©UNICEF Kyrgyzstan/by Alexey Osipov/2016

Материал Кыргызстандын Дата мектебинин өнөктөштүк долбоорунун алкагында жарыяланат жана «Клооптун» редакциялык материалы болуп эсептелбейт.

Республикабызда жыл өткөн сайын балдарын эмдетүүдөн ар кандай себептер менен баш тарткан ата-энелердин санынын көбөйүп бара жаткандыгы коомчулукту кооптондуруп келүүдө.

Мисалы, 2017-жылы Республикалык Иммуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын билдирүүсүнө караганда 6800 ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартышыптыр.

Андыктан эмделбей калган балдар аркылуу жугуштуу оорулар таралбайт деп ким кепилдик бере алат. Анын үстүнө эмделбеген балдар жугуштуу ооруларды тез кабыл алып, башкаларга да жугузуучу булак болуп эсептелет деп дарыгерлер коркунучтун коңгуроосун кагууда.

Мына ушуга байланышкан көйгөйлүү көрүнүштөр тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп Талас областынын иммунно дарыгери Дамира Алиевага бир нече суроолорду узаттык.

- Дамира Токтосуновна, балдарды эмдөө жагы облустун аймагында кандай жүрүүдө?

- Учурда областыбыздагы ар бир айылдарында балдарды эмдөө иштери кызуу жүргүзүлүүдө. Азыркы күндө эмдөөнүн көрсөткүчү областтык деңгээлде алганда канааттандыраарлык.

Анткен менен Талас шаарында гана 470 ата-эне эмдетүүдөн баш тартышкандыгы жакшылыктын жышаанасынан кабар бербейт. Бүгүнкү күндө шал, кызамык, чечек ооруларынын инфекциясы жок кылынган.

Кудай сактасын, эгерде ошондой инфекциялар чыгып калса биринчи кезекте дал ушул эмдөө албагандар чоң жапа чегээринде шек жок. Вакцина жагы жетиштүү, баарына бекер салынууда.

— Айтмакчы, вакцина деген эмне, анын составында эмнелер бар, ушуга кыскача токтоло кетсеңиз?

— Вакцина — бул жугуштуу ооруга иммунитет жаратууга багытталган медициналык иммунобиология каражаты болуп эсептелет.

Вакцина алган балага ооруга каршы 10 жылга жете тургандай иммунитет жаралып, оору жугуп калса да ал жеңил өтөт. Бир эле вакцина менен беш инфекцияны дарылоого болот.

Негизинен вакциналар тирүү, өлүк, алсыздандырылган болуп өз ара үчкө бөлүнөт. Анын курамында аллюминий туздары, антибиотиктер, консерванттар бар.

— Булар кайда сакталат, кайсы өлкөлөрдөн алынып келинет, анын кепилдиги барбы?

— Вакциналар Франциядан, Индонезиядан, Япониядан, Швециядан, Түштүк Кореядан, Болгариядан сертификаты менен алынып келинип, атайын муздаткычтарда сакталат.

Эгерде кокусунан электр тогу өчкөн күндө да үч күнгө чейин эч бузулбайт. Муздаткычтын ичиндеги ваксиналарды атайын дайындалган медайымдар күн сайын көзөмөлгө алып турушат.

— Ата-энелердин балдарын эмдетүүгө каршы болуусуна эмнелер себепкер болууда?

— Алардын көпчүлүгү диний көз караштан, маалыматтын жоктугунан, анан вакцинанын сапатынан күмөн санашууда.

— Сөзүңүзгө аралжы, Кыргызстандын муфтиятынын өкүлү Бактияр Токтогазы уулунун айтканына таянсак, анда курандын хадистеринин эч жеринде эмдетпегиле деп айткан жери жок тура?

— Исламда баланы эмдөөгө албетте, тыюу салынган эмес. Маселен, ислам өлкөсү болгон Сауд Аравиясы менен Түркияда вакциналар кеңири колдонулууда.

Иран өлкөсү алгачкы жылдарда каршы болгону менен кийинчерээк муктаждыктан улам колдонууга аргасыз болгондугу буга сонун далил боло алат.

Ал түгүл ажылыкка бараткандар деле эмдетүүдөн өтүп жатышпайбы.

— Дамира Токтосуновна, силер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, молдолор менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсөңөр болбойбу?

— Арийне болот, жакында Таласка Кыргызстандын муфтиятынан өкүлдөр келиши күтүлүүдө, ошондо биргелешип иш жүргүзөлү деп жатабыз.

Былтыр ар кандай диндердин өкүлдөрү, ушуга тиешеси бар мекеме-уюмдардын кызматкерлери менен тегерек стол өткөргөнбүз. Эң башкысы түшүндүрүү иштерин жакшы жолго коюбуз абзел.

Бул үчүн силерге окшогон журналисттердин көмөгү сөзсүз керектигин баса белгилеп кетмекчимин.

[totalpoll id="81532"]