Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү болгон төрт өлкөдөгү жаңы элчилерди дайындады — Орусия, Кытай, Түштүк Корея жана АКШ. Жаңы элчилер кимдер экенин кыскача түшүндүрүп беребиз.

Жээнбеков жаңы элчилердин дайындалышы боюнча жарлыкка 15-январда кол койду.

АКШдагы элчи — Болот Отунбаев

Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууган иниси Болот Отунбаев дайындалды. Отунбаев бул кызмат орун үчүн Орусия, Армения, Финляндия, Дания, Норвегия жана Швециядагы элчи кызматынан кеткен. Ал өзүнүн карьерасын 1998-жылы Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) баштаган — ошол убакта Отунбаев Орусиядагы элчинин биринчи катчысы болчу.

Орусиядагы элчи — Аликбек Жекшенкулов

Орусиядагы элчи кызмат ордун Аликбек Жекшенкулов ээледи. Элчилик Жекшенкулов үчүн дебют эмес — ал Аскар Акаевдин президенттигинин тушунда Австриянын элчиси болгон. Кийинчирээк, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда Жекшенкулов ТИМди жетектеген. Мындан кийин ал Өнүгүү жана саясат боюнча эл аралык агенттиктин директору болуп иштегенге жетишип, андан соң Бакиев менен чогуу оппозицияга кеткен.

Кытайдагы элчи — Канайым Бактыгулова

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп Канайым Бактыгулова дайындалды — ал ушул эле кызматта 2013-2017-жылдары иштеген. Бактыгулова ТИМде 1996-жылы иштеп баштап, ар кайсы кызмат ордуларын ээлеген. 2012-жылы Тышкы иштер министринин кеңешчиси болгон.

Түштүк Кореядагы элчи — Динара Кемелова

Бул кызматты Динара Кемелова ээледи. Ал мурда Тышкы иштер министринин орун басары болчу. Кемелова 1993-жылы ТИМдеги бир бөлүмдүн катчысы болуп иштеп баштап, 2010-жылы эл аралык экономикалык кызматташтык департаментин жетектеген.