2019-жылдын февралынан тарта мектеп жашына келген балдарды онлайн каттап, биринчи класска тапшыртса болот. Мектепке катоо жана киргизүү бекер болууга тийиш.

Балдарды мектепке киргизүүнү жеңилдетүү жана коррупция менен күрөшүү үчүн Билим берүү министрлиги 15-февралдан тарта www.mektep.edu.gov.kg сайтында электрондук каттоону ишке киргизет. Алгач электрондук жазылуу Бишкекке, андан кийин башка шаарларга да киргизилет.

Каттоо дагы, баланы мектепке киргизүү дагы бекер болот. Ата-энеси баласын каалаган мектепке жаздыргандан кийин арызынын статусун онлайн текшере алат.

Эгерде арызда ката кетирилген болсо, арыз жибергендин электрондук дарегине кат келип, кетирилген катаны оңдоого үч күн убакыт берилет. Эгерде арыз кабыл алынса дагы почтага далилдөөчү кат келет. Баламды негизсиз албай коюшту деп эсептеген ата-энелер билим берүүнүн райондук бөлүмүнө кайрыла алышат.

Бала мектептин жер тилкесине чектеш жашабаса дагы каалаган билим берүү мекемесине тапшыра алат. Бирок, арыздарды карап чыгууда алгач мектептин районуна чектеш жашаган балдар кабыл алынат.

Мекенине кайтып келген жана кайрылман статусу бар этникалык кыргыздар жана аскер кызматчылардын балдары тапрышууда жеңилдиктерге ээ болот.

Алардын билдирмеси ошол аймакта катталган балдардын арызы менен бирге каралат — 15-февралдан 15-майга чейин. Ал эми 16-майдан 15-августка чейин окуу жайына чектеш эмес микрочустоктордо жашаган балдардын арыздары каралат.

Баланын мектепке тапшыртуу арызын ата-эне гана эмес, ага камкорчулук кылган туугандары да бере алышат.

Мурда Билим берүү министрлиги бала бакчаларга тапшыртуу үчүн электрондук жазылууну ишке киргизген. Долбоор 2018-жылы жазында ишке киргизилип, биринчи Бишкек боюнча гана иштесе, күзүндө Ошто дагы жеткиликтүү болуп калган. Азыр система Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы бала бакчаларга киргизилип жатат.