум-Белден иштетилип чыккан көмүрдүн калдыктары булактын үстүнө төгүлүп, атылып биздин сууга кошулуп агып жатыптыр», — деди ал.
Дагы бир тургун Мукамбай Мырзалиев дарыядан мал да ичпей жатканын кошумчалап, бийлик өкүлдөрүнөн суу маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылууда: «Кум-Белден чыккан топуракты "КамАЗдар" менен ташып жылгага төгүшкөн. Ал жаанда ээрип, бир коктудан экинчи коктуга өтүп, сууга кошулуп агып келген».
Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болотбек Дыйканбаев Кум-Бел кени Зергер дарыясын булгап жатканын ырастады. Бирок элеттиктер ал суудан ичүүгө көп деле пайдаланбайт дейт.
«Өзү Зергер айылы ал дарыядан суу көп ичпейт. Колоттордо чыккан тунук сууну ичишет. Ал дарыя жазгы күндөрү да кара, ботко агат. Ошол маалда алар эмне суусуз калды беле?», — деген аткаминер дарыянын булганышын көмүр кенин ачууга уруксат берилип жатканда ойлонулушу керек болчу деген пикирде.
«Биз лицензия менен келген ишкерлерге тоскоолдук боло албайбыз. Анткени биздин мыйзамдарда “Ишкерлерди колдоо” деген бар. Ал жерлер Өзгөнгө да карабайт, 1986-жылы Жалал-Абад облусуна өтүп кеткен», — деп сөзүн жыйынтыктады Дыйканбаев.
Кум-Бел кенинин иши токтотулду
Кум-Бел кенинин өкүлү Өмүрбек Касымбеков «Клооптун» журналистине курган маегинде Зергер дарыясы булакка төгүлгөн көмүр калдыгынан улам булганганын тастыктады. Ал көмүр казуу иштери 3-январда суу тунуганга чейин токтотулганын билдирди.
«Суук кезде тоңуп калган булак көрүнгөн эмес. Күн жылыганда, булактын башы ачылып кеткен, ошондон улам суу булганган. Азыр биздин биринчи максат сууну тундуруу. Экинчи — айылга суу чыгарып берели деп атабыз. Тунутуу иштери жүрүп жатат, жолдорун тазалап, түтүкчө, баарын камдап атабыз. 2-3 күндө буйруса суу тунуп калат», — деп ишендирди ал.
Эколог Болот Каримов көмүрдү экологияга терс таасирин тийгизбей өндүрсө болот дейт: «Негизи жердин кыртышын бузбай, элге зыянын тийгизбей өндүрсө болот. Дүйнөлүк практика деген бар. Ичин казып кирип жабык ыкма менен астынан казып көмүр өндүрүү керек. А бизде топурактын, жердин үстүнөн эле эң жөнөкөй жол менен казып жатышат. Жаратылышка терс таасири өтө жогору: аба булганат, жердин кыртышы бузулат, өсүмдүктөр азайып, жан-жаныбарлар орун которуп кетип калышат».
Өкмөттүк комиссия Кум-Белдеги абалды изилдейт
Зергер дарыясы тууралуу тасма интернетке жарыялангандан кийин окуяга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көңүл буруп, анын тапшырмасы менен суунун булганышын изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Анын курамына Транспорт министрлиги, кен иштетүү мамлекеттик комитети, мамлекеттик экотех инспекциясы жана өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.
«Суунун ылайлануусун аныктоо үчүн тийиштүү үлгүлөр алынды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Кум-Бел көмүр кенинин мындан аркы иши боюнча тиешелүү сунуштар киргизилет», — деп билдиришти өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы